Татьяна Иванова, доктор: «ОНКОЛОГИЯ, ДИАБЕТ, ТАЛМА, ПАРКИНСОН ООРУСУ ЖАНА ПСОРИАЗ... БААРЫ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КОЛДОН КЕЛЕТ!»

Дүйнөдө аналогу жок уникалдуу КМСД аппараты абдан так диагноз гана койбостон (анализсиз жана жагымсыз текшерилүүсүз), натыйжалуу да айыктырат. Окумуштуулар тобу медицина тарыхында аналогу жок уникалдуу технологияны жаратышты.
Диагноз коюу, оорунун алдын алуу жана дарылоо спектралдык-динамикалык КМСД аппаратынын жардамы менен бейтаптын толкун талаасын сканерлөө жолу аркылуу жүргүзүлөт. Бул аппараттын иштөөсү ядердик магниттик резонанска байланыштуу технологияга негизделген. Бирок ошол эле кезде башкы өзгөчөлүгү – спектралдык-динамикалык анализ колдонулгандыгы.
Систем КМШ, Европанын алдыӊкы аттестацияланган илимий жана илимий-медициналык мекемелеринен сыноодон өтүп, 85 пайыз оӊ жыйынтыкка ээ болгон. Бул сандар айыгууга мүмкүнчүлүгү жок делген 10 бейтаптын 8-9у КМСД борборуна кайрылып, айыгып кетти дегенди билдирет.

«СНАЙПЕРДИК ДИАГНОСТИКА – БАШКЫ ЖЕТИШКЕНДИГИБИЗ»
Уникалдуу ыкма тууралуу билүү үчүн доктор Татьяна Ивановага кайрылдык, ал төмөнкүдөй маалыматтарды берди:
– Биздин борборго КМШнын гана эмес, Европа өлкөлөрүнүн жашоочулары да текшерилип, дарыланышат. Алып айтсак, Германия жана Австрияда медицинанын деӊгээли жогору экендигине карабастан ошол жактардан көп келишет. Бир ирет мьюнхендик адам 14 жаштагы балдардын шал оорусу менен ооруган уулун алып келди. Эки аптадан соӊ алар үйүнө кубануу менен кайтып кетишти. Биз баланын кыймыл-аракетин калыптантып, жөнгө келтирдик. Ал өзүн-өзү тейлеп калды. Бул ата-энесинин оюна да келген эмес. Ал бала 1 жыл мурун атайын мектепте окуса, азыр катардагы мектепте окуп жатат жана колледжге тапшырууга даярданууда.
Дагы бир 14 жаштагы австриялык кыз жыныстык жетилүү жагынан артта калыптыр. Көрсө, баары ичеги курттардын айынан экен. 1 ай дарыланган соӊ кызда кадимкидей өсүү башталды. 3 айда бою 6 сантиметрге өстү. 1 жыл ичинде гормоналдык балансы жана жыныстык функциялары калыптанды.
Биздин кесиптешибиз, Европа бирикмесинин неврологдорунун вице-президенти Дробныга словакиялык 62 жаштагы аялды күйөөсү жана уулу көтөрүп келди. Көрсө, мээсинин оӊ жарым шарынын маӊдайкы бөлүгүндө сезгенүү бар экен. 40 мүнөт КМСД аппаратын колдонгондон кийин өзү басып кетти. 42 күндөн соӊ сүйлөп, 2 ай өткөндө толугу менен айыкты.
34 жаштагы спортчу башынан жаракат алып, талма оорусуна чалдыгыптыр. 2 жашынан тартып талмага кабылган 5 жаштагы кызды да алып келишти. Биздин аппаратты аларга 5 ирет колдонгон соӊ талмадан айыгышты.

«БИР ДАГЫ ТЕРС ЖЫЙЫНТЫК ЖОК»
– КМСДагы бейтаптын саламаттыгынын индивидуалдуу абалын толук билдирүүчү систем микропроцессордо камтылган айланып туруучу 700 миӊ фазалык мейкиндиктен сигналды 3 секундда кабыл алууга жетишет. Анан врач андагы маалыматка карап текшерилип жаткан адамдын бардык органын, системдериндеги оорулар тууралуу аныктай алат. КМСД – бул бейтаптын электр талаасын комплекстүү изилдей турган универсалдуу спектралдык анализатор. Ал организмдеги патологиянын (өзгөрүү, оору) деӊгээлин төмөндөтүп, иммундук системге оору менен өзү күрөшүүсүнө жол ачат. Мисалы, 100 оорулуунун 72 пайызы айыгып, 28инин абалы жакшырат.
Бизге келген оор атлетика боюнча венгриялык спортчу Янош Майердин булчуӊ жана тарамыштары жарылып кетиптир. Бир аптага жетпеген убакта КМСД аппараты аны айыктырып, ал машыгууга чыгып калды.
КМШ, Европа боюнча 86 миӊ бейтап бул ыкмага кайрылып, бир да терс жыйынтык болгон жок.

«АППАРАТ МЕНЕН БАШ МЭЭНИН СЕЗГЕНҮҮСҮН АНЫКТООГО БОЛОТ»
– Профессор Дробны магниттик резонанстык томографияны колдонбой, баш мээнин сезгенүүсүн биздин аппарат менен аныктоого боло турган ыкманы иштеп чыкты. Ал боюнча 98,4 пайыздык көрсөткүч МРТнын көрсөткүчү менен дал келет, бирок буга 15-20 мүнөт гана кетип, бейтап нурланууга кабылбайт.
Аппарат коопсуз болгондуктан кош бойлуулар менен да иштейбиз, ал эне жана баланын саламаттыгы боюнча так маалымат берет. Маалымат боюнча бойдогу балада патология (тукум куучу оору) бар же жогун аныктоого болот.
Учурда Братиславанын онкологиялык клиникасында шишикти аныктоо боюнча эксперимент жүргүзүлүп, 98,4-98,6 пайыз так диагноз коюла тургандыгы аныкталды.
Залалдуу шишиктин III-IV стадиясынан жабыркагандардын 100 пайызында жеӊилденүү күтүлөт. Залалсыз шишиктерден жабыркагандардын 62-64 пайызынын саламаттыгы жакшырат. Эгер химиялык терапия убагында биздин аппаратты колдонсок бейтаптын чачы түшпөйт, боор, бөйрөгүнө күч келбейт.
Эгер оорунун себебин таап, аны четтетсек бөйрөктөгү, өттөгү таштар бузулуп, майдаланып, акырындап организмден чыгат.
Бир ирет бизге көрүүсү начарлап кеткен 2 бейтап келди. Биринин көрүүсү минус 14, экинчисиники минус 12 экен. 6 сеанстан соӊ биринчисинин көрүүсү минус 4кө, экинчисиники минус 6га чейин көтөрүлдү. Болбосо алар көз хрусталиктерин алмаштыруу боюнча операцияга барабыз деп калышкан экен.

«АЛКОГОЛИЗМДЕН, БАӉГИЛИКТЕН 2 АПТАДА КУТУЛТАТ»
– Аппараттын таасири астында ичкиликке тартылуу жоголот. Баӊгиликтен арылууда да абдан жакшы жардам берет, бирок адамдын эрки да керек.
Аракечтерде ичимдиктин айынан боор циррозунун келип чыгышын биздин аппарат алдын алат, жабыр тарткан боор клеткаларын калыптандырат. Гепатиттин A, B, C түрлөрүнө таасири күчтүү. Боор ткандары, билирубин калыпка келет. Биздеги диабетиктер толугу менен инсулин көз карандылыгынан бошонушту, алар азыр организмди көтөрмөлөөчү дарыларды гана ичишүүдө.

«ТЕРИ, ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК, УРОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАР ЖОК БОЛОТ»
– Псориазда тери 2-3 аптада тазарып, организм функциялары калыптанат. Жатын түтүктөрүнүн сезгенүүдөн улам бүтөлүп калуусунда, урук чыктагыч бездин сезгенүүсүндө, шакыйда да КМСД аппараты колдонулуп, айыктырат.
Тиш жана жүрөк оорусунда аппарат ооруну 5-6 саатка блокировкалап, ал учурда бейтап менен врач айыктыруу жолдору боюнча кеӊешип чече алышат.
2 бейтап Паркинсон оорусу менен келген (79, 84 жаштарда). КМСД колдонулган соӊ азыр велосипед тебүүгө жетишип калышты. Дарылоодон мурун алар кашыкты ооздоруна жеткизе алышчу эмес.
Сөөк чучугуна байланыштуу ооруларды, грибок жана кан тамыр ооруларын да КМСД айыктырарын айта кетели.

КМСД АППАРАТЫ ТӨМӨНКҮ ООРУЛАРДЫ АЙЫКТЫРАТ:

  • Ашказан-ичеги ооруларын (панкреатит, холецистит, гастрит, колит, ашказан жана 12 эли ичеги жарасы, кант диабети, гепатиттин A, B, C түрлөрү, порталдык гипертензия, өт жолдорунун дискинезиясы, ичегинин дисбактериозу, өттүн таш оорусу);
  • Тери ооруларын (дерматит, нейродермит, экзема, грибок, псориаз);
  • Нерв системинин ооруларын (невроз, депрессия, невралгия, неврит, балдардын шал оорусу (ДЦП), неврастения, остеохондроз, люмбалгия, талма, Паркинсон оорусу);
  • Дем алуу жолдорунун ооруларын (ринит, трахеит, бронхит, пневмония, ларингит);
  • Аллергиялык ооруларды (поллиноз, бөрү жатыш, бронхиалдык астма);
  • Жүрөк-кан тамыр ооруларын (жогорку кан басым, жүрөктүн ишемиялык оорусу, тахикардия, мерцателдик аритмия, атеросклероз, стенокардия, кызыл жүгүрүк, варикоз);
  • Заара чыгаруу жолдорунун ооруларын (пиелонефрит, цистит);
  • Муун ооруларын (артрит, артроз, бөйрөк кистасы, нефрогендик анемия, паранефрит, уретрит)
  • Гинекологиялык жана урологиялык ооруларды (жатын түтүкчөлөрүнүн жана урук чыктагыч бездин сезгенүүсү, эндометриоз, климакс, жатын моюнчасынын эрозиясы, баланопостит, везикулит).

Лидия Строева

Эсиӊизде болсун! КМСД аппараты Бишкекте
(Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, лицензия №2679)
2016-жылдын 8-февралынан 21-февралына чейин болот.
Кабыл алуу баасы – 2500 сом.
Дареги: Москва-Правда көчөлөрүнүн кесилиши (Ибраимов, 61)
«Народный» остановкасы, «Мир розеток» дүкөнүнүн артында.
Байланыш телефондору: 0558 08 68 09

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Ledi89
2016-02-08 12:11:23
Менин жолдошум коп жылдан бери псориаз оору менен ооруйт , ушул оорудан айыгып кеткендер барбы экен. Кылбаганыбыз, ичпеген даары мазь калбады. Кабыл алганы эле 2500 сом бу андан сырткары акча алабы ? Кантип билсек болот так маалымат админ.
0
Be_a_hero
2016-02-08 12:44:30
Ledi89,
Дареги: Москва-Правда көчөлөрүнүн кесилиши (Ибраимов, 61)
«Народный» остановкасы, «Мир розеток» дүкөнүнүн артында.
Байланыш телефондору: 0558 08 68 09
ушул номерге чалып кор да, так маалымат беришет
0
admin_superstan
2016-02-08 17:51:47
Nasyrkg,
Саламатсызбы! Порталдын “Соңку кабар” жана “Супер-Инфо” бөлүмүндөгү “Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Медиа-портал" бөлүмүндөгү “Супер ТВнын” ичиндеги “Бизнес-инфо” рубрикасы деген рубрика жана белги менен чыккан жана башка жарнамалык негизде жарыяланган материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
0
dazhan
2018-02-25 20:07:27
Здравствуйте.
Хочу обратиться к вам с таким вопросом: Недавно прочитали и узнали что есть такой аппарат КМСД который диагностирует и излечивает такие тяжелые заболевания , которым не все медицинские усилия под силу помочь . В рубрике Супер Инфо кg было опубликовано о вашем устройстве КМСД в Кыргызстане и приеме тяжело больных с 8го февраля по 21 февраля 2016 года., но к сожалению нам не было известно о том и узнали об этом только сейчас и глубоко сожалеем что опоздали не могли попаст
0
dazhan
2018-02-25 20:13:49
попасть к вам на прием и обследоваться . У нас тоже по своему роду очень тяжелая ситуация ,тяжелая потомучто страдаем эпилепсией уже много лет с 2010 года с осени.Не теряем надежды и думаем вылечимся с помощью вашего аппарата .Очень нуждаемся в вашей помощи.Хотим попасть к вам и обследоваться,откладывать на потом не можем потомучто время идет а ребенок страдает .Если это возможно мы поедем так как здесь у нас в столице нет такого апарата и шанса на вылечивание мало.Пожалуйста услышьте нас и
0
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан