СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ушул күндөн бир жума өтпөй, Бактиярдын маанайы түшүп, көңүлсүз келди. Өзү бир кеп айтар десем унчукпайт. Кечинде Канат, Тилла, Бактияр төртөөбүз бирге тамактандык. Анан Канат менен Тилла “бир жакка барып келебиз” деп чыгып кетишип, экөөбүз калдык.
– Бактияр, сага эмне болду?- дедим кабатырланып. Анткени Бактияр анча-мынча нерсеге кайгырып отуруп калчу эмес. Катуу ачууланганда гана кабагы ачылбай калчу.
– Эч нерсе!
– Кантип эч нерсе?!
– Эмне эле жармашып калгансың?! Дагы кайталаймын, эч нерсе болгон жок!
– Анда эмне, кабагыңа кар жаайт?
– Барчы, башты оорутпай, ансыз деле башымды оорутушту!
– Кимдер?
– ...
Бир топко чейин унчукпай терс карашып отурдук. Идиш-аякты жууп келип, кайра акырын сурадым:
– Жаным, бүгүн кайда бардың?
– “Ош базарга”, жездеме бардым,- деди көңүлсүз.
Кеп түйүнү жездесинде экенин сездим.
– Жездең жакшы бекен?
– Жездем менен ишиң канча?!
Ал бурк этти.
– Чын эле жездең менен ишим канча?- дедим мен да таарына терс карап.
Ошол бойдон түн бир оокумга чейин унчугушпай калдык. Анан бир убакта өзүнө келип сөз баштады:
– “Ош базарга”, жездемдин жанына барган элем. Каяктан укканын ким билет, сени сурады. Анан “өзүңдөн улуу экен, жаш кыздар табылбай калдыбы?!” деди.
– Сен эмне дедиң?
– Сүйөм десем “алчы” дейт, ал мени менден да артык сүйөт деп айттым. Жездем ойлонуп, “да-а, биз да Замира эжең экөөбүз сүйүшүп үйлөндүк. Бирок баары орду менен болушу керек. Сыягы ал сенин башыңды айлантып жүрөт го, азыр кыздардан баарын күтсө болот. Ачыгын айтсам, кайним, мени уксаң аныңды жогот!” деп айтса болобу, башым катып калды.
– Башыңды катырып эмне кыласың? Жездеңе бар, ал сага жапжаш кыз таап берет!
– Анын айтканы “ерунда”. Замира эжем сен экөөбүздүн базарда жетелешип жүргөнүбүздү көрүптүр. Сен жөнүндө кимден укканын билбейм, ал да улуу экениңди билип алыптыр. “Өзүңдөн улуу кызга байланып эмне кылып жүрөсүң?!” деп мээни чакты. Анан да сени “турмуштан чыккан кыз экен” деп айтышты.
– Ыя!
Мен катуу чочуп кеттим.
– Ооба, сен! Төгүн жерден сөз чыкпайт да, бир балекетиң бар!
– Бактияр, бир күлкүмдү, бир өлгүмдү келтирбечи! Мейли, мен бузук да, турмуштан чыккан да болоюн, жадакалса башыңды да айланттым дейли. Мындай болгон күндө да эжең буларды кимден угат? Мен тааныганды ал тааныбаса, ал тааныганды мен тааныбасам. Улуулугумду угушкан болсо, аны мен сенден, дегеле эч кимден жашырган эмесмин. Бул сөздөр ата-энеңе жетсе, жакшы болбойт. Биринчи укканы кулактарында калат да, мени жек көрүп калышат. Өзүң эртерээк түшүндүрүп айт.
– Аларга айтуунун учуру келет дечи, бирок чын эле булар сен жөнүндө кимден угуп жатышат? Сени аябай жек көрүп, жактырбай калышыптыр.
– Бар, ошол сүйүктүү, сенин тагдырыңа жан күйгүзүп жаткан Медер жездең менен Замира эжеңден сура! Мүмкүн жаш, сулуу кыз таап берип, багыңды ачышат.
– Малика, болдучу эми. Ал жакка барсам алар, бул жакка келсем сен мээмди чакмай болдуңар!
– Сен сураштырбасаң, анда эртең барып мен сураштырып келем!
– Жинди болбо, урушкандан эмне пайда? Алар эмне десе ошо десин, башкысы сенин кандай экениңди мен билсем болду да, туурабы?
– Билет экенсиң, сөздү ошол айтылган жеринде бүтүрүп келбейт белең! Же жездеңдин сөзүнөн кийин жаш кыздарды ойлоп баштадыңбы?!
– Жок, жаным, жаш кыздар табылбай калган үчүн сени сүйүптүрмүнбү? Мага ал кыздардын жаштыгынын да, сулуулугунун да кереги жок. Жаным, мага сен гана керексиң!
– Өзүм жөнүндө ушундай сөздөрдү укканым жагымдуубу мага?!
Ыйлай баштадым. Бактияр унчуккан жок. Эртеси таң атпай Тилла сөз баштады.
– Курбум, бир сөз уктум, айтсам капа болбойсуңбу?
– Эмне эле баарыңар мен жөнүндө ушак угуп калгансыңар?!- деп ого бетер ачуум келди. Ал да Бактиярдын сөздөрүн кайталады.
– Тилла, сен буларды кимден уктуң? Менимче башкалар эмес, дал менин айланамдагылар, силер сөздү чыгарып жатасыңар! Сен экөөбүз бирге жүрдүк, бардык сырымды билесиң... Мунуң акыры жакшылыкка алпарбайт. Азыр эжесине барып сураштырып, түбүнө жетпесем болбойт!
– Эмне кыласың, жаман көрүнүп?- деп ал менин жолумду тосту.
– Ансыз деле мени жок жерден жаман көрүп калышыптыр. Андыктан эми жакшы көрүнүүнүн кажети жок,- деп камынып калдым.
– Тилла, сенден да бир нерсени байкап калсам капа болбо, алтыным.
– Мен да Канаттан уктум... Сен жөнүндө жаман сөздөрдү айткан аял анын тууганы экен...
Тилла буларды кантип айтып жибергенин өзү да байкабай калды.
– Эмне дедиң? Акыркы мезгилде кантип бүт баары эле мен жөнүндө Канаттан уга башташты дейм да?..
Кайра диванга отуруп ойлоно баштадым. Бул сөздөр Канат, эжеси, жездеси, Тилла анан Бактияр бешөөнүн гана ортосунда болуп жатканын дилимде сездим. Демек, душманды алыстан издебешим керек. Ушундай чечимге келип, эмне кыларымды билбей көпкө отурдум.
Ошол күндөн көп өтпөй, Бактияр экөөбүз түндө бирге болуп, бир жаздыкка баш койдук. Ооба, биз түбөлүк бирге болууга катуу шерттешип, ишеничибизди бекемдеш үчүн бирге болдук. Анткени Бактияр эртеби, кечпи, бир болорубузду айтты. Алтургай ишенүүгө мажбурлады.
– Бактияр, сен акыры эмне болорун ойлонуп жатасыңбы?
– Ушул сен, бир суроо берсең ошого жармашып аласың, баары жакшы болот дедим го, баары...
Бул окуяны айтуу, эскерүү мен үчүн канчалык оор, жагымсыз, алтургай коркунучтуу. Эми баары кеч, канча ойлонбоюн артка кайтууга, жашоону жаңыдан баштоого мүмкүнчүлүк жок. Менин өмүрүмдөгү эң чоң катачылыгымдын жообун, жазасын ошол эле күнү алдым окшойт. Анткени менде кыз балага табият тарабынан тартууланган абийир жок болуп чыкты. Эми менин актыгыма ким ишенет? Башкалар тургай Бактияр да мени күнөөлүү десечи? А мен кимди күнөөлөймүн? Теңирдин кыз балага тартуулаган аруулугунан кур жалак жаралып калганым үчүн кимди күнөөлөп, кимди ишендире алам?.. Башымды жерге салып, эңгиреп отурдум. Жадакалса буулугуп да, сыздап да, өксүп да ыйлай албадым. Бактияр эч нерсе айтпады. Бири-бирибизди үнсүз тиктеп телмирдик. Бир топтон кийин гана ал мени бооруна кысып, чачымдан сылады. Анын жаман айтып, мени күнөөлүү кылуусун күтүп отурдум. Жок, ал мени канчалык аяп, канчалык жек көрүп турса да, ашык сөз айткан жок.
Акырын туруп жылдыздуу асманга тигилип, арасынан өзүм секелек кезимде тандап алган жылдызымды таба алган жокмун. Апамдан тил угуп же кимдир бирөөгө таарынсам, ошол жылдызыма арманымды айтар элем. Терезенин текчесинде соолуй түшкөн сирень гүлү жатыптыр. Аны көрүп, сууга салууну унутуп калганымды эстедим. Бактияр экөөбүз аны көчөдөн өтүп бара жатып кимдир бирөөнүн короосунан үзүп албадык беле. Ашканага чыгып банкага суу толтуруп келдим да, гүлдү салып койдум.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан