HOTEL CALIFORNIA» ХИТ ЫРЫНЫН АВТОРУ ГЛЕНН ФРАЙ КАЗА БОЛДУ
«Eagles» америкалык рок-тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири, «Hotel California» аттуу хит ырдын жаралуусуна салым кошкон гитарист Гленн Фрай 67 жашында дүйнө салды. 18-январда Нью-Йоркто каза болгон музыкант жашоосунун акыркы күндөрү муун оорусу, ашказан жарасы, өпкө оорусу менен күрөшүп келген. Эске салсак, Гленн Фрай менен барабанчы Дон Хенли 1970-жылдардын башында «Eagles» тобун негиздешкен. Топ 1980-жылы чачырап, 1994-жылы кайрадан бириккен. Топ тарап кеткен учурда Фрай жеке карьерасын ийгиликтүү баштап, 1982-жылы «No Fun Aloud» аталышындагы биринчи альбомун чыгарган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mediziner
2016-01-25 11:11:16
Жаткан жери жайлуу болсун!
+10
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.