АРТЫК САИТОВ САХНАГА КАЙТАТ

2006-жылы «Атага кат» деген популярдуу дуэтти аткарган ырчылардын бири Артык Саитов көп жылдан бери сахнадан көрүнбөй кеткен эле. Көрсө, ырчы мырзанын чыгармачылыктан алыстаганынын чоӊ себептери бар экен.
«Мындан 7 жыл мурун кызым жүрөк кемтиги менен ооруп каражат керек болуп, продюсерим акча бербей чырдаша кеткенбиз. Андан кийин бут тосуулар көп болуп Алматыга кетип калгам. Учурда баары жайында, кызым да жакшы болуп кетти. Кыздарымдын улуусу 22ге чыгып, күйөө балалуу боло турган куракка келип калдым. Күйөрмандарымдын, сахналаш досторумдун көргөн жерден эле «качан ырдап чыгасыз?» деп сурай бергени мага дем берди окшойт. Анын үстүнө өзүм да сахнаны сагындым. Ошондуктан «Атага кат» деген ырымды жаӊылап иштеп чыгып, андан башка да ырларды жаздырып жатам»,- деп билдирди Артык мырза.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Ema_nookat
2016-02-01 10:33:02
Балдарыныз аман эле болсун! Жакшы, кутобуз анда! Ырлары абдан сонун! Чыгармачылык ийгилик...
+4
aikokul14
2016-02-01 10:33:51
Учурунда аябай хит болгон ушул ыр.
+5
Maks_89
2016-02-01 11:56:08
Уну бар,чыкса болот)
+2
niet
2016-02-01 12:00:40
уну жакшы табигый талантуу адам десе болот го чыксын кутобуз
+2
Senuchunzhashaim
2016-02-01 12:42:42
Демек кызыктуу жаны ырларды кутсок болот экен...
+2
jama9210
2016-02-01 14:30:39
Сапар корунбой Артык келди))
+1
gulkar
2016-02-01 15:37:14
Убагында ыры БОМБА болгон,азыр андай ырлар жок
+4
Mediziner
2016-02-01 18:51:33
Мен бул ырчыны жапжаш жигит деп жүрбөймүнбү. Көрсө күйө балалуу болчу жашка келип калган турбайбы.
Ийгилик! Жагымдуу ырларды күтүп калабыз.
+9
cezim01
2016-02-02 02:17:36
Соонун ыр, атам жакшы коруп угат эле((
0
karasuu
2016-02-02 07:12:17
кызы 22де :))) анда озу канчада???
+1
mela
2016-02-02 09:59:57
Апеей да 50го чыгайын Деп калган тура
0
zara-919
2016-02-02 11:55:32
абдан жаш корунот экен го байкебиз.
+1
bagira77
2016-02-02 15:02:46
Бул мурунку суроту да. Азыр чыкканын коробуз да эми. Бирок уну жакшы
0
gitaris93
2016-02-02 21:46:25
Ийгилик
0
adiletkina
2016-02-03 23:48:02
ырдагыла кутобуз
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан