КЫРГЫЗСТАН ЭРКИНДИК ЖАНА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА КӨРСӨТКҮЧТӨРДӨ АЛГА ЖЫЛУУДА

2015 -жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы коррупциянын деӊгээли боюнча 136-орундан 123-орунга жылды. Бул тууралуу «Transparency International» эл аралык уюму кабарлады. Маалыматка ылайык, быйыл республика100 баллдан 28 балл алып, 7 мамлекетти артка калтырган. Коррупциясыз өлкө катары биринчи орундарды Дания, Финляндия жана Швеция ээледи. Коӊшу Казакстан да 123-орунду ээледи. Орусия 119-орунда, Тажикстан 136-орунда, Өзбекстан 153-орунда, Кытай 83-орунда турат. Эскерте кетсек, Кыргызстан 2014-жылы 136-орунда, 2013-жылы 150-орунда эле.
Ошондой эле «Freedom House» өкмөттүк эмес эл аралык уюму да өз иликтөөсүн жарыялады. Иликтөөнүн алкагындагы 195 мамлекеттин 86сы эркин, 59у жарым жартылай эркин жана 50сү эркин эмес мамлекет болуп табылды. Кыргызстан жарым жартылай эркиндиги бар мамлекеттердин катарына кошулду. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмү боюнча жарым жартылай эркин деп табылган жалгыз мамлекет болду. Ал эми коӊшу Өзбекстан менен Түркмөнстан жарандык эркиндиктер жана саясий укуктар боюнча жамандын жаманы деген он өлкөнүн катарына кирди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Umar080814
2016-02-01 14:04:08
Коррупция күчүнө кирди кайра эмнеге мынча калп айтышат а?
0
joni_91
2016-02-04 16:22:10
Айла жок азаматсынар
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан