ПЛАГИАТ КЛИПТЕР ЖЕ ЖӨН ЭЛЕ ДАЛ КЕЛҮҮЧҮЛҮКПҮ?

Акыркы кезде айрым ырчылардын клиптерин карап отуруп «мурун кайдан көрдүм эле?» деген ой көп келчү болду. Минтип айтканыбыздын да жөнү бар. Бул ирет биз өзбек аткаруучуларды элестеткен ырчылардын клиптерине токтолууну чечтик. Бул жөн эле окшоштукпу же «уурулукпу», аны өзүӊүздөр баамдап көрүӊүздөр.

«АТАЖАНГА» ОКШОГОН «АТА ТИЛЕГИ»
Бысмылда дегенде эле ырчы Мирлан Баековдун «Ата тилеги» ырынын клиби менен Өзбекстандын Дилсуз аттуу ырчысынын «Атажан» клибинин окшоштугу көзгө урунду. Чын эле дал келүүбү же идея уурдалганбы, айтор, эки клипте теӊ кызын турмушка узатып кайгылуу турган атага басым жасалган. Аны менен катар экөөндө теӊ кызынын кичинекей кезинде атасынын эркелеткени көрсөтүлөт. Клип кыздын үлпөт көйнөгүн кийип отурганы менен башталганы, кыскасы, баштан-аяк эле окшоштуктар коштолгон. Айырмасы: Дилсуздуку 2012-жылы тартылса, Мирландыкы былтыр чыкты. «Кызды тойго узатканда ушундай эле болот да» дешиӊиздер мүмкүн. Бирок жакшылап ойлонуп көрсөк, башка жаӊычылдык деле чыкмак беле? А балким, ал окшоштуктарды клипмейкер Эрнист Сыдыков байкабай калган чыгар...

ӨЗБЕК ЫРЧЫСЫ ЛОЛАДАН БИЗДИН БЕГИМАЙ ЖАКШЫ ЫЙЛАЙТ ЭКЕН
Нурсултан Кубатов тарткан Бегимай Бекбоеванын «Кантем, ай?» клибиндеги чач кескен кадрды, жигитинин чыккынчылыгына ыйлаган жерлерин мурун бир клиптен көргөндөй болгом. Көрсө, чын эле дал ушундай кадрлар Өзбекстандын ырчысы Лола Юлдашеванын «Жок эми» аттуу клибинде бар экен. Лоланыкында бар экен дегенибиздин себеби, ал клип Бегимайдыкына караганда эрте, 2012-жылы тартылган. Эки ырчынын эшикке жөлөнүп ыйлаганы, терезеде көл-шал болуп турганы, чачын кесип, боёнуп жатканы аябай дал келген. Болгону биздин ырчы образга берилип кеткенби, жерге жатып алып сыздап ыйлап убакытты көп алып койгон окшойт, клип Бегимайдын эшикке чыгышы менен бүтүп калган. Ал эми Лола лимитти ыйлаганга кетирбей, жакшы пайдаланганы үчүн клубга барганга жетишип калыптыр.

ДАЙЫР КИМДИ ТУУРАП МАСКАРАПОЗ БОЛДУ?
Дайыр Исмадияровдун жакында жарык көргөн «Маскарапоз» деген чыгармасы өзбекстандык «Radio» тобунун «Маскарапоз» деген ырына да, клибине да окшош болуп чыкты. Идеяны алар бизден көчүрүп алган болуп жүрбөсүн десек, жок, жыл жагынан «Radio» тобу алдыга озуп, 2 жыл мурун клипти чыгарышкан экен. Эки тамчы суудай окшошкон клиптин кыргызчасында ырчы Гүлнур Асанова менен Амантур Мусаев тартылган. Болгондо да так өзбек клибин көрүп жаткандай сезим калтырат. Дайырдыкында бир өзгөчөлүк, маскарапоз жок, өзү кооз имаратта ырдайт. Бул бир болсо клипмейкер Эрнист Сыдыков өзбек клиптерин көп көрүп, катуу таасирленгенден жаралган эмгек окшойт же чын эле окшоштукпу деп оюбуздун аягына чыга албай койдук.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Shanson
2016-02-01 18:18:30
Айтсам, бул макаладагы окшоштукту фразеологизм менен берүүдө "эки тамчы суудай" ("как две капли воды") деп орусчадан түзмө-түз которуп бериптир автор чиркиниң. Кыпкыргызча эле "коёндой окшош", "эгиз козудай", "союп каптагандай" деген фразеологизмдер бар эмеспи, кокуй?

Мындай кетиште жакын арада "өтүктүн түгөйүндөй" ("два сапога пара") деген "фразеологизмдерди" да окуп калышыбыз толук мүмкүн. Кыскасы, "боёкчу сакалын кошо боёптур" :)
+1
tekila
2016-02-02 00:11:42
Shanson, бир гана фразеологизм эмес акыркы учурда ушундай тузмо-туз котормолор кобойуп кеткен. Мени кулдургону бул - голубой огонёкту когултур от деп которуп койгондору болду. Айрыкса жарнамачылар туз эле которуп коюшат, "звучит-не звучит" деп ойлонбой эле.
0
Aksy-13
2016-02-03 09:27:13
tekila,ырлар, клиптер эле эмес журналисттердин создору да котормо болуп келатыптырда, башка олконукунон. Эх кыргызым качан озубузчо алдыга жылабыз бироонун мал мулкуно кол салып котормолобой эле озунор ойлоп тапсанар алардыкынан да мыкты идеялар чыкмак, кейиткени именно озбектин мээсинче идея баппай кочургонунор!!!
0
MaRmeLaDka
2016-02-03 10:40:26
Aksy-13, бул сөз туура эмес, колдонбош керек деп чек кое берсек качан особуз? Эки тамчы суудай окшош деп окшоштуктарга колдонулуп эле келет да. Жаны бир нерсени ачкандай жазбагылачы!
-1
Altynym
2016-02-03 10:48:28
MaRmeLaDka, менин эжем мага тамчы суудай окшош. Же мен ага)))
0
Altynym
2016-02-03 10:46:33
Shanson, мен деле колдоном тамчы суудай окшош дегенди. Бул фразеологизмди орустарга ыйгарып койгонуна жол болсун. Балким өзунөр ушул фразеологизмди колдонбой, башкаларын айтасынар. Анан биздикимес деп кесе айткан туура эмес го. Тескерисинче орустар бизден "уурдап" алышса керек)))
0
Mediziner
2016-02-01 18:55:35
Окшоштук болушу мүмкүн. Биздин ырчылар деле, алар ойлогон образды ойлой алышат да. Болгону алардын бир артыкчылыгы, биздин ырчылардан мурда ойлонуп, "шустрыйлык" кылып биринчи тартып алышкандыгы.)
+6
aizesha
2016-02-01 19:19:09
Казактардын ырынан алып, озбектердин клибинен алып эптеп ырчы болуп журо бергиле.
+3
Davlet1994
2016-02-01 19:29:15
азаматсынар
0
mery.89
2016-02-01 19:35:15
Нурматтын торгоюм деген ырынын клибиндеги 1-2жери озбек ырчысы Равшан камиловдун бир клибине окшош экен.
0
sher.
2016-02-01 21:24:48
Самара каримованын клиптерин эмнеге айтпайсынар?

-1
Aksy-13
2016-02-02 09:37:54
sher.,Самараны эч тынч койбой ар жерде талкуулап туруш керекпи? Анын клиптери бир жашнакай эле сонун керек болсо ар бири ар турдуу кызыгуу жаратат.
0
Seyitira8186
2016-02-01 21:40:37
Кыргыздын ХХХ эсен болсун.аларды туураган ырчыларда
0
admin_superstan
2016-02-02 11:05:20
Seyitira8186,
Эскертүү! Жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
0
salihalady
2016-02-02 13:57:20
Эрнис Сыдыковдын клиптери кобу озбектерден уурдалган.
0
s5kgbal
2016-02-02 14:39:51
кантип фантазия иштебейт ушу ырчыларда,интервью аларда эле иштетишет го э))
0
nazira...
2016-02-03 09:09:04
Озбектердин клиптерин корсонор тан каласын, каяктан алышат, эли ушунчалык ырга, бийге, тамака жакын адамдар келишет. А биздикилер только уурдамай, кичине ошону озгортуп, жамап да коюшпайт. Озбектерден албай эле коюшса, таппай калышкансып.
0
Kara-kulzha
2016-02-03 11:59:32
Казактар кыргыздардан уурдап барып кичине создорун музыкасын озгортушот, Биздин ырчылар так ошондой кылып уурдап келген боюнча ырдай беришет. Аракет деген нерсе олуп калган!
0
Clara_Zh
2016-02-03 16:07:41
Албетте оригиналдуу жаны идеяларды жаратышса сонун болмок. Бирок, бир гана биздикилер уурдашпайт, казак туугандар биздин канчалаган ырларды которуп ырдап журушот, озбектер деле Индиялыктардын мухабатын ырдап журушпойбу. Ким билет дагы биз билбеген канча ыр, канча клиптерди уурдап алышканын. Андыктан, бул нерсе ырчылар арасындагы биринчи жана акыркы корунуш эмес.
0
akubeku
2016-02-03 23:33:35
эээ достор дагеле талаш тартыш гоо
бирок туура эле айтасынар уурдаган клиптер коп эле;
мен бир нерсени айтып койоюн дегем Эрнист иниме;
Ата тилеги деген клипте атасынын ролун башка эле атага бербейт белен чачы узун кишиге берипсин
кыргыздын эркеги качан чачын байлап калпак кийген эле аны да билгизбей койом деп калпак кийип алыптыр
(чачын байлаган актер тарынбаныз талантынызга таазим)
обу жок деп койобу ошондойлорду
-2
Patriot007
2016-02-04 20:00:58
Азыркы учурда клип,кинолорду фотоаппарат менен тартышып сапаттары дагы начар!
0
jamal1993
2016-02-06 17:07:12
Карочи уурдалабы же озу ойлоп табабы силерге эмне озунор бир нерсени жарата албайсынар силер только ушакты жаратасынар,Эрнист чынында маладец,силер да ошенте аласынарбы озу?
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан