Мирлан Жакыпов, «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору: «КАРА АЛТЫН МЕНЕН КАЛКЫБЫЗДЫ ТОЛУК КАМСЫЗДАЙ АЛАБЫЗ»

Жетекчилик жөндөм-шык – иш десе ичкен ашын жерге коюп, күндүр-түндүр эл камын көрүү, жамаатты алдыга сүрөп, айткан сөзү менен аткарган иши дал келүү... Бүгүнкү күндө ушул асыл сапаттар бизге аба менен суудай зарыл болуп турат.
Талкалаш оӊой, куруу кыйын... Кайдигерликтин айынан карызга белчесинен баткан ишкананы заматта бутуна тургузуп, ынтымак, тартип, мекен жүгү деген ыйык милдеттерди эӊ башкы эрежем деп санаган «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Мирлан Жакыпов өзүнүн иш билгилиги, уюштургучтугу менен эл оозуна алынып, мыкты жетекчиге айланып отурат. Мирлан Жакыпов айрымдарга окшоп жумушчу орундарга өӊ тааныш же тууган-туушкандарды алып, илеӊ-салаӊдыкка барган жок. Жетекчиликке келген эки жыл ичинде эл үчүн иштеп, мекен жүгүн артынды. Маӊдай терин агызып, коом үчүн маанилүү делген нерселерге умтулду. Жыйынтыгында «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасы эӊ алдыӊкы мекемелердин катарына чыга келди.
Ар бир үйгө жылуулук тартуулагысы келген Мирлан мырза менен ара-чолодо жолугуп, өлкө өндүргөн кара алтын жана 2014-2015-жылдарда аткарылган иштер, алдыдагы максаттар тууралуу маек курдук.

– Мирлан мырза, өлкөнү артка тарткан эӊ коркунучтуу илдет кайдигерлик эмеспи. Кайдигерликтин сазына баткан ири ишкананы оӊ жолго коюуда кандай тоскоолдуктар болду?
– Оболу сөзүмдү калкты кара алтын менен камсыз кылган мекеменин жаӊыдан жетекчи болуп дайындалган алгачкы күндөрүнөн баштагым келип турат. Буга чейин ар кыл тармакта иштеп, кесибим укук таануучу болгондуктан, ишти биринчи кезекте мекемедеги мыйзам бузууларга бөгөт коюудан баштадым. Албетте, бир топ бут тосуулар болду. Адамдар арасында ак менен караны айырмалай билгендери да көп экен. Ак мээнет менен адал жашагысы келген адамдар көп. Дал ушундай адамдар мекемеге реформа жасоодо мени колдоп чыгышты.
Кайда гана болбо, ишти мыйзам чегинде жүргүзсөӊ, акыры жеӊишке жетесиӊ. Өз көмөчүнө күл тартып акчаны оӊду-солду сологон, казынага ири зыяндарды келтирип, жеке тааныш, тууган-уруктарын кызматка алган окуяларды токтотуу керек деген чечимге келдим. Иш качан алдыга жылат? Өз кесибин жан дили менен берилип аткарып, жоопкерчиликтүү адамдар көбөйгөндө гана. Мындай адамдар мекеменин кадыр-баркын көтөрөт. Андыктан ишканага аттестация жүргүздүк. Аттестациядан өтпөй калгандардын ордуна татыктууларын тандадык. Баш-аягы 56 адам аттестациядан өтпөй, алардын ордуна жаӊы кесипкөй кызматкерлер алынды. Коррупция менен күрөшүү үчүн электрондук салмактык индикатор, санариптик видео жабдууларын орноттук. Иш процессине көзөмөл жүргүзүлүп, онлайн режиминде байкоого алына баштады. Жумушчулардын айлык акысы мурда 7-8 миӊ сом болсо, азыр орточо эсеп менен 21 миӊ сомго чейин жогорулады.
Ишканада буга чейин одоно мыйзам бузуулар катталгандыктан ички аудит жүргүзүлүп, Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка материалдар өткөрүлүп берилди. Маселен, бир кезде күнүнө өндүрүлгөн көмүрдү ташууда
100 унаа болсо, анын теӊ жарымынан көбү сол чөнтөккө кетип турган. Анан албетте, ишкана артка кетип, кредитордук карызы 130 миллион сомго чейин чыккан. Бүгүнкү күндө бул карыздын 120 миллиону жоюлуп, 10,8 миллион сом калды.
– Ал эми техника шаймандары кайсы эсептен толукталды?
– 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген 50 миллион сом пайызсыз зайымга 2 экскаватор, 3 жүк салуучу унаа, 1 бульдозер алдык. Жакында көмүрдү жеткирүүгө унааларды алалы деп Кыргыз-Орусия Өнүктүрүү фондуна кайрылдык. Кудай буюрса, бул маселе да чечилип калгысы бардыр.
– Жалпыга жакшы маалым болгондой, «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын жана «Кара-Кече» филиалынын айланасында бир топ чуулгандуу окуялар орун алып келген. «Кара-Кечеде» алтургай криминалдык күчтөр аралашкандыгы айтылып келет...ө
– Криминалдык күчтөрдүн көмүр кенине аралашуусу ишке бир топ кедергисин тийгизген. Кендин тегерегинде уурулук күч алган. «Кара-Кечеде» курал колдонушуп, атышып жана бычакташып жатып натыйжада 4 тургун каза болгон. Жумгалда эки күтүлбөгөн кырсык да катталды. Үрөй учурган көрүнүштү токтотуу үчүн жардам сурап ИИМге да кайрылдык. Жергиликтүү тартип сакчыларынын айрымдары кылмыштуу топторду жеӊ ичинен колдоого алып келгендиги да белгилүү болду. Акыры Ички иштер министрлиги менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишти таза барактан баштайлы дедик. Бактыга жараша, азыр андай терс элементтерден арылып, иш өз нугуна түшүп отурат.
– «Кыргыз Көмүр» ишканасы менен бирдикте республика боюнча канча ишкана иш алып барат?
– «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасы 34 жеке ишкананын ишин координациялайт, түндүк аймакта 14, түштүк аймакта 20 ишкананы. Калгандары менчик ишкана болгондуктан, биз менен биригеби же жокпу, ал өз тандоолорунда.
– Өлкөбүздө өндүрүлгөн кара алтындын көлөмүнө токтоло кетсеӊиз?
– 2013-жылы 63 миӊ тонна өндүрүлсө, 2014-2015-жылдары биринчи жолу «Кыргыз Көмүр» ишканасы ири көлөмдө 1 миллион 882 миӊ тонна көмүр өндүрүп, былтыркыга салыштырмалуу 103 пайызга көп казылды. Товардык продукция наркы 2 391 553 сомду түздү. Бул өткөн жылга караганда 6 пайызга жогору дегенге барабар. Ушундан улам ишкананын кызматкерлерине 45 миллион сом айлык акы төлөнүп, 18,7 миллион сом Социалдык фондго которулду. Баса белгилей кетчү жагдай, ишканабыз өлкө өндүргөн көмүрдү Кытай, Өзбекстан жана Тажикстанга 65 миӊ тонна экспорттоп, 105 миллион сом пайда таптык.
– Демек, өлкө өзү өндүрүп чыккан продукциясы менен коӊшу өлкөлөргө көз каранды болбогонго кудурети жетет экен да?
– Туура айтасыз. Бирок ушуга чейин Бишкек жылуулук электр борбору жана калктын айрым бөлүгү коӊшу Казакстандан алынып келген көмүрдү колдонушат. Ал жактан бизге канча тонна кирип жаткандыгын бажы кызматы көзөмөлдөгөндүктөн, мен бул тууралуу айта албайт экенмин. Ал эми кара алтындын запасы жергебиздин Талас аймагынан башка бардык жеринен чыгат. Демек, өзүбүздү өзүбүз көмүр менен камсыздаганга толук кудуретибиз жетет. «Кара-Кече», «Кабак» ири көмүр кендеринен тышкары бизде «Шарбон», «Берекет», «Нарынкөмүр», «Акжол-Көмүр», «Варгас», «Тегене», «Нарк-Тоо» сыяктуу жана башка бир топ көмүр кендерибиз калкыбызды толук камсыздай алат деп ишенимдүү айта алам. Өткөн жылда Нарында – 694 811, Ысык-Көлдө – 3393, Баткенде – 249 467, Ошто – 775 321, Жалал-Абадда – 159 657 тонна көмүр чыгарылган.
– Анда Бишкек жылуулук электр борбору эмнеге өзүбүз өндүргөн көмүрдү колдонбойт?
– Бишкек жылуулук электр станциясынын буу казандары мазут, газ жана көмүр менен жылыйт. Ушул күнгө чейин Казакстандан жылына 1 миллион тонна көмүр сатылып алынат. Бул маселе парламентте да, өкмөттө да каралууда. Бишкек жылуулук электр станциясына оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзүү менен катар өзүбүздүн кенди колдонууга ылайыкташтырып жасалса, анда жергиликтүү көмүр менен жылып, нечендеген акча сыртка кетпей, салыкка да төлөнмөк. 2015-2016-жылдар үчүн «Кабак» бассейнинен
450 миӊ, «Таш-Көмүр» кенинен 50 миӊ тонна сатылып алынууда.
– Жылына өлкөбүзгө канча тонна көмүр керектелет?
– 6 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн жылына 2 миллион 200 миӊ тонна керектелет.
– Маек куруп бергениӊиз үчүн рахмат. Ишиӊизге ийгилик!

«Жумушчулардын айлык акысы мурда 7-8 миӊ сом болсо, азыр орточо эсеп менен 21 миӊ сомго чейин жогорулады».

«Бир кезде күнүнө өндүрүлгөн көмүрдү ташууда 100 унаа болсо, анын теӊ жарымынан көбү сол чөнтөккө кетип турган».

Улукман Молдобеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nasyrkg
2016-02-08 16:10:35
Жаз келээрине 15кун калганда калкыбызды толук камсыздайбыз деп турбайбы
+1
Drongo
2016-02-12 19:42:39
Nasyrkg, аябай кулдурдунуз го.
0
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан