(Башталышы өткөн сандарда)
Сөөк Бишкекке алынып келинди. Көп кабаттуу үйлөрдүн жанына тургузулган боз үйдүн айланасына Аруукеге жакын кишилер өкүрүк салып кошок айтып турушту. Көпчүлүктүн арасында ызага муунуп турган Малика «Жанар келди бекен?» деп ойлоду. Анын сүрөтүн бир-эки жолу Аруукенин телефонунан көргөн. Тааныш жүздү издеп таба албай койду. Демек, келбептир. Билбей калдыбы? Малика «сөзсүз ага кабарлаш керек» деп ойлоду.
***
Жанар окуу жайда болчу. Группалаштарынын бири аны сыртта бейтааныш кыз издеп келгенин айтты. «Арууке болуп жүрбөсүн?» дароо ушундай ойлоп жиберип, бул ойго чын ниети менен ишенгиси келди. Ансыз да көргүсү келип, сагынып жүргөн. Бирок Арууке эмес экен. Көздөрү шишик тарткан орто бойлуу кыз Жанарды көрөрү менен:
– Сиз Жанарсызбы?- деген суроо узатты.
– Ооба.
– Мен Маликамын. Аруукенин курбусу болом. «Ал келген экен. Кечирим сураш үчүн курбусун жөнөткөн тура. Арууке, сени кечирем. Кайда бармак элем?» Жанардын башына
толгон-токой ойлор келе калды.
– Угуп жатам,- деди сыр алдырбай. Көкүрөгүн белгисиз кубаныч кытыгылап жиберди.
– Мен кабарлап коёюн дедим...- кыз мукактанды.
– Түшүнбөдүм.
– Арууке каза болуп калды. Анын сөөгүн жаӊы эле алып келишти,- Малика ыйлап жиберди. Азыр эле Аруукесин көрөрүнө, анын кечирим сурап кайтып келгенине ишене баштаган Жанар нес болду. Эч нерсе сураган жок. Башына да эч ой келбеди. Аз-аздап кадам шилтеп барды да, анан чуркап жөнөдү. Малика ыйлап кала берди. Окуу жайдан чыгып, Аруукенин үйүн көздөй чуркап баратты. Кантип жеткенин билбейт. Короодо боз үй тигилип туруптур. Аруукенин сулуу сүрөтү анда илинип турат. «Жок! Аруш!» көкүрөгүнөн кыйкырык чыгып, бирок алы кетип буттары шилтенбей калды. Тизеси бүгүлүп жерге урунду. «Аа-а!» ачуу кыйкырык баарынын көӊүлүн бурду. Көп кабаттуу үйдүн короосунун кире беришинде ак көйнөкчөн жигит тизелеп отуруп алып башын муштагылап бакырып жатты. «Ким болду экен?» деген шыбыраган үндөр угулду. Жигит өксүп ыйлай берди. Эки адам аны жөлөп-таяп тургузушту. Баары өкүрүп келип Кадырдын моюнунан кучактап, аялдар Калиянын ызасын теӊ бөлүшмөккө ага кайрат айтып жатышкан. А бул жигит эч кимге көӊүл бурган жок. Кыязы, анын күйүтү башкалардыкынан алда канча күчтүү, алда канча армандуу окшойт. «Эми мен кантем? Эми мен кантем?» Аруукесине миӊ таарынып, миӊ көӊүлү калгандай болгону менен кыздын тирүү жүргөнүнө жүрөгү канааттанып, аны күтүп жүргөн экен. Ал муну бүгүн билди. Боз үйдүн жанына келип «Арушум! Аруутайым! Берекем» деп ызага муунган Жанар эч кимди көзгө илбей эле кирип барды. Эч ким кармаган жок. Көбү «тууганы же байкеси» деп ойлошту. Ичкериде отурган Калия Жанарды дароо тааныды. Көзүнөн он талаа жаш кеткен жигит жүзү жабылып турган кыздын жансыз денесине жакындап, чыркырап ыйлап жатты. Кимдир бирөөлөр колунан тартып, сыртка сүйрөштү. «Байкебай, бир көрүп алайын! Бир көрүп алайын, байкебай!» Жанар ый аралаш жалдырап жиберди. Көзүнүн нуру өчүп, акыл-эстен азып калгандай. Калия Жанарды бошотуп алды. Жөн койгула дегендей ишарат кылды. Кийин үч бүктөлүп жер сабап ыйлап жаткан жигитти бооруна кысып, өзү да көпкө ыйлады. «Шордуу кызым, ай! Шордууларым, ай!» күйүтүн ката албай жаткан Калия акыры өзүн колго алды. «Өйдө бол! Келегой, өйдө бол, балам!» Жанар башын көтөрдү. «Көрүп ал, балам. Көрүп ал» эне шуу үшкүрдү. Колдорун калтырак баскан Жанар саамга көз жашын токтотуп, чечкиндүү түрдө сөөктүн жанына барды. Ага Аруукесин көрсөтпөй коюшабы деген ойдон ушунчалык коркуп жаткан. Жабууну ачты. «Арууке... Арушум! Берекем!» өзүнө ээ боло албай калды. Акыр-аягына чейин ишенгиси келген эмес, азыр да ишенбей турду. Бирок бул түш эмес болчу. Кыздын жүзүнөн, эрдинен сүйдү. Көз жашы токточудай эмес. Кимдир бирөөлөр сыртка алып чыгып кетишти.
***
Сөөктү жерге бере турган күн келди. Калия арманын, азабын көкүрөгүнө сыйдыра албай ызага муунуп, өксүп ыйлап кала берди. Жанар кетпей жүрөт. Эч нерсе ичпей-жебей эле боз үйдү айланып, эшикте түнөп калган. Көпчүлүк менен кошулуп мүрзөгө барды. Үнүн чыгарбай кемшеӊдеп ыйлап жатты. Боз топурактуу кичине дөбө пайда болду. Арууке кайткыс сапарына кетти.
Мүрзөдөн келе жатканда Жанардын жанындагы эки адам сүйлөшө кетишти.
– Эмнеден каза болуптур дешти?
– Ооручу экен. Атасы «мээсинде шишик бар болчу» деп айтыптыр.
– Анан эмне ал байкуш оорулуу кызды Москвага кетирип жиберишкен?
– Өзү кетип калыптыр. Эч кимге айтпай-дебей, «дарыланып жатам» деп айтышкан дейт. Бирок «баары бир каза болот» деп врачтар айтышкан экен.
– Айыккыс дарт го, ээ?
Жанар эми баарын түшүндү. Кыз оорусун андан жашырып, аны азапка салгысы келбей качкан тура...
(Уландысы кийинки санда)