КӨЗДҮ ТУУРА БОЁО

Гезитибиздин өткөн санында бетке жасалчу макияждын туура жолдорун көрсөтүп бергенбиз. Бул жолу көздү боёону үйрөтөбүз.

МАКИЯЖГА ДАЯРДОО
Бетти жууп-тазалап, тоник менен сүрткөн соӊ кезек көзгө келет. Көздүн тегерегине арналган атайын крем сүйкөп, аны упа менен жабуу керек. Бул ыкма анын айланасындагы теринин тегиз көрүнүшү жана боёктун жакшы сүртүлүшү үчүн колдонулат.
Көз боёо үчүн сизге 3 түстөгү бири-бирине түспөлдөш тендер керек. Мисалы мындай:


КИСТЬ ТАНДОО
Сизде 3 түрдүү кисть болсо жетиштүү.
Эскертүү: Кисть сатып аларда синтетикадан жасалганын сатуучу канча мактаса да албаӊыз. Себеби андай кисть менен тенди сүйкөө ыӊгайсыз. Пони, тыйын чычкандын жүнүнөн жасалган кисттер менен боёо жеӊил.
Көздү боёордо кистти тенге тийгизип, бир жолу үйлөп салыӊыз. Мында тендин ашыкчалары түшүп, сүйкөп жатканда көзүӊүздүн астына түшпөйт.


НОРМАЛДУУ КӨЗДӨР ҮЧҮН
Тендин эӊ ачык түсүн алгач сурмаӊызга, кашыӊыздын астына сүйкөп, аны атайын кисть менен жакшылап жайылтуу керек.
Тендин кийинки күӊүрт түсүн көзүӊүздүн сырткы бурчуна сүйкөп, аны дагы сурманын ортосуна чейин жайылтып чыгасыз.
Артынан эӊ күӊүрт түстөгү тень менен көздүн сырткы бурчун боёйсуз.
Эскертүү: Боёп жатып биринчи түс менен кийинки түстүн куюлушуп кетишине көӊүл буруӊуз.


КӨЗДӨРҮҢҮЗДҮН ОРТОСУ АЛЫС БОЛСО
Тендин эӊ ачык түсүн кашыӊыздын астына сүйкөп, жакшылап жайылтыӊыз.
Ортоӊку түсүн сурмаӊызга сүйкөп, аны дагы атайын кисть менен жайылтуу зарыл.
Эми тендин эӊ күӊүрт түсүн көзүӊүздүн ички бурчуна сүйкөйсүз. Абайлаӊыз, өтө көп сүйкөп албаӊыз.
Кийин көзүӊүздүн бир бурчунан экинчи бурчуна чейин подводка чийип, туш коёсуз.


КӨЗДӨРҮҢҮЗДҮН ОРТОСУ ЖАКЫН ЖАЙГАШСА
Алгач көзүӊүздүн алдына, сурмасына, кашыӊызга чейин тендин эӊ ачык түсүн сүйкөп аласыз. Көздүн ички бурчуна ачык тень адаттагыдан көбүрөөк сүйкөлөт. Себеби бул көздүн ортосун алысыраак көрсөтүүгө жардам берет. Тендин күӊүрт түсүн көздүн сырткы бурчуна сүйкөп жайылтасыз. Көзүӊүздүн ортосу жакын болгондуктан подводканы көздүн чет жактарына эле чийиӊиз. Кийин туш коёсуз.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
dinar-87
2016-02-01 11:06:39
Комент кетпейтко менден.
0
gulkar
2016-02-01 14:53:48
Жакшы кенеш экен. Бирок видоесу болмоюнча,окуп тушунууго кыйыныраак болот экен(особенно мага окшогон боёнбогон айымдарга)
Мин уккандан бир коргон деп коёт беле.
Админ: Супердин дайыма эки бетин айымдарга арнап:ашкана,сулуулук,ден-соолук ж.б. чыгарсанар сонун болот эле.Кобунчо айымдар коп алып окуйт экенбиз.
+11
admin_superstan
2016-02-01 15:16:31
gulkar,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
0
AlbertEnshtein
2016-02-02 05:32:35
gulkar, [moderated]тан елена крыгина дегендин видеосун корсон.
0
gulkar
2016-02-02 17:48:22
AlbertEnshtein, Коройун рахмат.
0
Birimdik5555
2016-02-01 15:04:08
Козу жымшыктарга жокпу?
+6
meky85
2016-02-01 16:17:58
Менин ком неге кетпей жатат
-2
Frezia
2016-02-01 16:52:48
Сурмасы жок көздөргө да кеңеш айта кетсе болмок.
+4
rahali
2016-02-01 18:26:26
Frezia, сизге кошулам, анткени кыргыздарда сурмасы жок коздор коп
+1
Kroxa
2016-02-02 00:31:13
Туура айтасынар мен да сурмасы кичинекейлерге же такыр. Жоктор-кандай.боесо,болот
0
AlbertEnshtein
2016-02-02 05:34:53
Kroxa, сурмасы жоктор биринчи операция жасаткыла. бишкекте арзан элего 5-10 мин сом эле. орусияда 100мин. кр да тамак аш той топурга деле коп кетирмп коебузго. эринбей жасатып алсан бакырайып сулуу болуп жигиттерди суусатып каласын (мага окшоп)))
0
leonar
2016-02-02 09:51:03
AlbertEnshtein,операция ден соолукка зыян биринчиден, экинчиден кош кабаты жок коздор да сулуу болушат.
0
Asyl.jazi
2016-02-02 23:18:46
операция жасатпай эле, жөн гана боёнбой эле койгон жакшы го. супердин мурунку сандарында жаныбарларды кыйнаганын окуп алып, такыр боёнгумда, духилерди колдонгумда келбей калды
+1
Mayramkan
2016-02-03 16:06:00
Жакшы кенеш экен, Каш боену дагы жаза кетсениздер болмок экен. Сурма койдуруу коздун коруусун начарлатат.
0
Mekush87
2016-02-03 21:06:47
Жакшы кенештер экен,сурмасы ортолорго да кенеш берип коюнуздарчы?
0
Genar.benicio
2016-02-03 23:42:41
Сурмасы чондорго да кенеш берсениздер
0
Musulmanka.
2016-02-04 21:37:28
сурмасы жокторго да кенеш берип коюнуздарчы сураныч
0
tursunai98
2016-02-08 08:16:19
марус кандайсын тез тез комантарилерди окуп тур мен марусия
0
tursunai98
2016-02-08 08:21:49
марус дос номуруну кыздардын баары эле билишпейт экен комантари окуп жатсан кабарыны билдир досун марусия
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан