ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (1-февралдан 7-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Чечкиндүүлүгүӊүздү көрсөтүүчү кез келди, анткени апта азгырмалуу сунуштарга бай болот. Туура чечим кабыл алгыӊыз келсе, жакындарыӊыздын кызыкчылыгынан мурда өз каалооӊуз менен эсептешиӊиз. Шейшембиде иштер менен коӊшу айылга (шаар) барууга, бейшембиде сынган-бүлүнгөн буюмдарды оӊдотууга  туура келет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ойлонбой туруп бир иштерди жасап жибербеӊиз. Кокус чөйрөӊүздөгү абал курчуп баштаса, окуянын борборунда болбоого аракет кылыӊыз. Дүйшөмбүдө бир окуяны териштирүүгө катышасыз. Шаршембиде жоголгон нерсеӊиздин изи билинет, жакшылап сүрүштүрсөӊүз табышыӊыз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Адамдарга баа берүүдө ички туюмуӊузга ишениӊиз. Ошондо сизге жамандык кылгысы келген кимдер экенин туюп-биле аласыз. Аптада эч кимге карызга акча, колдонууга буюм бербөө оӊ. Кайтарып алуу кыйын болуп калышы мүмкүн. Шейшембиде туугандардын иштерин бүткөрүп берүүгө туура келет. Жума күнү майда жол кырсыгы тооруйт, абайлаӊыз. Жекшембиде шашылыш иштер тынчыӊызды алат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Башыӊызга бөөдө маселе үйүлбөсүн десеӊиз бирөөлөрдүн ишине, турмушуна кийлигишүүдөн алыс болуӊуз. Чогуу иштешкендер же жетекчилик менен пикир келишпестик чыгат. Эмоцияга алдырбай, оюӊузду жыйынтыктуу билдириӊиз. Документ иштерин бүтүрөм деп жүрүп аларды жоготуп алуудан сак болуӊуз. 

АРСТАН (23.07-23.08)
Жакындарыӊызга көбүрөөк көӊүл бурууга туура келет. Андыктан оор, көп күч коротуучу иштерди кийинки аптага жылдырганыӊыз оӊ. Апта башында үйдөгүлөрдүн муктаждыктарын чечип берүү үчүн карыз сурооӊуз мүмкүн. Шаршембиде күтпөгөн жактан сизге белек келет. Апта аягында үйдүн же короо-жайдын кемчилигин  оӊдоо менен алектенесиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иште көбүрөөк активдүү болбосоӊуз, ээлеген ордуӊузду кармап калууга коркунуч туулат. Үйдөгүлөрдүн сизге жакпаган иштери үчүн  сындап, какшыктоонун ордуна кемчиликтер эмнеден улам кеткендигин жай отуруп чечишүү туура. Шаршембиде жакындарыӊыздын бирин врачка көрсөтүүӊүз ыктымал. Жума күнү буюм сатып албаӊыз, сапаты начарына туш келүүӊүз мүмкүн. 

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта бир калыпта өтпөйт. Бул тоскоолдуктардан улам өзүӊүздүн күчүӊүзгө ишенбей баштооӊуздан да болот. Кейибей, муну убактылуу көрүнүш катары кабыл алыӊыз. Бош убактыӊызда спорт залга же сулуулук салонуна барып, көптөн берки тилегиӊизди ишке ашырыӊыз. Сүйүктүүӊүзгө жетишерлик көӊүл бөлбөсөӊүз мамилеӊер муздай баштаарын унутпаӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Куру кыялдардан арылып, ички мүмкүнчүлүктөрүӊүздү так аныктаӊыз. Эмне максаттарды көздөй турганыӊызды тактап, алдыга жылууга жолтоо болгон жаӊылыш ойлордон кутулуӊуз. Дүйшөмбүдө өзүм билемдиктин кереги жок, болбосо мыйзам менен эсептешип каласыз. Бейшембиде балдардын маселеси убактыӊызды алат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада кара жумуштардан, стресске тушуктуруучу абалга кабылуудан качуу кажет. Шейшембиде кандайдыр бир иш-чарага катышып, чөйрөӊүздү жаӊы адамдар менен кеӊейтесиз. Жума күнү аян түшкө маани берүү керек, ал бир нерседен кабар берип жаткан болуусу мүмкүн. Ишембиде  жолдо калбоо үчүн унааны үйдөн чыгарда текшерип алыӊыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жумушта баары туура болуусуна жетишиӊиз. Майда каталар топтолуп отуруп чоӊ маселеге айланып, бир күнү шаштыӊызды кетирет. Үйдө чыр болбошу үчүн зыкымданбаӊыз. Ийгиликтүү адамдардын сыры эмнеде экенин анализдеп, жакшы жактарын өзүӊүзгө алып баштаӊыз. Дем алыш күнү хоббиӊиз менен алектениӊиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Тоскоолдук сиз ойлобогон жактан пайда болот. Ким күнөөлүү экенин териштирип чуу көтөрбөй, абалдан дипломаттык мамиле жасоо менен чыгыӊыз. Керектүү мекемелерди кыдырып маалымдама алуу иштери да сизди күтүүдө. Айрым кызматкерлер иш сапарына аттануусу ыктымал. Апта аягында карызыӊызды кайтарып беришет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада кандай жумуш, маселе чыкпасын майын чыгарганга жетишесиз. Бирөөлөргө кылган жакшылыктарыӊыз үчүн сыйга да татыйсыз. Бирок көптөн бери күткөн жаӊылыгыӊыз сиз күткөндөй болуп чыкпай, маанайыӊызды бир аз түшүрөт. Күтүлбөгөн кырсыктарга кабылбоо үчүн түндө бейтааныш жерде жалгыз жүрбөө сунушталат. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан