Белгилүү адамдарды күйөрмандары сүйүп-күйүп, ага жетсем деп кыялданышат. Чындыгында атактуунун аялы болуу сыймыкпы же түйшүкпү, баарыбызга кызык. Бул нерсени жон териси менен сезген атактуулардын аялдары өздөрү айтып беришсин.
Кесиби – Акушер-гинеколог
Жашы – 59 жашта
Чогуу жашагандарына – 29 жыл болду
«ЭКӨӨБҮЗДҮН ТААНЫШУУБУЗГА МАНАС СЕБЕПКЕР БОЛГОН»
-Кесибим акушер болгону менен, чыгармачылыкка жакынмын. Өзүм иштеген ооруканада ыр-бий жагынан көркөм жетекчи болуп иштегем. Ал кезде ооруканалар арасында деле ыр кесе сыяктуу сынактар көп болор эле. Ал сынактарга сценарий, сатира жазып берчүмүн. Бир күнү Оштогу драма театрдын жанынан өтүп баратсам, «Азил чыны аралаш. 1 сомдон» деп афиша илинип туруптур. Концерт көрсөм дагы идея жаралабы деп кирдим. Бүткөндөн кийин артисттердин бирөө сынакта аккордеон ойноп бере алар бекен сүйлөшөйүн деп Манаска (ред. Бердибеков) кайрылсам, мени тиктеп туруп кетип калды. Ыӊгайсыз болуп кетейин деп турсам Рахман чыгып, сунушума макул болду. Эртеси барып аккордеон ойноп берип, сынактан биз 1-орунду алдык.
Ошентип 1987-жылы таанышып, баш кошконбуз. Кийин Рахман айтып жатпайбы «Манас мага «бир саркеч кийинген, орусча сүйлөгөн кыз турат. Мен орусча сүйлөй албайм, бар» деп мени жиберген» деп. Биздин таанышуубузга Манас себепкер болгон. Рахман экөөбүз сүйүшүп калгандан кийин мурун үйлөнгөнүн, балдары бар экенин билдим, бирок кеч болуп калган эле. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин көп сөздөр, кыйынчылыктар болду, жашай албайм го дегем, сезимдерибиз жеӊип кетти.
«РАХМАНДЫ БИРӨӨ МЕНЕН ЖҮРӨТ ДЕП УГУП ЫЙЛАГАМ»
-Албетте, атактуунун аялы болуш өтө оор болгону менен, жакшы жактары да бар. Жаш кезде гастроль деп талаалап көп кетчү. Ошол кезде Рахманды бирөө менен жүрөт экен деп угуп алып ыйлап отурсам, Манас келип «эмнеге болбогон ушактарга ыйлайсыӊ? Рахмандын көзү сенден башканы көрбөй калган» дегени эсимде. Ыраматылык Жолдошбек Мамажанов да «Рахман сени таштап эч жакка кетпейт, басса-турса сени оозунан түшүрбөйт» десе жашмын да, көз жашымды аарчып алып кайра тиричилигимди кылып жүрө берчүмүн.
Эл арасында «Рахмандын көп аялы бар» деп айтылып жүрөт. Чындыгында, мен үчүнчү никесимин. Эми турмушта өйдө-ылдый боло берет эмеспи, мен аны түшүнүү менен кабыл алгам. Балдар менен катышып турабыз, үчөө теӊ үйлүү-жайлуу болуп, турмушта өз ордуларын таап кетишти. Ал эми кызым Чолпон 26 жашта, Кытайда окуп жатат. Уулум Дастан 21 жашта, Түркияда окуйт. Үй-бүлөбүз менен жыл сайын чет өлкөлөргө барып эс алып келебиз. Рахман майрамдарда унутпай куттуктайт. Кайда жүрбөсүн эртеӊ менен «кандай жатып, турдуӊ?» деп чалып сурап турат. Ушуну Кудай кут кылсын, мындан артык нерсени деле талап кылбайм, көз тийбесин, баары жакшы.
«КҮЙӨРМАНДАРЫНЫН ЖОСУНСУЗ ЖОРУКТАРЫНАН ӨЗҮМ УЯЛЫП КЕТЕМ»
-Рахманды жаш баладай кылып багам. Тамагын бапестеп берем, толуп баратса арыктатам, арыктап баратса семиртем. Кан басымын ченеп турам. Чыгарма жазса да түн ортосунда тургузуп алып «уксаӊ, кандай болуптур?» деп кеӊеш сурап калат. Ал эмне жумуш кылбасын, ар дайым колдоп жанында жүрчүмүн. Бир жолу Абдылданы бирөө жолдон токтотуп «байке, сизди кечээ ЦУМдан көрдүм, аялыӊызды колтуктап алган экенсиз» дептир, анда Абдылда «мен өз аялымды колтуктап жүргөндөй Рахман белем» деген экен. Көрсө, тиги бала Абдылданы эмес, бизди көргөн экен да.
Жолдошумдун тынчын алып артынан ээрчиген күйөрмандары азыр деле бар. Атактуу адамдын артынан кыз-келиндер эле эмес, сөз да кошо ээрчийт. Аны белгилүү адамдардын аялдары жакшы билишет. Кээде күйөрмандардын жасаган жосунсуз жоруктарын көрүп өзүӊ уялып кетесиӊ. Сен алардан бийигирээк болуп, көрмөксөн, укмаксан болуп коёсуӊ, алардын деӊгээлине түшсөӊ, анда жашооӊду бузуп алышыӊ мүмкүн.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg