АРЗАН ЖАНА БАТ ЖАСАЛЧУ КАПКЕЙК

Америкалыктар ойлоп тапкан капкейктин рецепттери алгач 1796-жылы ашпозчунун китепчесинде пайда болгон. «Сupcake» сөзүн англис тилинен которгондо «чөйчөктөгү торт» деген маанини берет. Бул десерт «fairy cake» деген ат менен да белгилүү, кыргызча которгондо «пери үчүн торт».
Көп убакыттан бери буюртма алып үйүндө капкейк, торт жасап, жакшылыктарда элди таттуулар менен камсыздап келе жаткан Каира Абазбекова капкейктин бир нече рецеби менен бөлүштү.

КЛАССИКАЛЫК КАПКЕЙК

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 200 грамм
Жумуртка – 4 даана
Кумшекер – 200 грамм
Маргарин – 200 грамм
Көптүргүч (разрыхлитель) – 9 грамм
Ванилин – 1 чымчым

Жасалуу ыкмасы:
Маргаринди майда бөлүктөргө бөлүп, үстүнө кумшекерди салып, миксер менен аралаштырабыз. Эми мунун үстүнө жумуртканы бирден чагып, улам миксер менен аралаштырып, бирдей массага келтиребиз.

Кийинки кадамыбыз унга көптүргүчтү, ванилинди кошуп аралаштыруу. Эми унду чалынган жумурткага кошуп жакшылап аралаштырабыз.

Желимден жасалган атайын калыптардын ичине кагаз калыптарды салып, даяр камырды бөксө кылып кашык менен салабыз. 180 градуста ысып турган электр мешинде 30 мүнөт бышырабыз.


Креми үчүн:
Крем үчүн атайын каймак – 200 грамм (майлуулугу 30 пайыздан кем болбошу керек)
Каймак – 2 аш кашык
Коюулатылган сүт – 3-4 аш кашык

Баарын бир идишке салып, миксер менен аралаштырып, бирдей массага келтирип крем даярдап алабыз. Капкейктер муздаганда үстүн кондитердик шприцтин жардамы менен кооздоп чыгабыз.

КЫЗЫЛ БАРКЫТ

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 230 грамм
Кумшекер – 200 грамм
Какао – 2-3 аш кашык
Туз – 1 чымчым
Көптүргүч – 1 чай кашык
Жумуртка – 2 даана
Өсүмдүк майы – 120 грамм
Айран – 190 грамм
Боёк – 4-5 тамчы
Аш содасы – 1 чымчым

Жасалуу ыкмасы:
Эки жумуртканы чагып, ага өсүмдүк майын, аш содасын, айран кошуп аралаштырабыз. Аягында көптүргүчтү, ун, кумшекер, какао, туз, боёк кошуп миксер менен бирдей массага келтиребиз. Электр мешине бышырып алган соӊ кондитердик шприцтин атайын тишчеси менен ортосун оюп, мейиз, кургатылган өрүк, жаӊгак, лимондун кабыгынын таарындысын салып койсоӊуз болот. Анан үстүн жогорудагыдай ыкмада даярдалган крем менен кооздойбуз.

САБИЗДҮҮ КАПКЕЙК

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 200 грамм
Сабиз – 200 грамм
Жумуртка – 4 даана
Кумшекер – 200 грамм
Маргарин – 200 грамм
Көптүргүч – 9 грамм
Ванилин – 1 чымчым

Жасалуу ыкмасы:
Мунун даярдалып, бышырылышы классикалык капкейктикиндей эле. Болгону камырга тиштери чоӊ сүргүчтөн өткөрүлгөн сабиз кошулат. Ал эми үстүндөгү кремин буга чейин жасаган кремибизден бир аз бөлүп алып, ага сары боёк кошуп сабизди, жашылды кошуп жалбырагын тартып койсоӊуз болот. Эскертүү! Боёкту кремге бир тамчы эле кошуӊуз.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
bantik
2016-02-08 12:34:05
Капкейк оной, бат, даамдуу экен. Келгиле сатып эч нерсе жебейбиз.
+4
Pantherka
2016-02-08 14:03:58
Кремин кантип жасашат мага ошо кызык калганы онойго?
+2
janko1
2016-02-08 15:20:13
Pantherka,
Баарын бир идишке салып миксердин жардамы менен аябай аралаштырасыз. Озу эле кадимки кремдей болуп калат.
+1
regina86
2016-02-08 18:44:55
Американский печеньенин да рецептерин жазгылачы
+2
admin_superstan
2016-02-09 10:48:26
regina86,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
magic1721
2016-02-08 19:16:39
крем таттуу болот го? рецепте шекердин колому жок го? ?????
+1
ROUSE
2016-02-08 21:51:16
magic1721,сгущенка менен каймакты миксер менен аралаштырып крем жасайт экен.
+2
bantik
2016-02-09 09:15:50
magic1721, коюлтулган сут деп жатат го ошол шекердин ролун аткарат. Ал сгущенка да
+2
magic1721
2016-02-08 19:17:49
бугунку биздин чакан майрамда капкейк алдым ;))
+1
bantik
2016-02-09 09:16:33
Сонун таттуу экен. Магазинден бироону 50 сомго алчумун. Озун жазасан арзан тушот экен.
0
gulkar
2016-02-09 15:38:43
Мен дайыма эле уйдон жасайм,рецепт ушундай эле менде дагы.Бирок кремин жасачу эмесмин эми жасайт окшойм.
Админ; Шоколадтын да рецебин жазгылачы.(уй шартында жасашты)
0
admin_superstan
2016-02-09 17:20:34
gulkar,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
aiko9388
2016-02-10 17:49:26
Соонун го...
0
dilnur
2016-02-10 19:31:13
kekstin da retsebin jazyp koyunuzdarchy
0
admin_superstan
2016-02-11 09:40:22
dilnur,
Саламатсызбы! Кекс тууралуу жазылган. Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз.
http://www.super.kg/article/show/27931
0
Nurzat1
2016-02-12 09:21:28
супер инфо жалкоолуктан кантип арылса болот ушул тууралуу маалымат жазгылачы сураныч
0
admin_superstan
2016-02-12 12:01:44
Nurzat1,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
hello.kg
2016-02-12 21:50:15
Менда жалкоолуктан арылалбай журом.толуп да баратам. Арыктоонун жолдорун айткылачы
0
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан