ДОҢУЗ ЖЫЛЫНДА ДҮЙНӨДӨ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДА БОЛУП ӨТКӨН АЙРЫМ МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАР

1923-жыл Дүйнөдө

  • АКШда “Уолт Дисней” кинокомпаниясы негизделген.
  • Турциянын борбору Стамбул шаарынан Анкарага которулган.
  • Германиянын Нюрнберг шаарында болуп өткөн улутчулдар партиясынын съездинде Гитлер еврейлерге каршы мыйзам кабыл алынгандыгын жарыя кылган. Ал мыйзамда еврей калкын кызматка алууга, еврейлердин башка улуттагы адамдар менен турмуш куруусуна жана жыныстык катнашка баруусуна тыюу салынган.


1935-жыл
Дүйнөдө

  • АКШда “Фокс” жана “ХХ кылым” кинокомпаниялары биригип жаңы “ХХ кылым, Фокс” кинокомпаниясы түзүлгөн.
  • Персия өлкөсү өз аталышын өз­гөр­түп Иран деп атоого чечим кабыл алынган.
  • Индиядагы өкмөттүк мыйзам мамлекеттик башкаруу системасына өзгөртүү киргизген. Индиянын карамагынан Бирма (азыркы Мьянма) жана Аден (азыркы Йемен республикасы) өлкөлөрүн бөлгөн.

Кыргызстанда

  • Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институту жана Н.К.Крупская атындагы мамлекеттик орус драма театры түзүлгөн.
  • Мурунку Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) алгачкы көркөм сүрөт студиясы жана сүрөт галереясы ачылган.


1947-жыл Дүйнөдө
  • Индия мамлекети Индия жана мусулман өлкөсү Пакистан болуп экиге бөлүнгөн.
  • Германиянын Европадагы союздаш өлкөлөрү Болгария, Венгрия, Румыниянын ортосунда Парижде тынчтык келишими түзүлөт. Келишимдин негизинде Италия өзүнө тиешелүү айрым аралдарды, Адриатикалык деңизи менен Венеция-Жулиянын бир бөлүгүн Югославияга, Додеканез аралдарын Грецияга өткөрүп берген. Румыния өз карамагынан Бессарабия менен Түндүк Буковинаны, Финляндия Петсамо областын мурунку СССРге өткөзүп беришкен.
  • Словакиянын мурунку президенти Иозеф Тисо дарга асылган.

Кыргызстанда
Акын Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелиги тургузулган.


1959-жыл Дүйнөдө
  • АКШда колготки ойлоп табылган жана дүкөндөрдө биринчи жолу Барби куурчагы пайда болгон.
  • Америкалык генерал Жорж Кэтлетт Маршалл дүйнөдөн кайткан.
  • Япониянын “Сони” корпорациясы транзисторлуу телевизор чыгара баш­таган.
  • СССРдин бүткүл аймагы “хрущевка” үй­лөр­гө толуп, миллиондогон адамдар үйлүү болушкан.


1971-жыл Дүйнөдө
Иранда Персиялык монархиянын 2500 жылдыгы белгиленген.
  • Катар өлкөсү Улуу Британиянын карамагынан бөлүнүп чыгып, көз карандысыз эркин мамлекетке айланган.
  • Бириккен Араб республикасы кайра Египет деген тарыхый аты менен аталууга өткөн.

Кыргызстанда
Мурунку Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) милиция кызматкерлери үчүн алгачкы ирет ачылган 6 айлык курсту 85 бүтүрүүчү аяктаган.


1983-жыл Дүйнөдө
  • Американын Улуттук рак институту менен Париждин Пастеровский ин­ститутунун изилдөөчүлөрү СПИДди козгоочу вирусту табышкан. Ал вирусту ВИЧ инфекциясы деп аташкан.
  • Америкалык Ай-Би-Эм корпорациясы дүйнөдө биринчи болуп жука магниттик дисктен турган персоналдык компьютерди чыгарган.

Кыргызстанда
“Вечернее Фрунзе” гезитинин алгачкы саны жарыкка чыккан.


1995-жыл Дүйнөдө
Казакстандын президенти түштүктө жайгашкан мамлекеттин борбору Алматыны түндүктө жайгашкан Астана шаарына (мурдагы Акмоло шаары) көчү­рүү тууралуу буйрук кылган.

Кыргызстанда

  • “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы белгиленген.
  • А.Акаев экинчи жолу Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 218, 5-11-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан