МОСКВАДАГЫ ӨРТТӨН 10 КЫРГЫЗ КАЗА БОЛДУ

30-январдан 31-январга караган түнү Москва шаарынын Стромынка көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде өрт чыгып, анын кесепетинен 12 киши каза болду. Каза тапкандардын 8и кыргыз жарандары. Дагы экөө Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар болсо, экөө Өзбекстандын жарандары.

КЫРСЫКТЫН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ
Москвадагы консулдуктун берген маалыматына караганда, каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүү иштери жүргүзүлүүдө. Орусиянын жергиликтүү маалымат булактарынын билдиришинче, өрт кырсыгы боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Кырсыктын келип чыгышы алгач тиричилик же техникалык себептерден болушу мүмкүн деп божомолдонгон. Бирок өрттүн тутануу очогу 2-3 жерде болгондуктан, атайын жасалган кылмыш деп болжолдонууда. Бул боюнча Орусиянын полициясы тарабынан адегенде «2 же андан көп адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кийин бул «мүлктү атайылап жок кылуу» (эгер анын кесепети адам өлүмүнө алып келсе) беренесине өзгөртүлгөн.
Кырсык болгон түнү өрттөн үч кыргызстандык аман калган. Болотбек Садирбеков жана анын келинчеги Айгүл Абдуллаева өрт башталганда цехтен качып чыгууга үлгүрүшкөн. Маркум Токтокан Салиеванын жолдошу Абдибаит Матраимов урандылардын астында аман калган. Учурда бул адамдар полиция бөлүмүндө сурак беришүүдө. Кырсыктын келип чыгуу себептери тергөөнүн жыйынтыгында маалым болмокчу.

КАЗА ТАПКАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНЫН БААРЫ БАТКЕН ОБЛУСУНУН ТУРГУНДАРЫ:

1. Масалиева Сажида Зиёвидиновна, 1988-жылы Баткен облусунун Кызыл-Бел айылында туулган.
2. Салиева Токтокан Маматазимовна, 1983-жылы Баткен облусунун Таян айылында туулган.
3. Салиева Уулкан Маматазимовна, 1997-жылы туулган, Салиева Токтокандын сиӊдиси.
4. Козуев Төлөгөн Мухтаралиевич, 1991-жылы туулган.
5. Иса кызы Айзат, 1995-жылы Баткен облусунун Кайыӊды айылында туулган, Төлөгөн Козуевдин келинчеги.
6. Козуев Манас Мухтаралиевич, 1995-жылы туулган, Төлөгөн Козуевдин бир тууган иниси.
7. Миликаждар уулу Кошонбай, 1990-жылы туулган.
8. Эргешбай уулу Даниель, 4 жашта.

ОРУСИЯНЫН ЖАРАНДЫГЫН АЛГАН КЫРГЫЗДАР:

1. Жапаров Эргешбай Аждарович, 1984-жылы Баткен облусунда туулган. Миликаждар уулу Кошонбайдын агасы, Даниелдин атасы.
2. Тогузаков Эркинбек Аламбекович, 1967-жылы туулган.

ӨРТТӨЛГӨН ИМАРАТТА КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ЦЕХ ИШТЕТКЕН
Маркумдардын туугандарынын берген маалыматына караганда, тигүү цехи кыргызстандык Аламбек Тогузаковдун атына ижарага алынып, уулу Эркинбек эки жылдан бери иштетип келген. Өрт катталган учурда Аламбек Тогузаков Кыргызстанда болгон жана кабарды угуп 1-февралда Москвага учуп кеткен. Өрттөнүп кеткен цехте каза болгондор шейшеп, жаздык кап тигип иштешкен. Каза тапкан адамдардын бетин таанымак тургай жынысын аныктоо да мүмкүн эмес болуп күйүп кетишкенин Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдирип жатышат.
Үч кабаттуу имарат кыштан салынып, сырты жана чатыры жыгачтан болгон. 120 куткаруучу, 27 атайын техника тартылып, 4 саатта өрттү өчүрүп бүтүшкөн. Эгер тилсиз жоо 1-кабаттагы пиротехника сакталган кампага жеткенде анда алаамат мындан да чоӊ жоготууга алып келмек дешүүдө. Өрт кырсыгы ошол күнү түнкү саат 10дордо башталган. 500 чарчы метр жер өрттөнүп, жыгачтан жабылган чатыр да күйүп, түшүп кеткен.

«БИР ҮЙ-БҮЛӨ 3 АДАМДАН АЖЫРАП КАЛДЫ»
Каза тапкан бир туугандар Төлөгөн жана Манас Козуевдердин таякеси Рахматулла Мадалиевге байланышып, окуя тууралуу уктук:
– Бул кырсык биздин жалпы туугандарга өтө чоӊ жоготуу алып келди. Баарыбыз мүӊкүрөп турабыз. Төлөгөн менен Манас менин жээндерим. Манас үйлөнө элек болчу, он гүлүнүн бири ачылбай кете берди. Ал эми Айзат Иса кызы болсо Төлөгөндүн келинчеги. Үйлөнгөндөрүнө 2 жылдан ашып калган. Келинибиз кош бойлуу болушу мүмкүн. Айзаттын атасы берки каза тапкан балдардын туугандары менен бирге 2-февралда Москвага учуп кетишти. Маркумдар менен бул жактан баргандардын тууганчылыгын аныкташ керек экен. Ал үчүн туугандары ДНКларын тапшырышы керек дешти. ДНК жыйынтыктары дал келсе, Орусиянын жарандыгын алган туугандарды да алып келүү жеӊил болот экен. Бир эле үй-бүлө 2-3 адамдан ажырап отурушат.

«АГАЛАРЫМДАН АЙРЫЛДЫМ»
Эки агасынан бирдей айрылган Акмырза Жапаров жашып алды:
– Кабарды угуп, эмне кыларымды билбей турам. Каза болгон Эргешбай Жапаров менен Кошонбай Миликаждар уулу менин агаларым болот. 13 бир тууган болчубуз. Кошонбай агамдын жалгыз уулу туулганына 15-20 күн эле болгон. Ал эми ошол жакта каза болгондордун арасындагы 4 жаштагы Даниель Эргешбай агамдын улуу баласы болчу. Экинчи уулунун төрөлгөнүнө 3-4 эле күн болуп, баарыбыз сүйүнүп жатканбыз. Эркинбек Тогузаков да биздин таякелерибиз болуп калат. Каза болгондордун баары бири-бирине тууган, алыс эмес кишилер.

МАРКУМДАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ ОРУСИЯДАН ЖАРДАМ БЕРИЛБЕШИ МҮМКҮН
Орусиянын «ВТБ Страхование» камсыздандыруу компаниясынын маалымат кызматкери Сергей Усмановдун билдиргенине караганда, каза тапкандардын туугандарына компенсация төлөнбөйт. «Жумушка орношуу үчүн сөзсүз түрдө керек болгон патентти алууда мигранттар атайын камсыздандыруудан өтүшү керек. Анда медициналык жардам гана каралган, адам кырсыктан каза болгон учурда компенсация төлөнбөйт. Ошону менен катар эмгек мигранты өз өмүрүн каалоого жараша камсыздандырып алса болот»,- дейт Усманов. Ошол эле учурда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Михаил Тарасенко: «Жумушка орношууга уруксаты бар мигранттар иш учурунда келип чыккан кырсыктан каза тапса, анда камсыздандырылат. Эгерде Стромынка көчөсүндөгү тигүү цехинен чыккан өрт бөөдө кырсык катары аныкталса, анда маркумдардын үй-бүлөсүнө миллион рублдан компенсация төлөнөт. Орусиянын жарандары менен мигранттардын ортосунда эч кандай айырмачылык жок. Бул жерде маселени өрттүн келип чыгуу себептери гана чечет»,- деп билдирди.
Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматы билдиргендей, «Жүк-200дү» алып келүү өкмөттүн эсебинен каржыланмакчы. Ал эми өлкөнүн ТИМи Москва шаардык полициясынын тергөө башкармалыгына шилтеме берип: «Дайындалган экспертизалар жана башка процедуралардын жыйынтыгы чыккан соӊ гана сөөктөрдү мекенге алып кетүүгө болот. Бул үчүн 1 айга жакын убакыт керек»,- деген маалымат беришти. Кырсыкты жеринен көрүп, жүргүзүлгөн иш-чаралардан кабардар болуу үчүн өлкөнүн вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева 1-февралда Орусияга учуп кетти. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев каза болгон жарандардын жакындарына материалдык жардам көрсөтүүнү жана бул ишти көзөмөлгө алууну президенттик аппаратка тапшырды.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
aikol87
2016-02-08 10:28:45
Ата - энесине бир туугандарына сабыр берсин.Тиги канчандары кандай шериктерин айтпай качышты экен. уктап атышкан окшойт го чамасы Кача алышпай калганга Караганда
0
nurzada78
2016-02-08 11:34:36
Аман чыккан шериктеринен да маек алышса болот эле!
+1
altyn2015
2016-02-08 11:36:21
Аябай жаман иш болду. Кайрат кылыныздар, жаткан жерлери жайлуу болсун.
+2
Pandora
2016-02-08 12:32:21
Ушул окуя болуп,ушуларды эстеген сайын журогум ооруйт.Душманымада мындай кунду каалабаймын,ар бир жанды кудмйым озу сактасын.Жакындарына сабр канаат берсин(((
+3
janara_3006
2016-02-08 12:40:17
Жайы жаннаттан болсун маркумдардын
0
Kunsulu
2016-02-08 14:38:19
аман калгандарды полицияда сурак беришуудо деп жазылып туратго байланышалбаса керек да.
+1
azhibaeva.2012
2016-02-08 15:46:56
Окунучтуу. Ар бир уй булоодон 2.3тон адам олуптур баардыгы жаш экен. Балдарынан ажыраган ата энелер кантти экен. Мурда анча маани бербей аттым эле азыр окуп алып ыйлап атам. Ата энеге бир туугандарына сабыр берсин кайрат кылыныздар калган жашын артында калган жакындарына берсин. Куран окунуздар мындан башка айлабыз жок мин какшап боздосок да кайра тирилте албайбыз. Баарынарга терен кайгыруу менен конул айтамын
+3
Svoboda83
2016-02-08 17:44:20
Окуп жатып козумдон жаш агып жазып жатам Аллахым ушул пенделерди озун берип кайра озун алып жатасын ушул пенделер билип билбей кылган куноолорун кечирип бейиштен орун бере кор жаткан жерлери жайлуу топурактары торлуу болсун ата-эне бир тууган жакындары кайгыгандырды бирге болушом кайрат кылыныздар жакшы адамдардын омуру кыска болот экен.
+7
aichurok5
2016-02-08 18:47:46
Аябай жаман окуя болду, жакындарына сабыр берсин.
+2
tokitok
2016-02-09 00:45:22
неге качып чыга албашты?сыртынан бек болгонбу?же дубалдар устулоруно кулап чыкканга алдары келбей калдыбы?
+1
avaz-t02
2016-02-09 13:17:11
Аллах озу ырайымына алсын жайларын жаннаттан кылсын! Жакындарына сабыр канаат берсин, кылган дубалары кабыл болсун! Эми кыргызчылык кылып отуруп калбай изилдоонун жыйынтыгын талап кылуубуз керек, кунолуулор жооп бериш керек! Кабар алып туралы туугандар!
0
Karaeva
2016-02-09 21:44:12
Э алла,сабыр бер ушул откон инсандардын ата-энелерине,жакындарына.Бир эмес эки жигит балалуу болуп суйунуп,наристесинин жытын жыттай албай,кандай кырсык болду аа,балдарынын жузун корбой кетишти курган балдар,бул жакта келиндер калды чыркырап,аларды таппай,аттин жаман иш болду,кандай кылабыз конул айткандан башка аргабыз жок алыстабыз,кайрат кылыныздар,эми соокторду эптеп алып келип жерге берип куран окуп тургандан башка кандай чарабыз бар эле ата-энелер,эч кимди балам деп боздотбосунчу кудайым.
+1
belek16
2016-02-10 09:16:02
эгер чын эле бул атайын жасалган орт болсо анда муну жасаган да кыргыз болуп чыкпаса болду. Жаман иш болуптур Алла сабыр берсин туугандарына
-1
portugalia
2016-02-11 10:54:54
Орт тилсиз жоо.Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтабыз.
0
Gulnur-Emina-Medina-2016
2016-03-20 04:06:24
Супер маркумдарды алып кеткен кетпеген туурасында да маалымат берип койсонор жакшы болмок
0
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан