БИР БҮРКҮМ

  • Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев кызматтан кетип жатканын билдирди. Тиешелүү буйрук чыга элек.
  • Туӊгуч президент Аскар Акаевдин агасы Асанкул Акаев каза тапты. Маркумдун зыйнатына Аскар Акаев келген жок, анын ордуна уулу Илим Акаев келди.
  • Токтогул районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жалпы дааратканасынан жаӊы төрөлгөн ымыркай табылды. Ушул эле күнү баланы таштап кеткен апасы кармалды. Куткаруучулар ымыркайды «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
  • Миграция кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө 14 миӊдей кытай бар, анын 10 миӊге чукулунун гана визасы бар. Кыргызстанда жалпысынан 114 миӊ чет өлкөлүк жашайт.
  • 2015-жылы өлкө ичинде 650 бала асыроого алынган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.
  • Жогорку Кеӊештин депутаттары жаӊы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Ага ылайык, пара тууралуу кабар билдирген адам паранын 30 пайызын материалдык сыйлык катары алат.
  • 2015-жылдын ичинде өлкөдө жол кырсыктарынан 1060 киши кайтыш болгон. Облустар боюнча Чүй алдыда болсо, жол кырсыктарынан набыт болгондордун санынын аздыгы боюнча алдыда Ош турат.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, сасык тумоо эпидемиясына байланыштуу мектептерде кышкы каникул узартылбайт. Кыргызстанда акыркы 20 жылда ВИЧ/СПИД илдетинен 1343 киши көз жумган. Аталган дартты жугузуп алган жаран биринчи жолу 1996-жылы катталган.
  • Бишкек мэриясы ар бири 49 миӊ евро турган 28 таштанды ташуучу унаа сатып алат.
  • Өкмөттүк аппаратка бекитилген кызматтык унаалардын саны 50 пайызга кыскарды.
  • №50-СИЗОдон качкандардын арасынан бутуна ок тийип колго түшкөн Эдил Абдрахмановго операция жасалды. Операциянын акысын өлкөдөгү «Кызыл крест» эл аралык комитети төлөп берди.
  • Биринчи айым Раиса Атамбаева Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде өтүп жаткан аутизм менен жабыркаган балдардын сүрөт көргөзмөсүнө барып, президент Атамбаевдин атынан 1 миллион сомго сертификат тапшырды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан