НАРЫНДА МИТИНГ ӨТТҮ

26-январда Жогорку Кеӊештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Таалайкүл Исакунова жана облус башчысы Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын эли менен жолугушуу өткөрүштү. Анда депутаттар Жогорку Кеӊеште аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришип, өкмөт сунуштап жаткан бийик тоолуу аймакта жашагандардан жеӊилдиктерди алып салуу демилгеси токтотулганын айтышты. Ушул эле жолугушууда Нарын шаарында пландалып жаткан митинг болбой турганы маалымдалган болчу. Бирок 27-январь күнү Нарын шаарындагы Теӊир-Тоо аянтына 400гө жакын адам чогулуп, тоолуу аймакта жашаган калктын жеӊилдиктерин жокко чыгаруу демилгесине, электр энергиясынын кымбатташына, малдын арзандыгына, ГЭСтин курулушу токтоп калганына нааразылыгын билдиришти. Митингге чыккандар өкмөт башчы Темир Сариевдин нарындыктар менен жолугушууга келбей койгонуна нааразылыгын да айтып өтүштү. Нарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов элдин алдына чыгып тоолуу аймактардагы жеӊилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам артка кайтарылганын айтты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
strangergirl
2016-02-01 14:27:30
ушулар келип могу менин айылыма бир жыл дебейм, бир ай жашап корушсунчу, анан корот элем, асты бийик машиналар мн келип, элди чала була угумуш болуп, тамактын даамдуусун, тайдын семизин жеп кетишет да, кайдан кордум кара эшек сайдан кордум сары эшек деп, ойду тоонуу суйлоп болбогон бир нерсени ойлоп таба беришет, айланайындар карапайым элдин унун угасынарбы ыя?
+3
Izdeim_seni.
2016-02-01 19:33:52
Айылда жашоо бут жакта кыйын,талаа болобу,тоо болобу,тандан кечке эле тытынган эл.
+1
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан