КЫРГЫЗ КЫЗЫ ЖАСАГАН ШУРУЛАР ЕВРОПАДА САТЫЛУУДА

Шуруларга жан киргизип, өз колу менен түрдүү бижутерияларды жасаган таланттуу кыздар тууралуу буга чейин жазган элек. Дал ошондой колу алтын кыздарыбыздын катарын бүгүнкү каарманыбыз Салтанат да толуктайт. Анын жасаган эмгектери бүгүнкү күндө Европада сатылууда.

Каарман тууралуу...
Тынарбек кызы Салтанат 1990-жылы 17-июнда Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жарыкка келген. Кесиби боюнча англис тилинен котормочу. Үй-бүлөлүү, 1 уулдун энеси.
– Салтанат, өз кесибиӊ котормочу экен, кандайча кол өнөрчүлүккө ооп кеттиӊ?
– Чындыгында, айымдар үчүн асем буюмдарын жасап, алардын дизайнын ойлоп табам деп такыр ойлонгон эмес элем. Апам бош убактысында шырдак, пардаларды тигип калат. Менимче, мендеги шык апамдан өтсө керек. Бижутерия жасоону мындан 1 жыл мурун эле баштагам. Окуумду аяктаарым менен турмушка чыгып, үйдөн англисче тексттерди которуп иштеп жүрдүм. Кийин балалуу болдум. Ошол кезде өзүмдү өзүм издеп баштадым окшойт, бир нерсе менен алектенгим келди. Анан бир күнү сыналгыдан голливуд актрисасынын моюнундагы тагынчакты көрүп аябай жактырып калдым. Интернеттен издесем, ал колго жасалган буюм экен. Ошол тагынчак мага эргүү тартуулады. Базардан керектүү нерселерди сатып келип, алгачкы эмгегимди жасай баштадым. Эсимде, аны 3 күндө араӊ бүтүргөм.
– Анан качан бул хоббиӊ бизнеске айланды?
– Башында жасаган буюмдарымды курбуларыма, туугандарыма белек катары берчүмүн. Бир жолу кайнежеме браслет жасап берсем, ырымдап акча берген эле. Ошондон тарта бизнесим башталды окшойт. Кардарларымдын көпчүлүгү интернет колдонуучулары. Эмгектеримди социалдык тармактардан көрүп буюртма беришет.
– Кандайча сен жасаган бижутериялар Европада сатыкка чыгып калды?
– Европада кол өнөрчү, дизайнерлердин белгилүү сайты бар экен. Ал жерде дүйнө жүзүнүн ар тарабындагы дизайнерлердин кийимдери, зергерлердин зер буюмдары, кыскасы, мага окшогон кол өнөрчүлөрдүн эмгектери сатылат. Аталган сайттын өкүлдөрү менин эмгектеримди көрүп, чогуу иштешүүнү сунушташты. Учурда эмгектерим ошол сайтта сатыкта турат. Кыргызстанда деле кардарларым көп. Асел Турдалиевадай ырчы эжекелерибиз, журналисттер кардарларымдын катарын толукташат.
– Асем буюмдардын дизайнын каяктан аласыӊ же баарын өзүӊ ойлоп табасыӊбы?
– Айрым бөлүгүн интернеттен алсам, калганын өзүм ойлоп табам. Кардарларым кээде өзүлөрү каалаган бижутериясынын сүрөтүн тартып келишет, анан аларга айтам «дал ушундай кылып жасай албайм, өзүмдүн оюмдан бир нерсе кошом» деп (күлүп). Фантазиям иштеп кетет да. Бирок бир дагы кардарым сатып алган буюмуна нааразы боло элек. Бул деле ыр жазгандай чыгармачылык да, эргүү келип турса сонун дизайндарды ойлоп таап коём, кээде «кризиске» учурайм дегендей.
– Керектүү материалды Бишкектен эле аласыӊбы?
– Бизде мончоктор, түрдүү таштар Кытайдан алынып келет, ошого сапаты начар. Мен Кыргызстандан жиптерди алам, ал эми таш, мончок, чынжырларды Казакстандан алдырам. Мага жасап жаткан буюмдун сапаттуу болушу өтө маанилүү.
– «Өз кесибиӊ менен иште» дегендер болдубу?
– Жаӊы жумушумду кайын журтум, жолдошум баары колдошот. Мурун жолдошумдан майда-барат керектөөлөрүмө акча сурасам, азыр тапкан кирешем аларга да жетет. Апам да кээде «5 жыл бекер окудуӊбу, котормочу болуп иштесеӊ болмок» дечү. Азыр антпей калды. Чындыгында, текст которуп жатканда кыйналып кетем, ал эми бижутерия жасоодон ырахат алам.
– Кирешеӊ жакшы эле болуп калган окшойт, кардарларыӊ көбөйүп...
– Ооба, учурда кардарларым көбөйүп, буюртмаларды даярдап бергенге жетишпей жатам. Мындан улам эки-үч кызга өнөрүмдү үйрөтө баштадым. Буюрса, жакшы эмгектерди жаратабыз деген ойдомун.
– Ишиӊе ийгилик.

Салтанаттын кардарларынын бири Асел Турдалиева.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дизайнер: "Бири-бирине окшобогон шуруларды жасоодон эргүү алам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
omur_1
2016-02-01 12:29:24
онорун оркундой берсин
+1
aikokul14
2016-02-01 13:11:49
Кантип заказ кылса болот,билгендер айтып койгулачы.
+3
Arstan
2016-02-01 18:32:25
aikokul14,Аты фамилиясын жазып фейсбуктан издесеңер табасыңар.
0
aikokul14
2016-02-02 13:10:28
Arstan,чон рахмат.
0
edu.kg.
2016-02-01 13:21:30
Азаматсыз онорунуз оркундоп атагыныз чыга берсин! Уйбулонузго амандык тилейбиз. Негизи кыргыздар эчкимдин жардамысыз,онорубуз менен дуйного таанылып жатабыз...
+2
gulkar
2016-02-01 15:04:53
Буга аябагандай кылдаттык чеберчилик,фантазия,талап кылынат.Салтанат кызыбыз молодец,онорун болсо орго чап.
+1
Titi
2016-02-01 18:18:56
Кагылайын кыргызымдын кыздары,мына ушинтип деле жашоо кечирсе болот. Окууну бутоору менен эле Москвага чуркабай. Келсе да жон иштебей тажиктерди ээрчип кетишет.
+2
Kristina
2016-02-02 10:02:15
Titi, бир аз ойлонуп жазыныз, ар бир кыз колунан келген жумушуну жасайт. Москвада жургондун баарыле тажиктер менен журуп кеткен жок. 100 кыздан бир кыз ошентип журсо, кыздардын баарын журду дебен. Оз козунуз менен корбогондон кийин.
+7
Arstan
2016-02-01 18:33:34
Азамат экен,өнөрүң өркүндөй берсин!
0
gitaris93
2016-02-01 22:35:23
Өнөрүң өркүндөй берсин ийгилик
0
Shat.88
2016-02-01 23:18:45
Азамат онорун осо берсин
0
meri.kg
2016-02-03 01:31:37
Онорун оркундой берсин
0
angel
2016-02-03 02:23:43
Салтанат ишине ийгилик онорун оркундой берсин! Жамал классташын
0
Aysuluu95
2016-02-03 12:33:05
Азататсыз!
0
baxa-93
2016-02-04 02:49:57
Ийгилик!
0
raisa1905
2016-02-06 03:41:21
Ишине ийгилик азамат!
0
Aidai5555
2016-02-06 21:29:21
Жакшы экен,бирок өрүлгөн жиби өтө калың, жоон окшойт,кичине ичкерээк кылса болобу,,,
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан