(Башталышы өткөн сандарда)
Көз айнек тагынган, шорты, башына күндөн коргоочу чоӊ шляпа кийген, бою кичинекей, арык киши экен. Көчөдөн көрсөӊ карапайым эле адам деп ойлойсуӊ. Үйүнүн алдында биздикиндей сөрүсү (топчан) жайгашыптыр, бизди ошого чакырды, дасторкондун үстү ар нерсеге толгон, жегиле деп сыйлап отурду. Көрсө, аларда биринчи мейманды тамактандырып, анан гана сүйлөшүүгө киришет экен. Акбар мени казакстандык деп тааныштырып, сапаты кытайлардыкынан жакшы скутер чыгара турганыбызды, он жыл иштей берерин айтып аябай мактады. «Азыр айдап келдик» десе, көрөлү деп дароо эле жээкке жөнөдү. Акбар скутерлерди көрсөтүп, кантип жасаганыбызды түшүндүрдү, ушул жерде жасаса Кытайдыкынан арзан да, сапаттуу да болорун укканда депутатыбыз дароо эле жардам берерин айтты. Керек болсо чоӊ эле ишкана ачабыз дейт. 5 айда мага, аялыма ушул мамлекеттин жарандыгын алып бермек болду. Өзү 50 скутерге заказ кылып, жарым акчасын берип, Кытайдан, Кореядан керектүү тетиктерин алып келүүгө бизге бир адамды кошту.
Акбар экөөбүз эч жакка чуркабай устаканада эле иштей турган шарт түздү. Акбар да аракетчил, иштерман бала экен, темир ишин жакшы билген 5 адам таап келди. 50 скутерди бир айга жеткирбей даярдап чыгарып бердик. Рамасын, корпустарын, отургучтарын, айтор, отуз пайызын өзүбүз жасадык, башкалардыкына караганда отургучтары ыӊгайлуу, артында сүйөнгүчтөрү менен, көрүнүшү да жакшынакай болуп чыкты. Депутат келер күнгө баарын тизип койдук. Айткандай эле эсептеп көрсөк, Кытайдан алып келгенден көрө кыйла эле арзан түштү. Депутат өзү эле келбей, транспорт министринин жардамчысын, дагы эки депутатты ала келиптир. Скутерлерибиз жапжаӊы болуп катар тизилип турса сонун көрүндү окшойт, сүйүнүштү. Биздин, чогуу иштеген 5 адамдын колунан кысып куттуктап чыгышты. Аларга сүйүнө турган эле иш болду да, биринчиден, арзан, сапаттуу скутер, экинчиден, эгер көп чыгарса канча кишиге жумуш оруну, мамлекетке салык, бир жагынан өзүбүздүн өндүрүш болот. Тез арада скутер курап чыга турган чоӊ эле ишкана ачыла турган болду.
Акбар экөөбүз 50 скутерден жакшы эле акча иштеп таптык, түшкөн пайданы теӊ бөлүп алдык. Бизге мамлекетке пайда алып келгениӊер үчүн деп мамлекетке караштуу чакан аралды арзан эле 49 жылга беришти, кийин кааласак арендасын төлөп дагы узартып алууга болот. Аны да теӊ ортосунан бөлүп алдык.
5 айдан кийин Элиза экөөбүз ошол мамлекеттин толук кандуу жараны болуп калдык. Акбар азыр мамлекетке караштуу скутер чыгарган ишкананын, бизче айтканда, директору, колунда 700дөй адам иштейт. Мен ошол ишкананын рама жасаган кичинекей цехинин башчысымын, цехимде 30 адам иштейт. Акбар жакында өзүнө арал сатып алса, экөөбүздүн ортобуздагы аралды мага өткөзүп берем деп жатат.
Аралга эки кабаттуу там салып, свет сыяктуу бардык шартты түзүп алгам. Элиза экөөбүз бир кыздуу болдук, жергиликтүү тилди жакшы эле үйрөнүп калдык. Ал азыр аябай эле толуп кеткен, мени көтөргөн скутер ал отурганда сууга чөгө түшөт. Базарга материкке барабыз да, соода кылганы барганда катер менен барат, скутер көтөрө албайт дейби, билбейм.
Кээде экөөбүз жатып алып Кыргызстанды эстейбиз, Оштун салкын кечтерин, Элиза иштеген кафедеги мажүрүм талдардын түбүндөгү сөрүдө тамактанган күндөрдү сагынабыз. Кандай болсо да туулган жериӊди сагынат экенсиӊ. Бир күнү жашыруун болсо да барып, Оштун өзбектери жасаган лагманын, самсасын, шашлыктарын, мантыларын тойгончо жеп келебиз. Кээде Элиза Кыргызстанды сагынып ыйлап алат, мен болсо байкамаксан болуп коём, эмне дей алат элем.
Кыргызстандагы жаӊылыктарды, кинолорун, ырларын интернет аркылуу көрүп, угуп турабыз.
Макул анда, досум, сени таап, ичимдегилерди сени менен бөлүшүп алып аябай эле жеӊилдедим. Жазып жатып Кыргызстанда жүргөндөй болдум. Туулуп-өскөн сүйүктүү Ата Мекеним Кыргызстанга менин атымдан, аялым Элизанын атынан, кызым Каныкейдин атынан салам.
САГЫНДЫК СЕНИ КЫРГЫЗСТАН, АЛА-ТООНУ САГЫНДЫК!
(Аягы)