КЫШТЫ ЖАЙГА АЙЛАНТКАН САЯКАТ

Кокос менен банан, маймылдар менен кооз кызыл бүркүттөр, медуза менен скат, материк менен арал, чокусу көк тиреген мунаралар менен учу-кыйырына көз жеткис деӊиз... Жалал-Абаддын түзүнөн, Нарындын тоо коюнунан, алыскы Баткенден, Ысык-Көлдөн, Таластан, Чүйдөн, Оштон, Бишкектен чогулган балдар кышкы каникулда дал ушундай жомоктор дүйнөсүнө күбө болушту.

Өткөн жылдын ноябрында Кыргызстандагы алдыӊкы 9 массалык маалымат каражатында 12ден 15 жашка чейинки мектеп окуучуларынын арасында «Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм» деген темада дил баяндар сынагы өткөрүлө тургандыгы жөнүндө жарыялар пайда болду. Өлкөбүздөгү 7 облустан, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларынан бирден жеӊүүчүнү сынакты өткөрүүнү колдоого алган 9 ММК аныктамак. Дил баянга берилген тема дагы, убада кылынган байге дагы абдан кызыктуу эле. Кышкы каникулду алыскы экзотикалуу, кар эмне экенин, кыш эмне экенин билбеген Малайзия өлкөсүндө өткөрүү...
Ошентип жеткинчектер учурдагы Кыргызстандын абалын кантип оӊдосо болорун айткан кызыктуу дил баяндарын редакцияларга жибере башташкан. Жалпы республиканы кучагына алган бул сынакка 1000ден ашуун окуучу катышып, алардын ичинен 9 жеӊүүчү тандалып алынган. Мына ошол 9 окуучу жана аларды коштогон редакциялардын өкүлдөрү, ырчылар Омар менен Айыма Айылчиева, шоумендер Санжар Мыкыев менен Азамат Исмаилов эзели эстен кеткис саякатты башынан өткөрүп кайтышты.

Жеңүүчүлөрдү Куала-Лумпурдун аэропортунан элчи Кылычбек Султанов жана бул өлкөдөгү мекендештер орхидея гүлдөрү менен тосуп алышты.

Куала-Лумпурга келип түшкөн биринчи күнү Кыргыз Республикасынын бул өлкөдөгү элчилиги салтанаттуу кечки тамак уюштуруп, балдар малай элинин маданияты, ыр-бийи менен таанышышты. Жеткинчектер ырчы-бийчилер менен кошо жыргап бийлеп, ойноп, аягында учурдун талабына жараша сүрөткө түшүп, селфи кылууга да жетишишти. Куала-Лумпурга келген бир дагы адам Петронасты көрбөй кетпейт. Бийиктиги 452 метрди түзүп, 88 кабаттан турган бул кош мунара кыргызстандык балдардын өзгөчө суктануу менен таң калуусун жаратты. Албетте, анын жанында сүрөткө түшпөй кетиш күнөө.

Лангкави аралынын символу – кызыл бүркүт.

Балдардын кышкы каникулу эми Лангкави архипелагында уланды. Адамзатынын эс алуусуна ылайык шарттарды табият бул аралга аянбай берген. Көк ирим деңиз, алтын кумдуу пляждар, көз талдырган токойлор, жылуу-жумшак аба ырайы. Лангкави маймылдары, өзгөчө кооз бүркүттөрү, асма көпүрөсү, ичине далай сырды катып, ылдыйды көздөй салаңдап турган калдайган сталактиттер менен сталагмиттери бар, боорунда миңдеген жарганаттар кыймылсыз асылып турган үңкүрлөрү менен атактуу.

Күндүн селфиси.

Балдардын Лангкави аралындагы эс алуусу даңазалуу «Асмандагы көпүрөгө» экскурсия менен башталды. Деңиз деңгээлинен 700 метр бийикте, узундугу 125 метрди түзгөн асма көпүрөгө эки жарым чакырымдык асма жол аркылуу жетүүгө болот. Заманбап архитектура менен кайталангыс кооз табияттын айкалышынан пайда болгон бул жайдын ажайып көрүнүшүн, тизелерди титиреткен күчүн, чокусуна чыкканда жел менен кошо денелерди каптап өткөн эркиндиктин даамын сөз менен жеткире айтып берүү кыйын. Жакшысы, көрүү керек.

Арал менен таанышуу эми деӊизге саякат менен уланды. Экваторго жакын жайгашкан бул өлкөдө эми эле ачык турган асманды булут каптап, жаан чакалап куйгандай төгүп, кайра заматта күн чайыттай ачылып кетиши кадимки көрүнүш. Ошондой жаанга биз да туш болдук. Ылдам жүргөн катерлер биздин топту жунгли токойлорун жээктей Жарганаттуу үӊкүрдү көздөй алып жөнөдү. Балдардын өзгөчө кубануусун алгач жээктен үйүрү менен тосуп чыккан маймылдар жаратты. Адамдарга үйүр алып калган бул маймылдар коркпой келип туристтер сунган тамак-ашты ала беришет. Атүгүл биздин катерге бир маймыл сүзүп келип, четине чыгып отуруп алып ким эмне берер экен деп бир топко чейин күттү. Анан картошка калдырканын кармаган боюнча түшүп кетти. Сиз Жарганаттуу үӊкүргө кирерде сөзсүз түрдө бул жайдын кароолчуларына туш болосуз. Албетте, маймылдарга. Жергиликтүү тургундар туристтерге бул жерде кокос сатышат. Маймылдар болсо кокос жемишинин баш жагын күтүп колуӊузду карап турушат. Анткени кокос ширесин ичүү үчүн биз дарбыз-коондун башын кесип салгандай эле кокосту да кесип салуу керек. Кылымдар бою катмарланып чогулуп отурган сталактиттер менен сталагмиттердин үӊкүрү көргөн адамдын эсинде көпкө калары бышык. Мына ушул үӊкүрдүн боорлорунда жыбырай жүздөгөн жарганаттар асылып турушат. Катуу үн аларды чочутуп, тар үӊкүрдө жагымсыз жагдайды жаратуусу мүмкүн. Андыктан балдар шыбырашып сүйлөшүп жатышты.

Активдүү эс алуудан чарчаган жеткинчектер бассейнден чыкпай жыргап жатышты.

Экзотикалык арал менен таанышуу аяктап, учак менен кайрадан Куала-Лумпур шаарына келдик. Элчилик мектеп окуучуларына өлкөнүн даңазалуу «Ыйык Жонс» мектебине экскурсия уюштурду. Бул мектеп 112 жыл мурун ишке кирип, алгач балдарын окутууга каражаты жок жакыр калкка арналган эле. Азыр бул мектепте бай-кедей, улут, раса деген бөлүнүү жок. Мектеп өзүнүн тарыхы жана бүтүрүүчүлөрү менен атактуу. Алсак, өлкөнүн учурдагы өкмөт башчысы Наджиб Тун Разак да ушул мектепти аяктаган. Кыргызстандык окуучуларды аталган мектептин үйлөмө-урма аспаптар оркестри өзгөчө шаң менен тосуп алды. Чүй облусу боюнча сынактын жеңүүчүсү Мари Раимбекова жалпы делегациянын атынан кыскача сөз сүйлөп, Кыргызстандын ажайып табияты түшүрүлгөн полотнону белекке тапшырды. Окуучулар өз ара бат эле тил табышып, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу достошууга да жетишишти. Окуучуларды коштоп барган журналисттер бул күнү жергиликтүү «The Star» медиа-холдингинде конокто болуп, гезит, сайт, телеканалды ийгиликтүү иштетип жаткан ишкана менен таанышып кайтышты.

Чүй облусу боюнча жеңүүчү Мари Раимбекова: «Алганды баарыбыз билебиз. Ал эми берүү, колундагысы менен бөлүшүү баарынын эле колунан келе бербейт. Кылычбек Султанов мени таң калтырды. Таасирлентти. Биздин муунга кайдигер карабаган адамдардын бар экендиги кубандырды».

Бул өлкөдө жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар элчи болуп Кылычбек Султанов баргандан бери көп чогулуп, жолугушууларды өткөрө башташканын билдирип, баары ыраазы. Мекендештер менен жолугушууда ырчылар Омар менен Айыма Айылчиева учурдун хиттери менен катар элдик обондорду да созуп, алыста жүргөн мекендештерибиздин туулган жерге болгон сагынычтарын аз да болсо таратышты. Мекендештер айрым кайрыктарды өзгөчө ырахаттануу менен ырчыларга кошула созуп жатышты. Шоумендер Санжар Мыкыев менен Азамат Исмаилов болсо улам тамаша, оюндарды жаадырып, конокторго эригүүгө жол беришпеди. Кечеде элчи Кылычбек Султанов жеңүүчүлөргө салтанаттуу түрдө дипломдорду тапшырды. Мекенчилдик сезимди козгоп, балдарды окууга, таанып-билүүгө үндөгөн бул демилгени колдоого алган ММКлар да көңүлдөн тыш калышпады. Элчинин колунан баарыбыз Ыраазычылык дипломдорун алдык.

Бир нече сааттын ичинде кыштан жайга алпарган саякатты балдарга Кыргыз Республикасынын Малайзия өлкөсүндөгү элчиси Кылычбек Султанов тартуулады. Ал дасторкон үстүндөгү кыска маегибизде буларга токтолду:
– Канча акча коротуптур, башка ишке жумшаса болбойт беле деп бул ишимди сындагандар, түшүнө албай жаткандар да болду. Ооба, бул каражатты башка ишке деле коротушум мүмкүн болчу. Бирок балдар менен чогуу отуруп маектешип, алардын чоңдордун оюна келбей турган суроолоруна жооп берип жатып абдан туура иш кылганыма көзүм жетти. Бул иштен ырахат алдым. Алар бул сынактан, бул саякаттан алган тажрыйбасын, таасирлерин, көргөнүн ага-ини, эже-карындаштары, классташтары менен бөлүшүшөт. Айланасындагыларды да дагы терең билим алууга, эркин ойлонууга, тилдерди үйрөнүүгө, билимге өзгөчө маани берүүгө шыктандырышат. Булар – азыркы көчөттөр, бара-бара калдайган чынар болуп, бүгүнкү көргөнүн, бүгүнкү алганын мекенибизге эселеп кайтарарына ишенем.

Ошентип бир жумага созулган саякат аягына чыкты. Бизди «Манас» эл аралык аэропортунан балдарынан өтүп толкунданган ата-энелер гүлдестелер менен тосуп алышты. Сыртка чыкканда бетке урган суук абадан улам мекенибизге келгенибизди, кышындагы жай аяктаганын сездик.
Эскертүү! Сынакка Нарын облусу боюнча катышкан окуучулар элчиликтин атынан ыраазычылык каттарын «Супер-Инфонун» редакциясынан алып кетишсе болот.

Шайиста Шатманова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Окуучулардын Малайзиядагы саякаты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
deva
2016-02-01 10:00:34
Азаматсыз, Кылычбек Султанов!
+6
balzak
2016-02-01 16:39:11
ушул иш-чара жонундо канча окусам деле, жаны чыккан сайын кайра-кайра окуп жыргайм,эргуу алам, Кылычбек Султанов азаматсыз, тынч болунуз, бар болунуз!!
+3
Aksy-13
2016-02-02 10:47:04
окуп жатып кубанганымдан козумо жаш келди Кылычбек мырза ото жакшы иштерди жасап жатат озу эле коруп озу эле жеп журбостон бул жактагы мекендештерине да чоон жакшылыктарды жасап жатат мындан башка бир да элчинин Кылычбек мырзанын кылган толтура жакшылыктарынын бирин да жасаганын коргон жокмун мына чындап ишин так аткарган мырза деп ушуну айталы! Башкалары жеп жуткандан башканы билбейт! К.Султановго ушул окуучуларды да бир жыргатып эс алдырганына ыраазымын! Сизге Аллах жакшылыктарды гана берсин!
+4
aruusha13
2016-02-02 23:34:34
буларды коруп мен бактуулу болтам рхмат ушуну уюштурган адамга алла раазы болсун
+2
Nora
2016-02-04 07:51:12
Bekerden beker ele korotulgan akchalar! Kylychbek myrza ushundai ish chara uiushturup raxat alyp atsa, men jon gana bei bechara, jetim jesir, involid adamdarga jardam kylgandan yraxat alam.
0
belka
2016-02-06 09:40:53
Азаматсыз,ушул калыбыныздан жазбаныз Алла ыраазы болсун!
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан