ЭКОНОМИКАЛЫК КААТЧЫЛЫК УЧУРУНДА КАНАДАЛЫКТАР МЕНЕН МАМИЛЕНИ КУРЧУТУУ ТУУРАБЫ?

Кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд» тоо-кен компаниясынын жетекчилиги ортосундагы кезектеги сүйлөшүүлөр жыйынтык бербеди. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев «Кумтөр» боюнча азыркы келишим өлкө үчүн пайдалуу эмес деген пикиринде бекем турат.
Ал ортодо Кыргызстандын каржы таӊкыстыгы күчөп баратат. Жакын арада республикага жаӊы инвесторлордун келери күмөн. Мындай абалда жалгыз көзгө басар ири чет өлкөлүк өнөктөш менен мамиле курчутуу канчалык орундуу? Анын экономикага канчалык терс таасири болушу мүмкүн? Бул суроолорго эксперттер пикирин билдиришти.

Орозбек Дүйшеев, Кыргызстандын геологдор жана тоо-кен өндүрүшчүлөрүнүн ассоциациясынын жетекчиси:
– Бул пайдасыз жана маӊызсыз. Өкмөт менен канадалыктар ортосундагы карама-каршылыктар токтобосо биз «Кумтөрдү» жоготуп алышыбыз мүмкүн.
Тилекке каршы, тоо-кен комбинаттын маселеси боюнча министрлер биз менен, адистер менен кеӊешишпейт. Биз үчүн келишим кандай болбосун ага кол коюлуп кабыл алынган. Демек, биз аны аткарышыбыз абзел.
Экология жана техникалык жагдайлар боюнча «Центерранын» жоопкерчилигин арттыруу башка маселе. Катастрофаны болтурбаш үчүн катачылыктарды жалпылап жоюубуз зарыл. Өзгөчө азыр Кыргызстан алтын кен ишканасынан айрылып калбашы керек. Бирок өнөктөштүк боюнча компромисске али жете элекпиз. 
 Ал ортодо «Кумтөрдү» саясий майдандан илимий деӊгээлге эчак өткөрүү керек эле. Талаш-тартыштар токтоп, акыл калчап аракеттенүү талабы курч. Ал аткарылганда гана ишкана жигердүү жана натыйжалуу иштемекчи.

Сергей Пономарёв, Кыргызстан базарларынын ассоциациясынын президенти:
– Кандай гана өкүнүчтүү болбосун кыргыз өкмөтү менен канадалыктардын мамилеси курчуп кеткен. Абал абдан татаал. Көз карашымда, биз тарап 2013-жылы 50/50 келишимине макул болушу керек болчу, ошондо азыр маселе жаралмак эмес.
Тилекке каршы, парламентте ал маселе толук кандуу каралбады. Эгерде ал чечилген болсо Кыргызстан учурда алтын кен компаниянын 33 пайыз акциясына эмес, кыйла көбүрөөккө ээ болмок жана анын акчалай жагы өлкө бюджетинде азыр ашыкча болмок эмес.
Бүгүнкү күнү эмнебиз бар? Эки жылда кенден бир топ алтын өндүрүлдү, тоо-кен өндүрүшү боюнча эксперттер «Кумтөрдө» баалуу металлдын кору анча көп эмес калганын билдиришет. Андыктан жагдайлар биздин тарап үчүн начар. Кыргыз өкмөтү кандай чече аларын да билбейм.
Тилекке каршы, мамлекет, инвестор жана кен ишканада эмгектенген адамдар ортосундагы кызыкчылыктардын балансын сактоо мүмкүн болбой калды. Абалдан чыгуунун жалгыз жолу – компромисстер саясатын кармануу. Жоготуулардан биз да, канадалыктар да кутула албай калды.

Марат Казакпаев, саясат таануучу:
– Канадалыктар менен мамилени курчутуу такыр болбойт. Мен бул пикиримди дайыма айтып келгем. Албетте, Акаев учурундагы «Центерра» менен келишим коррупциялык схемалардын колдонушу жана башка кемчиликтер менен түзүлгөн. Бирок азыр инвестор менен каршылашуунун кереги жок. Себеби өткөн жылы канадалыктар кен
өндүрүүнүн эӊ жемиштүү учуру аяктаганын билдиришкен. Эӊ узак дегенде жети жылдан кийин алар «Кумтөр» кенинен кетишет.
Бул нюанстарды сөзсүз эске алуу керек. Бизде мындан башка инвесторубуз жок. «Кумтөр» боюнча популизм менен алектенген саясатчылар от менен ойношууда. Канадалыктар Кыргызстандан азыр кетүүнү чечсе, сөзсүз эл аралык сотторго кайрылып, алынбаган киреше акысын талап кылышат. Ал эбегейсиз чоӊ каражат.
Инвестор менен эӊ оптималдуу келишим 50/50 үлүшүндөгү болчу. Бирок ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгардык. Эми «жыгылган күрөшкө тойбойт» болуп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
marik10
2016-02-01 20:12:38
инвестициялык климатты ондоп инвесторлорду тартып келишибиз керек, биздин маслократтар оз жерине урдаган акчаны жумшабайт
+1
_oichul_
2016-02-02 15:05:29
Башын иштебесе сузунуп олуп ал
0
jaazira13
2016-02-03 20:18:22
аткаминерлер уурдаган акчаларды оз мамлекетине салышпайт, ошондуктан бизге тышкы инвесторлор керек
0
bolotbek91
2016-02-07 09:10:56
ото татаал маселеге капталдык
0
marik10
2016-02-15 18:49:53
порулисттерден коркушпаса илгери эле бутуруп салышмак
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан