ЭРКЕКТЕР, КРИЗИСТЕН АБАЙЛАГЫЛА!

Адам баласынын өнүгүүсү, жаш курагынын бөлүнүшү тууралуу бир нече вариант бар. Психолог Кеӊешбек Усенов жаштыктын экинчи мезгили катары 25-35 жашты, 36-60 жашты орто курак, ал эми 60тан жогору улгайган курак деп эсептейт. Бүгүн биз орто куракка токтолууну чечтик. Окумуштуулардын айтымында, бул куракка кадам таштаган учурду аялдарга караганда эркектер оор көтөрүшөт.

ОРТО КУРАКТАГЫ КРИЗИС ДЕГЕН ЭМНЕ?
Адамдардын турмуш жолу ар башка, бирок алардын жашоосунда психологиялык кырдаалдын жалпы окшоштугу байкалат. Орто жаштагы адамдын көз карашы калыптанып, жашоонун мазмунун аныктап, турмушка чечкиндүү кадам таштап жаткан учуру. Мисалы, жаш кезде кетирген жаӊылыштыгын кайталабайт. Ошого карабай орто курак мезгилинде ажырашуу, араздашуу, таарынышуу өӊдүү жагымсыз иштер орун алып, кризис башталат.
«36 жашка чыктыӊбы, сенде кризис, эркектердин баары кыйналат» деп аныктама коюу да туура эмес. Бирөө бул кырдаалга эрте, кээ бирлер кеч тушугат (3-5 жыл аралыгында өтүп кетет). Ар ким генине, мүнөзүнө, жашоону кабыл алуусуна, үй-бүлөсүнө, жумушуна байланыштуу ар түрдүү кабыл алат.
Орто куракка келген эркектер эки кризисти башынан өткөрүшөт.
Биологиялык кризис. Эркектердин организминде жыныстык гормондордун бөлүнүшү азаят. Гормоналдык өзгөрүүдөн улам иш жөндөмдүүлүгү жайлап, эс-тутуму начарлап, өнөкөт оорулар күч алып, кыскасы, жашоонун сапаты начарлап, эркек өзүн жаман сезе баштайт. Айрымдары бул куракта аялдарын чанып, жаш кыздарга ыктап, жашаргысы келет. Бул өзүмчүлдүк, жаштыгын кармап калуу үчүн жан далбастоо. Жашы өйдөлөп калган эркектердин «жаш кыздар менен болуу башкача жыргал» деген
сыяктуу сөздөрү жөн гана жомок. Чындыгында канча жаштагы аял менен болбосун окшош эле ырахат алышат.
Социалдык кризис. Психологдор менен социологдор эркектин 50 жашка чейинки жетишкендигин өзүнүн кесибиндеги, аракетиндеги чоку деп эсептеп келишет. Бул курактан өтүп социалдык акыбалын жакшырткандар бар, бирок аз. Анткени жаш кездегидей энергия жок, ой жеткен жерге кол жетпей калган учур болот. «Буга чейин мен эмне кылдым, кандай иштерди жасадым, кайсы максатыма жетпей калдым?» деп өзүнө-өзү отчёт берип, жашоосун териштирип жаткан мезгил. «Менин чама-чаркым ушуга эле жеттиби, мындан ары өсө албаймбы?» деген суроо да түйшөлтөт.

КРИЗИСТИН БЕЛГИЛЕРИ

  • Курсак чыгып, бетке бырыш түшө баштайт. Үйгө келип, босогону маанайы жок аттоо адатка айланат. Көп сүйлөбөй, өз ою менен алпурушканды жактырат. Чарчап, эч нерсеге көӊүлү чаппайт. «Чарчадым» деген дайымкы сөзүнө айланат.
  • Тегерегиндегилерге толук кандуу жаш экенин көрсөткүсү келип, үй-бүлөсүнө көӊүл бурбай, убактысын жаш кыздар менен көӊүл ачууга жумшашы мүмкүн.
  • Гардеробду жаӊыртууну деле ойлошпойт. Эгер жаӊы алгысы келсе, жаштардын кийимин жактырып сатып алат. Ал гана эмес, жаштардын жаргон сөздөрүн колдонуп сүйлөй башташы мүмкүн.
  • Бул куракта эркек жашоодон кайрадан өзүн издейт. «Менин колуман бул гана эмес, көп нерсе келет» деп далилдөөгө умтулат.

КРИЗИСТЕН КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?

  • Бул кризисти кай бирлер ушундай болуу мыйзам ченемдүү көрүнүш деп кабыл алса, айрымдар «эмнеге мындай болуп жатат?» деп себептерин изилдей баштайт. Себептерин изилдегендер бетине крем сүйкөп, спорт менен машыгууну туура жол деп табат. Мындай алектенүү депрессиядан алыстатат.
  • Аялыӊыздын «бузулдуӊ, мурда мындай эмес болчусуӊ, бирөөнү таптыӊ, мага көӊүл бурбай калдыӊ» деген сыяктуу сөздөрү ого бетер кыжырыӊызга тиет. Мындайда турмуштук кызыгууларыӊызды арттырып, музыка угуп, спорт менен алектениӊиз.
  • Жадакалса аялыӊыз менен да сүйлөшкүӊүз келбей калышы мүмкүн. Уруш чыкпасын десеӊиз, аялыӊыздын көӊүлүн улап, сөзүнө маани берип угуп жаткандай түр көрсөтүӊүз, ал мамиле кайра эле өзүӊүзгө кайтат.
  • Хоббиӊиз барбы? Жок болсо кандай иш жасаганды жактырасыз, тезинен аныктап, алектениӊиз.
  • Жакындарыӊыз, досторуӊуз, мисалы, театрга, кафеге, бассейнге чакырса каршы болбоӊуз. Кырк жаштан эле жашоо токтоп калбасын түшүнүӊүз.
  • Кандай аракеттерди көрбөӊүз бул куракта сексуалдык каалооӊуз азаят. Өзүӊүздү алаксытуу максатында жаш кыздарга көӊүл буруунун ордуна «балдарымдын энеси кандай сулуу, мээримдүү, ал бар үчүн үй-бүлөм ушундай деӊгээлге жетти» деп ойлонууга аракеттениӊиз.
  • Мындай мезгилден чыгуунун эӊ башкы куралы – аялыӊыз. Ал баарын түшүнүп, кыял-жоругуӊузга чыдап, колдоп турса, убакыттын өтүшү менен баары калыбына келет.

АЯЛДАРГА КЕӉЕШ

  • Күйөөсүнүн өзгөргөнү­нөн улам өзүн алаксытуу үчүн ар кандай көӊүл ачуулар, компьютердеги оюндар менен достошуу, курбулары менен жөнү жок эле тез-тезден жолуга берүү, ар кимге күйөөсүн жамандай берүү отко май куюу менен барабар.
  • Кемсинтүү, басынтуу, келекелөө, шылдыӊдоо ортодогу мамилени суутуп коёт.
  • Көз жашын көлдөтүү, айрыкча күйөөсүнүн жанында бышактап ыйлоо жагымсыз. Үйдө баары жакшы деген кейипте өзүн алып жүрүү жакшы жыйынтык берет.
  • «Качан өзүнө келет, качан жакшы сөздөрүн арнайт?» деп күтүп отура бербей, аял өзү биринчи күйөөсүнө жакшы көрөрүн, ал үйдүн тиреги экенин кайталап айта берүүсү керек.
  • «Эгер сен мурунку калыбыӊа келип, өзгөрбөсөӊ, ажырашам» деп аял эч качан айтпашы керек. Эмоция менен айтканын эркек «эмоцияга алдырды» деп түшүнбөйт. Анан өзү ажырашуу арызын жазып жооп кайтарышы толук мүмкүн.
  • Эркектин бул акыбалы үчүн аял өзүн күнөөлөбөгөнү дурус, анын тиешеси жок.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
kobra86
2016-02-01 13:23:04
Ааа тушунуктуууу ммм...
0
agarai
2016-02-01 17:04:21
Менин куйоомдо 35 жашында эле башталыптыр да, коп белгилери окшош экен, айрыкча эч канча жумуш жасабаса да "чарчадым" деген созу адат болуп калганы, алсыздыгы, анан да ар жерин бир айтып эле ооруп жатам дей берет
+1
strangergirl
2016-02-02 00:14:29
даа, тушунуктуу, биз ажыраштык, демек ал кризиске чалдыгыптыр...
0
Nasyrkg
2016-02-02 12:50:59
Кудайым буйурса мен ушул мезгилден отуп баратыптырмын эми кайра жашарат экем урааа эхх кризис кризис эмне деген уйкусуз тандарды атырдын эмне деген кридиттерди толоттун
0
rozka
2016-02-02 21:31:34
Жакшы кенеш экен . Менин куйоомо да качан кризис келет экен деп караап журом . Эркеке ишенгиче эки босогоно ишен дегендей чыдайлы эми Айымдар
0
nurii
2016-02-03 15:41:17
Чын эле тушунбой ар нерсе оуйма келчу.Корсо кризис олгур турбайбы.Акырындап чыгып баратыптырбыз кризистен.Кичине токтоолук кылып кутуп койсок баары артта калчу эле нерсе экен. Биз откордук ал кундорду.
0
Aytur
2016-02-04 00:24:49
Жолдошума созсуз окутам ушуну анан кризис башталганда ойу бузулуп кетпесин:-)
0
Mercedes.Benz7777
2016-04-08 18:16:04
Адамдын озунон акыл уйротпой эле койсо болот интернет
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан