ПОЗИТИВ МААНАЙ ТАРТУУЛАГАН «АЙОВА» ТОБУ

Өзгөчө ырдоо стили, индейлердикиндей болгон кийими менен көзгө урунган «Айова» тобу бар. «Жаӊы толкун» сынагында алардын «Күлүп койчу» деген ырын «Style Mix» триосу чогуу ырдап чыгышканы эсиӊиздерде болсо керек? Чыгармачылыкта өздөрүнө чек койбой, угармандарына дайыма позитив тартуулап келген «Айова» тобу тууралуу кызык маалыматтарды тартуулайбыз.

Жанры – Инди-поп, заманбап ритм-н-блюз
Негизделген жылы – 2009-жыл
Өлкөсү – Беларусь
Популярдуу ырлары – «Күлүп койчу» («Улыбайся»), «Маршрутка», «Апа» («Мама»), «Кубаныч» («Радость») жана башкалар

«ЛЕНЯ КЫЯЛЫМДЫ ОРУНДАТТЫ»
Беларусь мамлекетинин Чаусы шаарынан чыккан Екатерина Иванчикова балалыгын: «Мен бала кезимде эле музыкага чаӊкап турчумун. Мектепте окуп жүргөндө Могилёв шаарына чейин келип сынактарга катышып, биринчиликке жетишкем. Абдан активдүү кыз элем, ырдын сөзүн бат жаттап, образга тез эле кирип кетчүмүн»,- деп эскерет.
Катя 10-классынан тарта Могилёвго концерттерге барып жүрүп таланттуу ырчылар менен таанышат. Аларды көрүп «менин да өзүмдүн тобум болсо» деп көп кыялданчу. Кийинчерээк топтун гитаристи Леонид Терещенко менен таанышып калат.
«Ленянын көӊүлү келбесе телефонго жооп бербей, көп убакытка жоголуп кетмейи бар экен. Аны менен иштешүү такыр мүмкүн эместигин көп укчумун. Бирок идеяларым ага жагып, экинчи репетицияда эле башка музыканттардын баарын кууп чыгып, азыркы барабанчыбыз Василий Булановду чакырып алды. Ошентип анын жардамы менен менин кыялдарым орундалды»,- деп эскерет Екатерина.

«ТОПТУН КЕЛЕЧЕГИ ЖОК» ДЕШКЕН
Топ түзүлгөнгө чейин Катяны Айова деп аташчу. АКШда индейлердин айова уруусунун атын алып жүргөн Айова штаты бар. Андан тышкары I.O.W.A – «чындыкты жашыра албайсыӊ» деген түшүнүктөгү америкалык идиома Катянын көӊүлүнө төп келип, тобун ошентип атоону чечет. Топтун индейлерге окшош стилде чыкканы да ошондон улам. Алгачкы «Жаз» деген ырын элге жайылтуусу да көп эмгекти талап кылат. Ырчы кыз көп мекемелерге барып дисктерди өзү таратып чыкчу. Айрымдары дароо эле «радиодон кетире албайбыз» деп баш тартышса, айрымдары дискти алып калышканы менен обого чыгарбай коюшкан.
Катя атактуулукка жетиш үчүн музыка чөйрөсүндө жүргөн көп кишилер менен жолугушчу. Айрымдары аларга өзгөрүүнү сунушташса, «топтун келечеги жок» деп жокко чыгарып салгандары да болгон. Акыры чыгармачылык эргүү издеп топ 2010-жылы Санкт-Петербургга жол тартат. 2011-жылы «Жөнөкөй ыр» деген ырына тарткан клибин бир нече апта аралыгында интернеттен 100 миӊ киши карап, ошондон кийин гана радиолор ротацияга ала башташат. Кийинки жылы «Апа» аттуу клиби да элдин кызыгуусун арттырып, кароо боюнча чоӊ «бум» жараткан.

«ЖАКЫНДА ТУРМУШКА ЧЫГАМ»
3 ирет «Золотой граммофон» сыйлыгын алган топтун солисти Екатерина былтыр: «Үлпөт көйнөгүн тандап жатам, жакын арада искусство чөйрөсүндөгү кишиге турмушка чыгам. Эки чыгармачыл адамга чогуу жашоо жеӊил, анткени алар бир тилде сүйлөшөт»,- деген маалымат берген эле. Бирок Катя андан бери турмушка чыга элек. Жеке жашоосу тууралуу ачык маалымат берүүнү туура көрбөгөн ырчы жигитинин атын жашырып келет. Былтыр топтун гитаристи Леонид Терещенко менен Таиландда эс алганынан кийин экөөнү сүйүшкөндөр деп көп айтышат.

Былтыр “Звери” тобу менен берген концертте топтун гонорары 1,2 миллион рублга бааланган.

«Style Mix» триосу 2014-жылы “Жаӊы толкун” сынагынын финалында "Айованын" “Күлүп койчу” деген ырын аткарышкан.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан