МАНДАТ ТАЛАШ: ЖУМАЛИЕВА ИСАЕВДИ СОТКО БЕРДИ

Өткөн аптада мандатынан кол жууп калган Жогорку Кеӊештин депутаттары Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова 15-январь күнү депутаттык ыйгарым укуктарын сот аркылуу кайтарып алышты. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту БШКнын аталган эки эл өкүлүнүн мандаттан ажыратуу чечимин жокко чыгарды. Сот өз чечимин Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын талапкер кезинде жазган арыздарынын юридикалык күчү жоктугуна таянып чыгарды. Бирок БШК Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы чыгып, Жогорку Сотко кайрылды. Жогорку Сот бул ишти 21-январда карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Башкача айтканда, аларга мандаттар кайтарылып берилбей турган болду.
Буга катар Эльмира Жумалиева «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаевди «жасалма документ жасаган» деген жүйө менен сотко берди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jemile
2016-01-25 12:11:22
Бирин-биринин былыгын чукуй башташты го булар, башында ойлонуш керек эле да..Өтүп эле алсак бирдемкеси болот кылбай..
Тообо-тообо, ушундай кантип болсун, 6 айдан бери депутаттар ордун табалек...

Мектепте стол,орун талашчу элек...1-сентябрда барып алып...
0
mr.cana
2016-01-26 10:38:27
jemile, Аларда окуучулук күндөрүндө парта талашкан, эми чоңоюп кресло талашып жатат да ;-)
0
bahbrat
2016-01-25 12:49:20
Кудайдан коркпогон неме экенсинерго. Талапкер болгондо берген антынарды кресло учун кечип атасынар. Мындай адамдардан жакшылык кутуп болбойт. Себеби кресло учун анттан тайган адам элин ойлоп да койбойт.
0
aiko88.10
2016-01-26 02:01:36
Биринин артын бири чукумай али буто элекпи?! Жарым жылдан бери кресло талашып убара, эми эмне кыйратышмак эле...Саны бар,сапаты жоктор...
0
Ssinz7
2016-01-26 08:50:41
Мм. Депутаттардын да отугун торго илдирип коюш керек экен. Отугун коргон сайын эсине келип турушат беле?
0
amanatym
2016-01-26 10:09:19
озунор эле тарап кеткилечи уже
0
Sezim.A
2016-01-27 08:47:33
Кудайдан коркуу деген жок окшойт буларда.6 ай убакыт отсо да али оз ордунарды таба элексинер,жумуш кылуу бул жакта турсун.Айлык болсо кетип атат ойдогудай.Биринди биринди же!
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан