ЧЫНДЫК ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ ТАРАПТАБЫ ЖЕ МАИЧИЛЕРДЕБИ?

«Бээжин-2008» Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев Жол-кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен мушташып, тапанча такап коркутту деп кармалды. Интернетке жүктөлгөн видеотасмада спортчунун бети канга боёлуп турганы көрүнөт. ИИМдин маалыматына ылайык, 20-январдан 21-январга караган түнү жүргүзүлгөн рейддин алкагында Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн Түмөнбаев токтотулган. Тиешелүү документтери жок болгондуктан унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилген. Көп өтпөй ал блокпостко кайтып келип, МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан. Республикалык наркологиялык борбордон ал мас абалда экени аныкталган. «Стример» үлгүсүндөгү тапанчанын сериялык номуру өчүрүлгөн жана ага тиешелүү документтер да жок болуп чыккан. Ал эми Руслан Түмөнбаев мындай маалымат чындыкка дал келбесин айтып билдирүү таркатты. Анда «Кызматкерлерге карата эч кандай күч колдонгон эмесмин. Баса белгилеп айта кетчү жагдай, мен ичимдик ичпейм. «МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан» деген маалымат да чындыкка дал келбейт» деп айтылат. Спортчуга карата «ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү» жана «бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, өлкөдөн чыкпоо талабы менен камактан бошотулган.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
jibew
2016-02-01 09:45:58
Кимисине ишенишини да билбейсин. Эки тараптын бир тарабы созсуз "лапша" илип атат жалпы кыргыз элинин кулагына.
+4
KYRGYZ-stan
2016-02-01 10:41:51
кандай киши болбосун мейли депутат,мейли спортсмен болсун,эгер законго каршы иш кылса,болгон сыйлыктарынан ажыратып соттоп салса жакшы болмок
+4
jama9210
2016-02-01 14:48:08
Руся биз сен менен кандай болгон кундо да!!!
0
strangergirl
2016-02-01 14:51:11
айрым эркектердин ушинтип кооп кеткендери жаман, озунду шер ойлосон озгону эр ойло дейт, озун кыйын сезип алган да, типа мен Кыргызстандын желегин желбиретип деп...
+4
Pantherka
2016-02-01 15:22:42
Омар бутту эми Русланбы, орел и решка деп анан ишене берели...
+3
Izdeim_seni.
2016-02-01 19:35:30
Мен спортсменге ишенбедим. Тимеле асмандан тушкондой болуп журушот.
+3
kuba.kq8705
2016-02-02 10:32:36
бул спортсменди бут сыйлыктарын жокко чыгарып соттоп салыш керек башка спортсмендерге сабак болот
+4
kuba.kq8705
2016-02-02 10:33:56
эгер чын кунолуу болгон болсо
0
nurka1993
2016-02-02 19:37:14
Ичимдик ичпеери мумкун,спорт менен машыккандар ичимдиктен алыс болушатго,бир жолу олимпийский комитетте иштеген коллегалары менен бир столдо тойдо чогуу олтуруп калганбыз,кесиптештери намаз окуган агайлар экен,демек чойро адамдын акыл чойчогу дегендей чойросу кандай болсо,адам деле ошондойда.
0
Alinur
2016-02-05 19:37:45
Ар бир адам ката кетируучу! Булда адашты бир жолу.
0
aizirek...
2016-02-07 22:22:21
Кыргыздын желегин желбиреткен инсан соттолуш керек же олтурулушу керек э. Кыскасы жок болуш керек.
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан