ЗАМИРА МОЛДОШЕВА КЫЗДУУ БОЛДУ

28-январь күнү стилист Замира Молдошева кыздуу болду. Бул тууралуу бизге стилист айымдын жолдошу Моӊолдор мырза кабарлады.
«Эртеӊ мененки саат 7де жубайымдын толгоосу башталып төрөт үйүнө жеткиргем. Анан доктурлар менен кеӊешип кесарево жолу менен төрөдү. Кызымды жарык дүйнөгө келери менен менин көкүрөгүмө жаткызышты. 3,5 килограмм салмакта төрөлгөн наристебизге ат коюу укугун Замирага бергем. Өзүнө жаккан ысымды ыйгара берсин. Кызымдын аман-эсен төрөлгөнүнө сүйүнүп жатам»,- деп билдирди кубанган Моӊолдор мырза.
Эске салсак, 43 жаштагы Замира Молдошева 15 жылдан бери наристе күтүп жүргөнүн билдирген эле. Эми минтип стилист айым 15 жыл күткөн кызын кучактап бактылуу болуп отурат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
karasuu
2016-02-02 07:10:01
43 жаш ии мынча жакшы омуру узун болсун
0
Aksy-13
2016-02-02 09:09:11
жакшы болуптур эми наристеге Аллах ден соолук жана омур берсин! Бизге эч ким болбосо да аман эсен тороп алса экен деп атканбыз. Жолдошу ото мыкты, аялын сыйлаган инсан экен! Азамат демекчимин жездебизди.
0
Symbaaatik
2016-02-02 12:01:46
Beshik boonuz bek bolsun....
0
jankoy
2016-02-02 12:22:55
Мага да берсе экен кудайым 10 жылдан бери торой албай журом боюма болбой,кандай гана бакыт,омурлуу акыл эстуу кыздардан болсун!
+1
aizada.ru
2016-02-04 01:05:14
jankoy,сизда албетте бала жытын искейсиз,ал кун алыс эмес.менда 5 жыл куттум.
+1
Айнура Салахидинова
2016-02-02 13:47:45
Оо Замира эже, бешик боонуз бекем болсун! Кызыныз омурлуу болсун! Куттуктайм!
0
nazgul90
2016-02-02 15:17:30
Оо куттуктайм бешик бонор бек болсун ыймандуу кыздардын болсун.
0
Inna_91
2016-02-02 19:34:48
Бактылуу болсун наристенин омуру узун болсун коп балалуу болсун
0
Ryskulova
2016-02-03 01:07:45
Бешик боо бек болсун. Кызынызга узуун омур , сиздерге да ден соолук
0
guju9389
2016-02-03 12:40:20
омурлуу бактылуу кыздардан болсун
0
teona
2016-02-03 20:31:07
аябай жакшы жанылык экен,бактылуу болунуздар.
0
Afina
2016-02-04 00:15:37
бешик боосу бек болсун! омуру, ден соолугу, бакыт, ыйманы менен берсин!
0
Aidai5555
2016-02-06 21:44:03
Бул жаңылык көптөгөн кыз-келиндерге үмүт жана өздөрүнө болгон ишенимди берет деп ойлойм,анткени көп учурда бир аз кечиксе эле ажырашып же башка бир шашылыш чечим чыгарып жиберишет го. Жакшы кыз болсун кызыңыз!
+1
nur007mir009kg
2016-02-07 00:09:34
Куттуктайм бешик боо бек болсун!!! Бирок кесарево менен эмес оз кучунуз менен торогонунуздо андан да жакшы болмок. Кантсе да дененизге бычак тийип калды эми озунузду жакшы каран. Кызыныз кыргыз элинин керегине жараган кыздардан болсун.
0
eliza5566
2016-02-07 23:33:01
Омурун берсин оз кучунуз менен торогондо артынан дагы бир уул тороп алмак белениз торогондо кан алмашып организм жашарат да.
0
pomposh
2016-02-12 10:30:07
бешик боосу бек болсун. Кыздуу болгон кандай сонун менин торт эркек балам бар кыздуу болушту самап журом
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан