ЗЕЙНЕП КАЙРЫМДУУ АДАМДАРДАН ЖАРДАМ КҮТӨТ

Рысбек кызы Зейнеп 15 жашта. Ал 3 жылдан бери боор оорусу менен жабыркап келет. Акыркы 3 айда анын денеси саргарып, оорусу күчөп кеткен. Мындан улам кыймылы начарлап, мектепке бара албай үйдө отуруп калган. Дарыгерлер Зейнептин боору альвеококкоз менен жабыркаарын, аны тез арада алмаштыруу керектигин айтышкан. Бирок операция чет өлкөдө гана жасалгандыктан кыздын ата-энеси каражаты жок экенин айтып, кайрымдуу атуулдарыбыздан жардам сурашат. Өлкөдөгү дарыгерлер «операция жасай албайбыз» деп ичин ачышып, ириӊ, бузулган кан-жин чыгып турсун деп боордон сыртка түтүк чыгарып коюшкан. Чет өлкөдөн операция жасатуу үчүн Зейнептин ата-энеси элден каражат топтоого аргасыз.
Зейнеп 7 бир туугандын экинчиси. Боорду алмаштыруу операциясын Индияда жасатууга болот. «Ага кетчү чыгымдын жалпы суммасы 45 миӊ долларды чамалайт экен. Мындай каражатты төлөп барып келүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок»,- дейт Зейнептин апасы Ирина Казакбаева.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Зейнептин денеси саргарып, боорун тез арада алмаштырууга муктаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
mirana9395
2016-02-01 11:15:18
Аллахым озу шыпаасын берсин
+1
dinar-87
2016-02-06 14:14:51
Кудайым сакайып кетсин.
0
Shaa-82
2016-02-06 14:21:19
Бишкекте бир профессор бар экен менин да жездемдин боорун курт жеп ону саргарып кеткен экен, уже жыйырма кун кеч калсанар кеч болмок дептир. Куртту алып операция жолу менен айыгып кетти.
0
KursKG
2016-02-06 16:02:14
Айыгып кетсин, кудайым шыпаасын берсин.
0
Inna_91
2016-02-06 19:32:06
Айыгып кет Зейнеп
0
Zai0888
2016-04-07 13:06:33
Зейнеп менин жердешим эле. Ал 4-апрелде коз жумду... жаны жаннаттан болуп, жаткан жери жайлуу болсун.(((
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан