Учурда авто жана турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча көп сөз болууда. Кыргызстандын ар бир жараны билиши керек болгон бул иш тууралуу кенен маалымат беребиз.
СЫНГА КАБЫЛГАН КАМСЫЗДАНДЫРУУ
ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстанда гана автоунааларды, турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу жок. Биримдикке кирерде аткарылууга тийиш болгон милдеттенмелердин катарында бул ишти киргизүү бар болчу. Ошентип, 7-февралдан тарта өлкөбүздө автоунаа жана турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу башталмакчы.
Бул мыйзамдар чийки даярдалган деп коомчулук арасында катуу талкууга алынды. Катуу сынга кабылган соӊ өкмөт автоунааларын камсыздандырбагандарды жазага тартууну 2018-жылдын 1-январынан баштоо тууралуу чечим чыгарууга аргасыз болду. Мыйзам боюнча автоунааларын камсыздандырбагандарга ушул жылдын май айынан тарта айып пул салынып баштамак. Камсыздандыруу 7-февралдан башталат да, эки жылдан кийин камсыздандырбагандарга айып пул салына баштайт. Ал эми турак жайын камсыздандырбаганы үчүн айып салуу каралган эмес. Бирок камсыздандырбай туруп турак жайды сата албайсыз. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1 миллион 1 жүз миӊ автоунаа жана 1 миллиондой турак жай катталган.
«КААТЧЫЛЫК УЧУРДА БУЛ ЭЛДИН МОЮНУНА ТҮШКӨН АШЫКЧА ЖҮК БОЛОТ»
Жогорку Кеӊеште Өмүрбек Текебаев жетектеген депутаттар бул мыйзам долбоорлорунун күчүнө кирүү мөөнөттөрүн 2020-жылдын 1-январына жылдырууну сунуштап, коомдук талкууга чыгарышты. «Тарифтер, баалар көтөрүлүп, ал эми айлык төмөн бойдон калып жаткан каржылык каатчылык учурунда автоунааны камсыздандыруу боюнча мыйзам элдин моюнуна түшкөн ашыкча жүк болот» дешти алар. Депутат Алмамбет Шыкмаматов «камсыздандырууну киргизүү 5-6 компаниянын гана кызыкчылыгы» деп эсептейт. Аны коштогон эл өкүлү Аида Салянова: «Башка өлкөлөр «элге кандай кылып жардам берсек?» деп кризистин кесепетин азайтууга аракет кылып жатышат. А биз эптеп күнүн көрүп жаткан элди ар кайсы жагынан кысып жатабыз. Кээ бирибиз 2018, кээ бирибиз 2020-жылы киргизебиз деп жатабыз. Эми ошол 2018-жылы жашоо оӊолот, элдин абалы оӊолот деген кепилдик барбы?» деп суроо салууда.
«КАМСЫЗДАНДЫРУУДА КЭЭ БИРЛЕРГЕ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛГАН»
Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеӊешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов камсыздандыруу элге пайда гана алып келерин айтууда:
– Турак жайга жылына 600 же 1200 сом төлөп туруп, кырсык болгон учурда 500 миӊ же миллион сом алган жакшы да. Эгерде турак жай камсыздандырылбаган болсо, анда жаратылыш кырсыгынан же өрттөн жабыркаган турак жайлар үчүн мамлекет тараптан каражат берилбейт. Турак жайды камсыздандырууда 6 категорияда адамдарга жеӊилдиктер каралган. Алардын кээ бири камсыздандырууга төлөнүүчү акчаны толугу менен төлөбөйт же жарым жартылай төлөйт. Ошентсе да кокус кырсык болсо, аларга камсыздандыруу каражаты толугу менен берилет.
Өлкөбүздө 17 камсыздандыруучу компания болсо, автоунааны камсыздандырууга 15тейине эми лицензия берилмекчи. Алардын тизмеси жакында аныкталып, коомчулукка жарыяланат. Лицензия алуучу компаниянын кеминде 100 миллион сому болушу шарт. Мамлекеттик атайын фонд уюштурулат, ага автоунааларды камсыздандыруудан түшкөн акчанын 6 пайызы которулат. Анда топтолгон каражат камсыздандыруу компаниясы банкрот болсо, компаниянын лицензиясы алынса же кырсыкка себеп болгон айдоочу качып кетип, табылбай калган учурда жабырлануучуларга төлөнүп берилет.
АВТОУНААЛАРДЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЖЕКЕ КОМПАНИЯЛАРДЫН КОЛУНДА
Автоунааларды камсыздандыруу жеке компаниялардын колуна берилип, турак жайларды камсыздандыруу боюнча мамлекеттик уюм иш алып бармакчы. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 11-январда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Бир айдын ичинде компаниянын өкүлчүлүктөрү ар бир облуста, кийинчерээк райондордо ачылмакчы. Автоунаа камсыздандыруу ишке киргенден кийин камсыздандыруу арбитри деген да кызмат ишке кирет. Эгер автоунаанын ээси төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу каражатына ыраазы болбосо, ал камсыздандыруу арбитрине кайрыла алат. Арбитрдин чечимин камсыздандыруу компаниялары аткарууга милдеттүү. Ошондой эле автоматташтырылган маалымат базаларынын борбору түзүлөт. Мында камсыздандыруу келишимдери тууралуу маалыматтар, катталган ар бир жол кырсыгы жана анын күнөөкөрү ким экендиги белгиленип турат. Кайсы айдоочу канча жолу жол кырсыгына кабылганы, анын канчасында күнөөлүү болгондугун билүүгө болот.
МЫЙЗАМ КАЧАН КАБЫЛ АЛЫНГАН?
«Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылдын 24-июлунда, «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылдын 29-июлунда Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынып, президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган.
ТУРАК ЖАЙДЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ
Камсыздандырууда үйдүн чоӊ-кичинесине каралбайт. Айыл жериндегилер турак жайды камсыздандырууга жылына 600 сом, шаар жергесинде 1200 сом төлөшөт. Турак жай кандайдыр бир себептер боюнча жабыркаган болсо, мамлекет тараптан айылдагыларга 500 миӊ, шаарда 1 миллион сом өлчөмүндө камсыздандыруу акысы берилет.
Өрт, сел, зилзала, көчкү жана башка жаратылыш кырсыктарынан турак жайыӊыз жапа чексе, компенсация төлөнүп берилет. Бирок ушул эле жаратылыш кырсыктарынан жапа чегүүдө ал компенсацияны ала албай да калышыӊыз мүмкүн. Мисалы, жер титирөө 6 баллдан ашпай, бирок үйүӊүз талкаланып калса, чыгым төлөнбөйт.
Турак жайды камсыздандыруу үчүн документтер почта бөлүмдөрүндө толтурулат.
КАНДАЙ ҮЙЛӨР КАМСЫЗДАНДЫРЫЛБАЙТ?
КАНДАЙ УЧУРЛАРДА КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨНБӨЙТ?
АВТОУНАА КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА
Автоунааларга арзан-кымбатына, чыккан жылына карата тариф коюлбайт. Унаанын салмагына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, айдоочунун жашына, айдоочулук тажрыйбасына карата тариф коюлган. Камсыздандыруунун баасы орточо 2 миӊ сомдон 4 миӊ сомго чейин.
Кышында автоунааны айдабай токтотуп койчулар же трактор, комбайн сыяктуу айыл чарба техникалары кышында токтоп калгандыктан алардын ээлери 8-9 айга гана камсыздандырса болот.
Эгер үй-бүлөнүн 1 автоунаасы болуп, аны үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да айдай берчү болсо, анда бир гана камсыздандыруу полисине 4кө чейинки кишини каттап коюуга болот.
Милдеттүү камсыздандырууда кырсык болгон учурда күнөөлүү айдоочуга компенсация төлөнүп берилбейт. Камсыздандыруу каражатын жабырлануучу гана ала алат. Күнөөлүү айдоочу унаасын камсыздандырган компания жабырлануучу тарапка компенсация төлөп берет. Компенсациянын максималдуу баасы 550 миӊ сом. Анын 200 миӊ сому жабырлануучулардын дарылануусуна, 200 миӊи каза болгондорго, 150 миӊи автоунааны оӊдоо үчүн берилет.
Автоунааны камсыздандыруу келишиминде катталбаган башка адам башкарып баратып жол кырсыгына кабылса, камсыздандыруу акчасы төлөнүп берилбейт.
ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Эгер жол кырсыгы катталса, анын күнөөкөрү бул тууралуу камсыздандыруу компаниясына кабарлашы керек. 10 күн ичинде камсыздандыруу компаниясы чыгымдын баасын эсептеп акт түзүп, камсыздандырылган тарапка беришет. Жаран бул баага макул болсо, анда компания 30 күн ичинде ал каражатты төлөп берет. Эгер макул болбосо, ал жаран камсыздандыруу арбитрине кайрыла алат. Арбитрдин да чечими канааттандырбаса, анда жаран сотко кайрылууга мажбур болот.
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Камсыздандыруу – экономикалык мамилелердин бир түрү. Ал табигый жана башка кырсыктардын кесепетинен келип чыккан зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнүүчү каражат. Камсыздандырууда эки тарап болууга тийиш. Анын бири – акча фондун түзүүчү жана пайдалануучу уюм, экинчи тарап – ошол фондго белгиленген төлөмдөрдү төлөп камсыздандыруучу юридикалык жак же жеке адам. Уюм менен камсыздандыруучунун ортосундагы мамиле келишимдин негизинде түзүлөт. Камсыздандыруу ыктыярдуу жана милдеттүү болуп эки түргө бөлүнөт. Биринчи түрү камсыздандыруучунун өз демилгеси менен, экинчиси өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде ишке ашат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg