Өпкө оорулары кыш мезгилинде күч алары баарына маалым. Ал оорулардын бири пневмония тууралуу Эне жана балдарды коргоо улуттук борборунун хирургиялык инфекция бөлүмүнүн жетекчиси Улан Садыков баяндайт.
ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ЭМНЕЛЕР ӨБӨЛГӨ БОЛОТ?
– Пневмония бул – өпкөнүн сезгенүүсү. Эки өпкө тең же өпкөнүн бирөөсү гана сезгенүүсү мүмкүн. Пневмониянын келип чыгышын бир нече себептер шарттайт. Алар:
Ушул жерден айтып кетчү нерсе, балдар арасында тубаса пневмония болуп төрөлгөндөр да кездешет. Буга эненин гинекологиялык-инфекциялык оорулары болгондугу же сасык тумоо менен ооруп, таза айыкпай калышы себеп болот.
Дем алуу жолдорунун оорулары менен жабыркагандарда (бронхит, тонзиллит, астма) пневмонияга чалдыгуу коркунучу чоң. Анткени аталган оорулар өпкөнүн калыптагыдай иштөөсүн бузат. Андыктан мындай оорусу барлар ден соолугуна көз салып, пневмониянын алдын алуулары зарыл.
Ошондой эле цемент, акиташ, топурак сатып иштегендер да өпкө ооруларына, анын ичинде пневмонияга көп кабылышат. Анткени цемент, акиташ, топурактын чаңдары аба менен өпкөгө кирип, дем алуу түтүкчөлөрүн бүтөп калат да, өпкө оорулары келип чыгат. Бул өзгөчө жаш балдарга зыян. Андыктан мүмкүн болсо, мындай иштерге жаш балдарды аралаштырбоо кажет. Ал эми чоңдорго аргасыз иштөөгө туура келсе, анда убак-убагы менен дарыгерге текшерилип туруу кажет.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
– Оору күтүлбөгөн жерден башталат. Алгач адам катуу чыйрыгып, арадан бир нече саат өткөн соң дене табы 40 градуска чейин көтөрүлөт. Балдар ыйлап, уйкусу бузулуп, чырланат. Эмчектеги балдар эмчек эмбей, чоңдордун тамакка көөнү тартпай калат. Дем алуу кыйындап, адам энтигет.
ООРУ ӨТҮШҮП ЖЕ ӨНӨКӨТКӨ ӨТҮП КЕТСЕ...
– Оорунун белгилери билинер замат ооруканага кайрылуу зарыл. Бул оорунун өнөкөткө айланып же өнүгүп кетишинин алдын алат. Оору тереңдеп кетсе, анда бир топ оорулар келип чыгат. Алар:
Эгер оорунун өнүгүп кетишинде да адам дарыланбаса, анда адам сезгенген өпкөсүнөн айрылып, алтургай өлүмгө учурашы толук мүмкүн.
Курч кармаган пневмонияны аягына чейин дарылап айыктырбаса, анда оору өнөкөт пневмонияга өтүп кетет. Оору бирде кармап, бирде оңолуп, жылдап жүрө берет да, адам оорусу кармаган сайын дарыланып убара тартат.
ДИАГНОЗ
– Диагноз коюу бир нече ыкмалар менен ишке ашырылат. Негизгиси – рентгенге тартуу. Андан тышкары анализдерин тапшыртуу, кошумча текшерүүлөрдөн өткөрүү да керек.
ДАРЫЛОО
– Диагнозго жараша дары-дармектер чектелет. Эгер оору тереңдеп кеткен болсо, анда операция жасалат. Дарылоо кезинде оорулуунун тамактануусуна да көз салынат.
ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫЛАНУУГА, МАЙЛАРДЫ ШЫБООГО БОЛБОЙТ!
– Учурда бөлүмдө 1 айлык балдардан тартып 1 жашка чейинки балдар пневмония менен көп түшүүдө. Ата-энелерге айта кетчү нерсе, балдар пневмонияга, дегеле өпкө оорусуна чалдыкса, өз алдынча дарылабоо керек. Мисалы, кээ бирөөлөр иттин, суурдун майын ичирип, көкүрөккө койдун майын шыбашат. Майдын вирусту, микробду өлтүрө турган касиети жок. Тескерисинче май өпкө-боорго күч келтирип, оорудан алсыз болуп турган адамдын абалын оорлотот. Май шыбаганда ошол жер ысып чыгып, кан көп келет да, сезгенген өпкөгө ого бетер күч келтирет. Ысыктан оорулуунун дене табы ого бетер көтөрүлгөндөн тышкары, өпкөдөгү микробдор да тезден көбөйүп баштайт. Демек, май шыбоо, ооруну ого бетер күчөтүү дегендик.
Кээ бир ата-энелер балдары өпкө ооруга учураса, өз билгендеринче дары-дармектерди беришет. Ал дарылар ооруну козгогучтарды өлтүрөрүн же өлтүрбөсүнөн кабары жок эле бере беришет. Муну убакыттан уттуруу, ооруну тереңдетүү деп түшүнүү керек. Мисалы, Чүйдөн 4 айлык Жалын деген кызды алып келишкен. Сасык тумоолоп калса, ата-энеси 1 жума өз билгендеринче дарылашкан. Текшерсек, сасык тумоо пневмонияга өтүп кетиптир.
6 жаштагы Астра деген кызды Кочкордон алып келишкен. Анын өпкөсүнө ириң толуп кеткен. Дарылап жатсак, энеси кызын алып качып кетти. Кайра 2 айдан кийин апкелди эле, өпкөсү кичирейип, берчтенип кетиптир. Тактап айтканда, сезгенген оң өпкөсүнүн 30 пайызы гана иштеп, калганы иштебей калган. Операция жасап үйүнө чыгарып, январда экинчи операцияга чакырсак келишпеди. Буга түздөн-түз энеси күнөөлүү. “Байкуш кыздын тагдыры эмне болот?” деп биякта биз кабатырланып жатабыз.
Ата-энеси убагында ооруканага апкелбей оорусу күчөп, кийин өпкөсүнүн жарымынан, өпкөсүнүн бир бөлүгүнөн же бүтүндөй бир өпкөсүнөн айрылган балдар чанда болсо да кездешет. Ошондой эле балдарын табыптарга, эмчи-домчуларга алпарып айыктырбай эле, тескерисинче оорусун күчөтүп келгендер бар.
Андыктан балдардын ден соолугун тобокелге салбоо, өз алдынча дарылабоо керек деп айтар элем.
ЭМНЕЛЕРДИ КӨБҮРӨӨК ЖЕП, ИЧҮҮ КЕРЕК?
– Пневмониянын кандай түрү болбосун, суусундукту көбүрөөк ичүү керек. Мисалы, морс, ширелер, компот, кисель. Бал кошулган чай же дары чөптөрдүн кайнатмасына бал кошуп ичсе, дене табын түшүрүп, иммунитетти чыңдайт. Өпкө сезгенгенде, тамак витаминдерге бай болуусу кажет. Андыктан шпинат, көк пияз, жаныбарлардын (уй, кой) боорун, сарымсак жеш керек.
КЫСКАЧА
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg