ЯНТАРЬ - Күндүн сыныгы

Асыл таштар

БААЛУУ ЧАЙЫР
Янтарь литвалыктардын «gintaras» деген сөзүнөн келип чыккан. Янтарь, негизинен, бор доорунда өскөн ийне жалбырактуу дарактардын (азыркы карагай, кедр сыяктуу) чайыры. Тактап айтканда, казып алынуучу чайыр. Таштай катып калган янтардын кээ бирлеринин ичинде өсүмдүктүн бөлүктөрү, жөргөмүштөр, чымындар, кенелер жана башкалар кездешет. Мындай янтарлар илгертен кымбат бааланып келет. Мисалы, биздин доордун башталышында финикийлик соодагерлер бир янтарды 120 кылыч, 60 канжарга сатышкан.
Янтарь “деңиздин көз жашы”, “күн белеги” аттуу поэтикалык аталыштарга да ээ. Шамдын жалынына кармаганда күйүп, чайырдын жыты чыгат. Жакшы жылмаланат. Спиртте кеч, ал эми ацетондо бат эрийт. Бир нерсеге сүртүлгөндө электр зарядын чыгарат.

АЗЫРКЫ ЧАЙЫРЛАР
Зергерлик иште учурдагы тропикалык дарактардын чайыры да колдонулат. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү копал жана каури.
Копал – тропик өлкөлөрүндө өсүүчү ийне жалбырактуу агатис дарагынын чайыры. Каури – Австралияда, Жаңы Зеландияда жана Океанияда өсүүчү ийне жалбырактуу дарактын чайыры.
Булар казылып алынган янтарларга салыштырмалуу ысытканда бат эрийт жана өңү ачык сары, кызгылт сары болот.

ТҮРЛӨРҮ
Янтардын ачык жана кочкул сарыдан тартып күрөң, кызыл, ак, ак боз, көк, кара, жашыл өңдөргө чейинки түрлөрү кездешет. Минтип түрдүү түстө болуусунун себеби учурунда чайырга ар нерселер жабышып катып калгандан делет. Мисалы, минераль (силикат, оксид) жабышып калса, янтарь күмүш түстө, эгер балыр жабышып катып калса, өңү жашыл болот. Ошондой эле ичинде аба көбүкчөлөрү калып кеткенден улам өңү ак көбүктүү көрүнүштө болгондору да кездешет. Янтарды изилдөөчүлөр анын 250дөн ашык түрү бар дешет.

ЖАСАЛМАЛАРЫ
Жасалма янтарлар бакелит, бернат деген желимдерден жасалат жана жасалга буюмдар үчүн колдонулат. Табигый көрүнсүн үчүн иштетүүдө ичине курт-кумурскаларды кошуп коюшат.

«КҮН СЫНЫГЫНА» БАЙ ӨЛКӨЛӨР
Янтарды экспорттоочу өлкөлөргө Прибалтика өлкөлөрү кирет. Ошондой эле янтарь Мьянмада, Сицилияда, Аляскада, Украинада, Беларуста, Орусиянын Калининград облусунда да казылып алынат. Канадада, АКШда, Доминикан өлкөсүндө да өндүрүлөт. Балтикада деңиз түбүндөгү янтарлар жээктерге чыгып калган учурлар кездешет. Андыктан аларды жогоруда айткандай, деңиздин көз жашы деп аташат.

КОЛДОНУЛУШУ
Янтарь илгертен ар тармакта колдонулуп келет. Мисалы, учурда медицинада андан янтарь кислотасы(дарыларга кошулат), антисептикалык (микробдорду өлтүрүүчү) иодоль каражаты алынат. Янтардын пластинкалары менен башы ооругандар эки чыкыйын сүртүшөт. Кээ бир өлкөлөрдө азыркы күнгө чейин янтардын ачытмасы, упадай майдасы суук тийгенге, богокко каршы, тамак ооруга, бөйрөктөгү ташты чыгарууга жана башка оорулар үчүн колдонулуп келет.
Диний жөрөлгөлөрдө түтөткөндө бөлүнүп чыгуучу жагымдуу жыты (фимиам) үчүн пайдаланылат.
Көз тийүүдөн, жин-шай-тандардан коргойт деп колдонгондор азыр да бар. Бакыт алып келет деп жаңы үйлөнгөндөргө янтардан жасалган сувенирлерди тартуулашат.
Янтарь кооздук жана сувенирдик буюмдарды жасоодо да колдонулат. Мисалы, аялдар үчүн шакек, мончок, сөйкөлөрдү жасоодо.
Янтардын калдыктары эритилип лактарга да кошулат.

КЫЗЫКТУУ

  • Байыркы Мисир фараону Тутанхамондун таажысын Балтика янтары кооздогон.
  • Кытайда жана Японияда императорлордун үй-бүлөсү бийликти сактап калууга жардам берет деп кызыл янтарды тагынышкан.
  • Орусиянын Калининград шаарында Янтарь музейи, ал эми Санкт-Петербургда Янтарь бөлмөсү бар. Бул бөлмө учурунда Пруссия падышасы Фридрих I үчүн түзүлгөн. Кооздоодо янтарь артыкчылык кылганы үчүн Янтарь бөлмөсү аталып калган. Кийин падышанын уулу бөлмөнү Орусия падышасы Петр Iге тартуу кылат. Бөлмөнүн сакталып калган жасалга буюмдары азыр да бар.


Дүйнөдө эмне кеп?

Америка

ӨПКӨНҮН РАГЫН ЖЫТЫНАН АНЫКТООГО БОЛОТ
Окумуштуулар өпкөнүн залалдуу шишигин жытынан аныктоого мүмкүн экендигин далилдөөгө киришкен эле. Ал үчүн лабораториялык чычкандардын жүрүм-турумун изилдешти. Көрсө, чычкандар өздөрүнүн арасындагы соолорду жана рак менен ооругандарды заарасынын жыты аркылуу ажырата алышат экен. Муну билген соң окумуштуулар зааралардын химиялык курамын текшеришти. Натыйжада рак менен ооругандардын заарасынын курамы соолордукуна караганда аз экендиги аныкталды. Окумуштуулар «бул ачылыш адамдарга кызмат кылып, эми ракты алгачкы стадиясында аныктоого мүмкүн болот» дешүүдө.

Англия

ОКУМУШТУУЛАР ЧОЧКОЛОРДУ ЖАРДЫРУУДА
Көп кан жоготкон чочколор канча убакыт жашай аларын аныктоо максатында окумуштуулар чочколорду жардырышууда. Эксперимент жашыруун аскер лабораториясында жүргүзүлүүдө жана баш-аягы 18 чочко жардырылды. Алгач чочколорду жардыруу боло турган жерден 2,5 метр алыстыкка жайгаштырышып, анан жардыруу жүргүзүлөт. Бирок азырынча аман калган чочколор боло элек. Эксперименттин максаты – жардырууда кан жоготуу жана анын запкысы кандай болорлугун аныктоо. Бул жардырууга кабылган аскерлердин өмүрүн канча убакыт ичинде жана кантип сактап калууга болорлугун тереңирээк изилдөөгө керек экен.

МЭЭНИН ШИШИГИНЕН УЛАМ 3 ЖЫЛ ЫКТЫТКАН АДАМ
26 жашар Крис Сэндс 2006-жылдын декабрынан тартып ыктыта баштаган. Ыктытуу бара-бара күчөп, анын айынан Крис жарытылуу уктай да, тамак да иче албай калган. Врачтар аны текшерип көрүшүп, диагноз коё албай коюшкан. Бирок ыктытуудан арылууга жардам берет деп түрдүү ыкмаларды сунушташкан. Натыйжада Крис бор жеп, йога менен алектенип, гипнозго да кайрылды. Акыры жыйынтык чыкпаган соң ал япон врачтарына текшерилген. Алар ар тараптуу изилдешип, башында шишик бар экендигин аныкташкан. Көрсө, шишик нервдерди кысып, ошондон ыктытуу келип чыккан экен. Шишикти алышкан соң ыктытуу өзүнөн өзү басылган.

Австралия

ТҮРҮ СУУК БАЛЫКТАР ЖОК БОЛУУ КОРКУНУЧУНДА
Тамчы балык атка конгон балык түрү жок болуу коркунучунда. Анткени алар байырлаган Австралиянын жээктеринде кеме менен балык кармоо көп жүргүзүлүүдө. Андыктан башка балыктар менен кошо 800 метр тереңдикте жашаган тамчы балыктар да торго түшүп, жегенге жарабагандыктан ыргытылууда. Тамчы балык ушинтип жок болуу коркунучунда калды.

Орусия

ЫРААККЫ ЧЫГЫШТАН БЕКЕР ЖЕР БЕРИЛҮҮДӨ
Мамлекет Ыраакы Чыгыштын аз өздөштүрүлгөн аймактарына барып жашоону каалаган атуулдары үчүн 30 сотыхтан жер тилкесин бекер берүүгө даяр. Буга аталган аймактардагы жашоочулардын саны улам кыскарып бара жаткандыгы түрткү болду. Тактап айтканда, акыркы 16 жылда 1,5 миллион адам көчүп кеткен.

Кытай

9 ЖАШАР КЫЗ ТӨРӨДҮ
Кытайдын Чанчунь шаарында 9 жашар кыз төрөдү. Салмагы 2 килограмм 750 грамм болгон ымыркай операция жолу менен жарыкка келди. Өлкөнүн мыйзамы боюнча 14 жашка чыга элек кыз менен интимдик мамиледе болуу аны зордуктагандык болуп эсептелет. Андыктан учурда укук коргоочулар ымыркайдын атасын табуунун аракетинде. Эскерте кетсек, 1910-жылы Кытайда эң жаш ата-эне (9 жашар бала менен 8 жашар кыз) балалуу болуп тарыхта калган.

Германия

ЭКИ ЖАШАР БАЛА 2 КҮНГӨ ТҮРМӨГӨ ОТУРУУГА БУЙРУЛДУ
Магдебург шаарынын соту 2 жашар Мануэль аттуу балага 2 күн түрмөгө отурууга өкүм чыгарган. Анткени бала машинаны чоң ылдамдыкта айдагандыгы үчүн салынган 35 евро өлчөмүндөгү айыпты төлөбөптүр. Бул жаңылык, албетте, элдин оозун ачырды. Чынында, айып балага эмес, атасына салыныш керек болчу. Документте атасынын ордуна анын уулунун аты-жөнү катталып калган. Бул баланын 2 күнгө соттолушуна алып келген. Баланын атасы сотко чакырык келгенде эле ишти түшүнүп, айыпты 2 эселеп төлөгөн.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан