ШОУ ЧӨЙРӨНҮН ИНТЕЛЛЕКТУАЛ МЫРЗАЛАРЫ

«Атактуу болуу үчүн келишимдүү келбет жана талант болсо жетиштүү, билимдин кереги жок» дегендер бар. Бирок бул түшүнүктү четке кагып, бир канча жогорку билими менен шоу чөйрөдө ийгилик жаратып жаткан мырзалар менен таанышып алыӊыз.

КОТОРМОЧУ РАСУЛ МЫРЗАТЕГИН

Туулган жылы – 1989-жыл, 25-декабрь
Билими – Бишкек гуманитардык университетинин европалык цивилизация факультетинин котормочу адистигин аяктаган. Учурда Кыргыз улуттук университетинин
экономика жана экономиканы башкаруу факультетинин 1-курсунда окуп жатат.
Билген тилдери – Кыргыз, орус, казак, англис
Учурда – «Миӊ кыял FM» радиосунун ди-джейи

Расул мектепке бара электе эле тамга таанып, жомок окуганды, санаганды үйрөнгөн. Китепти колунан түшүрбөгөн өспүрүм орус тилинен олимпиадаларга катышып, мектепти кызыл аттестат менен аяктаган. Жогорку окуу жайдан англис тилин өздөштүргөн ди-джей студент кезинде өз кесиби менен котормочу болуп иштеп көргөн. Англис тилин суудай билген Расул чет өлкөгө чыкканда кыйналбайт, жадакалса бир тойду 4 тилде алып барат.
«Чыгармачылык талант адамда байыр алса ошого ыктап туруп алат экен. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай иш-чараларды уюштура калып, концерттерди алып барып жүрүп радио, теле жаатына кызыгуум пайда болгон. Бул каалоом радиого жетелеп келгенден кийин чыгармачылык өзүнө тартып, элдин колдоосуна, демине байланып калдым»,- дейт.

ПРОГРАММИСТ САНЖАР МЫКЫЕВ

Туулган жылы – 1989-жыл, 3-апрель
Билими – Ататүрк Ала-Тоо университетинин жаӊы технологиялар бөлүмүнүн компьютердик инженерия факультетин аяктаган.
Билген тилдери – Кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
Учурда – Тамашоучу, тамада, алып баруучу, тасмалардын продюсери

Санжардын билимге дилгирлиги мектеп партасынан эле башталып, республикалык олимпиадада информатика сабагы боюнча 2 жыл катарынан 1-орунга ээ болгон. 2007-жылы курама команда менен Румыния, Хорватияга барып эл аралык олимпиадаларга катышкан. Университетте окуп жүргөндө 4 студент менен бирдикте Стамбулдагы Фатих Султан Мехмет университетинин чет өлкөлүк студенттерине түрк тилин оӊой үйрөткөн программа жасап беришип, бул эмгеги үчүн 2 миӊ доллар алышкан. Дипломдук ишинде болсо Кыргызстанда биринчилерден болуп өзү  үн коштоп, азиздерге кыргызча аудиопрограмма жасаган. Мындай билим деӊгээли менен Санжар өз кесибинде да бир топ ийгилик жаратмак, бирок ал чыгармачылыкты тандаган. «Программисттерге жумуш табылат, маянасы да жакшы. Мен «жасап жаткан жумушуӊ жагып туруш керек» деген принцип менен жашайм. Күнү бою компьютерди кадала тиктеп программа жасоону жан дүйнөм каалаган жок. Бул нерсе азыртадан эле жакпай жатса кийин бактылуу боло албайм деген жыйынтыкка келип, шоу чөйрөгө аралашып кеттим. Анткени эл менен сүйлөшүп, алардын арасында жүргөндү жактырам»,- дейт.

ХИМИЯНЫ ЧАККАН ЭРКИН РЫСКУЛБЕКОВ

Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 4-февраль
Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультети
Билген тилдери – Кыргыз, орус, түрк, англис
Учурда – Телеалпаруучу, тамада

2014-жылы «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «Жылдын ТВ персонасы» деп табылган Эркин мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүрүп, жогорку окуу жайда президенттик стипендиянын ээси болгон. Так илимдерге, адабиятка кызыккан ал математика, орус тилинен облустар аралык олимпиадаларга катышып, алдыӊкы орундарды камсыздаган. Атүгүл химияны да жакшы көргөн Эркин азыр бул боюнча инилерине сабак өтүп коёт экен. «Жарнама жаатындагы адис болмокмун, бирок бул тармак боюнча менден жакшы кызматкер чыкчудай эмес. Анын үстүнө пенде болгондон кийин акчасы көп жер кызыктырат турбайбы»,- дейт чыгармачылыктан ордун тапкан Эркин.

МАТЕМАТИК БАКЫТ ОСМОНКАНОВ

Туулган жылы – 1987-жыл, 2-февраль
Билими – Кыргыз эл аралык университетинин менеджмент жана бизнес башкаруу, юриспруденция ошондой эле эл аралык дипломатия факультеттерин аяктап, экөөсүн кызыл диплом менен бүтүргөн.
Билген тилдери – Кыргыз, орус, англис
Учурда – Тамашоучу, алып баруучу, тамада, режиссёр

3 жогорку билимдин ээси болгон Бакыт бала бакчада эле миллионго чейин санаганды билерин айтат. Математика сабагы боюнча олимпиадаларга катышып, алдыӊкы орундарга татыган. Мектепти жалаӊ 5 деген баага окуп, алдыӊкы окуучулардан болгон. Жогорку окуу жайды аяктаган соӊ өз кесиби боюнча 1 жыл кеӊсе кызматкери болуп иштеп, андан тажап чыгармачылыкка ыктап кеткен. «Мен бирөөгө иштегим келбейт. Өзүм жеке ишкерлик менен алектенүүнү каалайм. Мээӊде канчалык маалымат көп болсо, ошончолук кенен ойлоносуӊ. Азыр алган билимдерим тасмалардын сценарийин, юмор жазганда жардамын берип келет»,- дейт Бакыт.

 

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
strangergirl
2016-02-01 14:13:27
Апеей Рыскулбеков ошондой бекен??? Мен аны качан уйлонот деп журсом?! Расул ктркда кыргызча жанылыктарды алып бара баштаптыр, баракелде Рас байке, изденип алдыга жылат деген ушу...
0
ayper
2016-02-01 14:42:10
Аябай чон корунот экен эркин мн расул
+2
kuu-1005
2016-02-01 16:47:12
Азаматтар! Суктанам! Жон гана алып баруучу эмес жогорку билимдуу экен!
+1
Mediziner
2016-02-01 18:16:48
Тил билген албетте жакшы. Бирок аны да өз орду менен колдоно билүү керек. Расул Мырзатегинди көп байкайм, кыргыз тилдүү радиодо иштегени менен түз эфир учурунда башка тилерди аралаштырып, анын үстүнө акцент менен сүйлөйт. Муну өзүн көрсөткөндүк деп билем, Акыл Ирсалиев кыпкыргызча эле сүлөйт го, кантип сүйлөөнү андан үйрөнсө болмок!
+10
jikitai
2016-02-01 21:23:02
Санжар азаматсын иним!!!!
+1
Seyitira8186
2016-02-01 21:33:49
Ай булар ЖИГИТКЕ ЖЕТИМИШ ОНОР АЗ деген макалга мисал болчудай жигиттер экен.супер эми айымдарды да чыгаргылп
+1
aku
2016-02-02 00:13:22
Расул мен буткон ФЕЦ ти буткон турбайбы,жакшы жакшыыы
0
airada
2016-02-02 04:22:04
Баары билимдуу балдар турбайбы.
Ийгилик!
0
Aksy-13
2016-02-02 09:19:05
азаматсынар Кыргызстандын келечеги силердин колунарда, силердей жаштарыбыз кобоюп ичип чеккендер онолуп калса кийинки КРны ото жакшы элестетууго болот! Тил билгиле бирок керектуу жерде колдоно билгиле! Билимдуу адам барыбир алдыда болот!
0
zara-919
2016-02-02 11:53:00
чынында суктанчудай жигиттер экен. эч жумуш таппай тамашоуго келген го деп ойлочумун .. оюм 100% га озгорду..
+1
Symbaaatik
2016-02-02 12:03:11
Azamattar dagy da kop kop iigilikterdi jarata berinizder
0
Beka95
2016-02-02 19:24:12
Бакыт байке Мен окуган универде окуган экен МУК кубандырат. Ал эми Эркин байке менин жердешим Ноокен тараптан болот кубандырат. Расул байкенин эфирди грамотный алып барганын сыйлайм. Баарыныздар бар болунуздар ийгилик.
0
ZANIA-92
2016-02-03 22:27:03
Ушул чыгармачыл адамдардын билим денгээли томон болгондой эле сезиле берчу корсо билимдуулор деле жок эмес турбайбы, Урмат Усенов деле билимдуу болуш керек
+1
asi.gulum
2016-02-03 23:44:29
Админ Кыргыз Двор Позитиф ушул командадагы жигиттерден интервью алгылачы сураныыч!!!
-1
admin_superstan
2016-02-04 12:02:57
asi.gulum,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз:
"Позитифф" Актан Рыскелдиев:«КЭЭДЕ САХНАГА ЖЫРТЫК БАЙПАК МЕНЕН ЧЫГАБЫЗ» http://www.super.kg/article/show/27129
«Кыргыз двор» командасы: «ТАМАШОУнун» ЭӉ ЖАЛКООСУ БИЗБИЗ» http://www.super.kg/article/show/34533
0
Musulmanka.
2016-02-04 21:30:42
Азаматсыздар! ийгилик!
-1
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан