СУУ КУЯР БИЙКЕЧТЕН ЖАА БОЮ КАЧЫШЫ КЕРЕК (21-январдан 19-февралга чейинки аралыкта төрөлгөндөр)

Cүйүүдө, үй-бүлөдө жылдыз белгилеринин ролу чоӊ экенин астрологдор көп айтышат. Андыктан түгөй тандоодо алардын кеӊештерине кулак салып койгон оӊ. Суу куяр жылдызы кайсы жылдыз белгиси алдында төрөлгөндөр менен жуп келерин төмөндөн окуӊуз.

СУУ КУЯР-КОЙ
Бул союзда эки жылдыз ээлеринин сүйүүсү достук менен гана чектелгени оӊ. Бакыт үйүнө жетелешип барышса, никеси бышык болоруна кепилдик аз. Эгер кой мырзанын аялы суу куяр болсо, анда кызганып жүрүп күнү өтөт. Күйөөсүнүн көп нерсеге тыюу салганы суу куяр айымга анчалык жага бербей уруш-талаш чыгып турат. Ал эми күйөөсү суу куяр болсо кой айымдын талапчылдыгынын айынан казан-аяктар кагышат. Бирок ак көӊүлдүгү менен жубайынын бардык кылыгына чыдоого кудурети жетет.

СУУ КУЯР-БУКАЧАР
Бул эки жылдыз белгисинин ээлери сезимтал келишет. Бир сөз менен айтканда, бири-биринин көӊүлүн калтырбай, татыктуу түгөй боло алышат. Жубайлардын айымы суу куяр, мырзасы букачар болсо, анда кожоюн жубайынын үй иштерине анчалык тыӊ эместигине көз жумушу керек. Бирок экөөнүн баарлашуусу, саякатты жактыруусу, жаӊы нерселерди үйрөнүүгө умтулуусу жашоолорун шаӊга бөлөйт. Ал эми эркиндикти сүйгөн, чыгармачыл суу куяр мырзага түшүнүктүү, үй иштерине тыӊ букачар айым татыктуу жубай боло алат.

СУУ КУЯР-ЭГИЗДЕР
Бул эки союздун мүнөзүндө окшоштуктар көп болгондуктан зеригүү дегенди билишпейт. Баш кошушса үлгүлүү үй-бүлө боло алышат. Жубайлардын айымы суу куяр, мырзасы эгиздер болгон учурда күйөөсү «көп баскан аяк бок басат» деген кепти эсине түйсө гана нике бекем болот. Анткени суу куяр айым көзүнө чөп салган адамдарды кечире албайт. Ал эми аялы эгиздер, күйөөсү суу куяр болгондо жубайлар бири-биринин кемчилигин түшүнүү менен кабыл алып, үй-бүлө очогун өчүрбөгөнгө аракеттенишет. Түгөйлөр достору менен театрга барууну, саякаттоону жактырышат.

СУУ КУЯР-БӨЙӨН
Асман менен жердей эки башка мүнөздөгү адамдар. Көп учурда бул нике туруктуу болбошун жылдыздар эскертишет. Түз жүргөн, жашоого олуттуу мамиле кылган бөйөн мырза суу куяр айымдын эркиндикти сүйгөнүн, жаны тынбай бир буту үйдө болсо, экинчи буту сыртта жүргөнүн кыртышы сүйбөй, аны тарбиялоо үчүн убара тартат. Ал эми жубайлардын мырзасы суу куяр, айымы бөйөн болсо экөөнүн мүнөздөрү шайкеш болбогону менен, төшөктө төп келишет. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга туура келет.

СУУ КУЯР-АРСТАН
Эмоциялардын согушу. Бул жылдыз белгилеринин ээлери алгачкы жолугушууда эле тил табышып кетиши оор. Сүйүүгө, никеге жетүүгө бир топ убакыт талап кылынат. Энергиялуу арстан мырза менен бир жерге токтобогон суу куяр айымдын никеси бекем болбойт. Бири-бирине баш ийбей, атаандашып отуруп үй-бүлө кемесин чөктүрүп жибериши ыктымал. Ал эми түгөйлөрдүн аялы арстан болсо суу куяр күйөөсүнүн карьера жасоого, акчага көп кызыкпаганын жактырбай уруш чыгарып турат.

СУУ КУЯР-БИЙКЕЧ
Бул жылдыз белгисиндегилер бири-бири менен таанышуудан жаа бою качышы керек. Себеби никеси көп учурда ажырашуу менен аяктайт. Жубайлардын айымы суу куяр, күйөөсү бийкеч жылдызында төрөлсө нааразычылыктар, пикир келишпестиктер көп жаралып, «чагылган» улам-улам чартылдап үй-бүлө очогунун бузулушуна алып келет. Ал эми күйөөсү суу куяр болсо бийкеч айым жолдошунун ээн-эркин жүргөнүн, азоолугун чектеп, эреже менен жашаганды үйрөткүсү келгени көп учурда уруш менен аяктайт. Никени сактап калгылары келсе, аялы күйөөсүнүн мүнөзүн оӊдогонун токтотушу керек.

СУУ КУЯР-ТАРАЗА
Эӊ сонун шайкештик. Көпчүлүк учурда бул түгөйлөрдүн сүйүүсү да, никеси да туруктуу болот. Никеде аялы суу куяр, күйөөсү тараза болгон жагдайда аялы күйөөсүнүн жумушуна кийлигишип, айлыгын эсептеп кулагынын кужурун албайт. Жашоодон ырахат алып жашоого умтулушат. Жубайлардын күйөөсү суу куяр, аялы тараза болгон түгөйлөрдүн мамилеси, сүйүүсү махабат тууралуу жазылган романга окшоп кетет. Экөө теӊ никеге анча ашыгышпайт. Баш кошушса экөөнүн урушканы да, элдешкени да бат болот. Бири-бирине канааттанып, бактылуу өмүр сүрүшөт.

СУУ КУЯР- ЧАЯН
Бул жылдыз белгиси алдында төрөлгөндөр күчтүү мүнөзгө ээ. Суу куяр айым чаян күйөөсүн кызгантууга жол бербегени менен, эркиндикти эӊсеген сапаты көп учурда пикир келишпестикти жаратат. Эгер тынч жашоону каалашса, экөө теӊ бири-биринин кеӊештерине кулак салышы кажет. Ал эми түгөйлөрдүн мырзасы суу куяр болсо чаян айым күйөөсү убактысын болбогон нерселерге коротуп жүрөт деп эсептейт. Бирок ага карабастан экөөнүн бирге жүргөнү дайыма кызыктуу, шаӊдуу.

СУУ КУЯР-ЖААЧЫ
Көз карандысыз адамдардын союзу жана бири-бирин жарым сөздөн түшүнүшөт. Экөөнүн окшош жактары көп. Суу куяр айым менен жаачы мырза сүйүүсүн мыйзамдаштырууга ашыкпай жүрө беришет. Бирок моюндарына каамыт илинсе экөөнүн жашоосу кызыктуу өтөт. Ал эми суу куяр мырза менен жаачы айым өзүнүн жыргалчылыктарын биринчи орунга коюшкандыктан алардын жуп болууга караганда сырдаш достордон болуу мүмкүнчүлүктөрү жогору.

СУУ КУЯР-ТЕКЕЧЕР
Өзгөчө түгөйлөр. Экөөнүн мүнөздөрү, жашоого болгон көз караштары таптакыр окшошпойт. Тагдыр буйруп экөө баш кошуп калышса бактылуу болууга мүмкүнчүлүктөр бар. Чогуу жашашса текечер мырза суу куяр сулууну идеалдуу кожойке кылууга үйрөтүп жүрүп убактысы өтөт. Ал эми түгөйлөрдүн эркеги суу куяр болсо аялынын талапчылдыгынан тажап, колун шилтеп басып кетиши турган иш. Андыктан текечер айым талапты аз коюп, жолдошуна жоош аялдай түр көрсөтүп койсо, баары жайында болот.

СУУ КУЯР-СУУ КУЯР
Кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму опокшош, болгону жыныстары гана башка эки инсан никеде таптакыр ийгиликтерге жетпеши ыктымал. Себеби экөө теӊ эркиндикти сүйгөндүктөн үйгө токтобой, бири-бирине баш ийбей, атаандашып, анысы аз келгенсип өзүмчүлдүк сапаттары үй-бүлө очогун өчүрүшү мүмкүн. Эгер баш кошуп калышса экөө теӊ үй-бүлөлүк жүктү, жоопкерчиликти сезбей, өзүнө ыӊгайлуу шартта күн кечире берүүгө эптүү болушат.

СУУ КУЯР-БАЛЫК
Экөө теӊ чыгармачыл адамдар болгондуктан алардын жашоосу түркүн түскө боёлуп чыга келет. Түгөйлөр ар бир жумушту чогуу, кеӊешип жасашат. Убакыттын өтүшү менен суу куяр айым дайыма чогуу жүргөндөн тажай башташы мүмкүн. Андыктан балык мырза жубайын ар кандай ийримдерге катыштырып, өз алдынча болуу демилгесин көтөрбөсө, ортодогу мамиле солгундап кетиши ыктымал. Ал эми күйөөсү суу куяр аялы балык болгон учурда үй-бүлөдө уруш-талашты көбүнчө мырза баштайт. Ажырашууну каалабаса аялы атына заты жарашып каяша айтпастан «балык» болууга туура келет.

Актёр Камчы Сарыбаев суу куяр, ал эми келинчеги Элнура балык жылдыз белгиси алдында төрөлгөн. Актёр жубайы экөөнүн мүнөзү, үй-бүлөдөгү айрым «секреттери» менен бөлүшө кетти:
– Элнура экөөбүздүн баш кошконубузга 12 жыл болду. 2 балалуу болуп, буюрса, үчүнчүсүн күтүп жаткан чагыбыз. Келинчегим экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп. Ал да ак көӊүл, шайыр, аялзатына тиешелүү бардык жакшы сапаттарга ээ. Тамакты катыра жасайт. Мага окшоп конок тосконду жактырат. Өзүбүз да жумасына жок дегенде 2 жолу сөзсүз конокко барып турушубуз керек (күлүп). Мындан тышкары чыгармачылыкка да жакын, уюштуруучулук жөндөмү бар. Досторубуз менен шеринебиз бар, ошол жакка барганда келинчегим ар нерсени уюштура калып, бардыгыбыздын маанайыбызды көтөрөт.
Суу куяр аты айтып тургандай суудай буркан-шаркан түшүп, таштан ташка урунуп турат да. Урушту көбүнчө мен баштайм. Андайда туура эмес эле уруш чыгарып жатсам келинчегим бетиме айтып салат. Ал эми себептүү урушуп жатсам унчукпай балык болуп отуруп калат.

Асхат Субанбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bagira77
2016-02-01 19:37:19
Текечер мн суукуяр жакты
0
AlbertEnshtein
2016-02-02 06:02:53
дал келди божомолунар. мен суу куярмын, куйом балык, ушунча тегерегимдеги адамдардын ичинен бир гана куйом менин мунозумду тушунот. апам бийкеч, экообуз коп спорлошобуз. эч оюбуз тен келбейт. только апа болгону учун гана сыйлап унчукпайм. мектепте да универде да эн жаман коргон душманым бийкеч болчу. майдачыл, ушакчы болгон учун жаным кайнап кетеер эле. курбум да суу куяр, куйоосу арстан, экоо коп урушат, анысы токмоктойт, досум качат апасына, жашоосу эч тынч эмес. суу куяр эркиндикти суйору чын
-1
aizirek...
2016-02-07 22:27:40
Эгиздер, тараза жылдыздары жонундо да жазыныздарчы
0
gulzat85
2016-06-06 08:57:55
Чын эле !!!биз жонундо мен суу куяр жолдошум текечер
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан