Учурда спорт менен машыгып, келбетине кам көрүп жаткан Арсен менен маек машыгуу залда болду. «Спорт зал үйүмдөй болуп калды» деген ырчы машыгып жатып спортко болгон кызыгуусу, спорт азыктары, жаӊы сүйүүсү тууралуу айтып берди.
– Арсен, бизди спорт залга чакырганыӊа караганда спортко катуу киришкен окшойсуӊ?
– Спорт менен машыгып баштаганыма 4 ай болду. 10 жылдан бери машыкпай жүргөнүмдөн курсагым чыгып, жалкоо болуп калгам. Азыр аптасына 3 күн 4 сааттан машыгам. Бул жакта жөн гана булчуӊдарды чыӊдабастан атайын көнүгүүлөрдү жасайм. Негизи булчуӊдарды эле чыӊалта берсеӊ денеӊ катып калат. Ошондуктан кроссфит, грепплинг, тай боксу жана күрөш өӊдүү спорт түрлөрү менен машыгып жатам.
– Спорт менен машыкканыӊ өзүӊдү коргоодо жардамын тийгизди беле?
– Спорт менен машыга электе эле коргонгонду билчүмүн. Өткөөл куракта көп эле мушташып калдым, бирок өзүм барып тийишчү эмесмин, тийишкендерди ордуларына койчумун. Негизи мушташтан алыс эле болуш керек. Жашоодо конфликттерден алыс болууга, кичүү болсо да теӊелбегенге аракет кылам. Келечекте машыгуумдун сөзсүз пайдасы тиет деп ишенем. Балким, кийин кинодо спортчунун ролун жаратып калаттырмын.
– Бала кезде кайсы спортко кызыкчу элеӊ?
– 4-класстан 9-класска чейин күрөш менен машыгып, спорт мектепте окуйм деген максаттарым бар болчу. Бирок, чынын айтсам, күрөш меники эмес эле, үйдөгүлөр мажбурлап берип салышкан. Өзүм боксту жактырчумун. Тилекке каршы, Таласта боксту үйрөткөн жай болбогондуктан күрөшкө эле катыштыра беришчү.
– Ырчысыӊ деп тийишкендерге кол көтөргөн учур болгонбу?
– Жаӊыдан сахнага чыгып баштаганда андайлар болгон. Айрымдар «могу ырчыбы, карасаӊ?» деп керсейип сүйлөгөндө, жаштык кезде кан кайнап турат эмеспи, «эмне болду?» деп чыга калып мушташа кетчүмүн. Бирок азыр андай тийишкендер жок, анткени жанымда жалаӊ спортчулар жүрөт да, эч ким унчукпайт (күлүп).
– Көбүнчө булчуӊдарын чыгарыш үчүн протеин өӊдүү азыктарды ичишет, сенчи?
– Билбегендерге бул нерсе коркунучтуу көрүнө берет. Мисалы, «мен протеин ичип жатам» десем, кээ бирөөлөр «эмнеге ичип жатасыӊ, бул зыян» дешет. Бирок ал витамин да. Аны башында ичип, денени калыбына келтиргенден кийин ичпей койсоӊ болот. Мен азыр протеинди ичпей калдым.
– Чымыр денелүү болуунун оӊ жана терс жактары...
– Эркек болгондон кийин спорт менен машыгыш керек деп ойлойм. Спорт менен машыкпаган эркек назик болуп баштайт. Келбетиӊдин зыӊкыйып турганы өзүӊө, элге да жагымдуу көрүнөт. Андыктан терс жактары жок.
– Спорт менен машыккан айрым ырчы мырзалар дене түзүлүшүн тартып интернетке жүктөшөт. Мындан улам өзү үчүн эмес, мактануу үчүн машыгып жатабы деген ойдо каласыӊ. Сен кандай максатты көздөдүӊ?
– Мен өзүмдү бир калыпта кармап жүрүү үчүн машыгам. Анан эл көзүндөгү адам болгондон кийин жаштарды спортко үндөөнү максат кылдым.
– «24 сааттын 20 саатын чыгармачылыгыма арнап жатам» деген элеӊ. Бул аракетиӊдин жыйынтыгы кандай болууда?
– 2014-жылдан тарта чыгармачылыкта берилүү менен иштеп баштадым. Ай сайын жаӊы ыр чыгарып, көп клип тарттырдым. Бирок алардын элге көрүнбөй жатканын баамдап ичимден таарынып калам. Жумушуӊдун жыйынтыгын тапкан акчаӊ көрсөтөт. Мен болсо каражатты, Кудайга шүгүр, жакшы эле табам. Кээ бирлер «эмнеге жөнөкөй ырларды жазбайсыӊ?» дешет. Антип жаза берсеӊ чыгармачылыкты ким өстүрөт? Бирөө поп музыкада ырдаса, бирөө фольклордо ырдашы керек дегендей. Буюрса, жазында гастролдук тур менен Кыргызстанды кыдырып чыгам. 7 дубандын борборлоруна шоу программа менен барып, эл ырларымды түшүнсө да, түшүнбөсө да концерт коюп келем.
– Чыгармачылыктын пайдубалын тургузуп алдым деп ойлойсуӊбу?
– Чынын айтсам, чыгармачылыкта эми гана өзүмдү таап келе жатам. Кыргыз ырларын европалык стилде ырдагым келгени менен, конкреттүү кайсы багытта аткарышты билчү эмесмин. Азыр джаз, поп музыка жанры меники экенин түшүндүм. Ушул багыттагы жаӊы ырларды жаздырып, элди таӊ калтыргым келип жатат. Буюрса, жазында «Голос», «Х-фактор» сыяктуу чет өлкөлүк сынактарга катышууну пландап турам.
– Кайсы белгилүү ырчынын ийгилигин кайталагыӊ келет?
– Бейонсе багынткан ийгиликке жетким келет. Кыз болсо да анын эл менен иштегени, ырдаган деӊгээли жагат. Аны карап суктанып коём.
– Маекти жеке жашоого буралы. Жакында сүйгөн кызыӊа Москвага чейин барганыӊды уктук...
– (Күлүп) Ким айтып жатат? Бишкек аябай кичинекей да... Кудай буюрса, сүйүктүүмдү таптым окшойт. Баарын убакыт көрсөтөт, бул жактан айтып алып, тигил жактан ал түшүнбөй калбасын. Биз жаӊыдан сүйлөшүп баштадык, азыр элге жар салуу менен аны чочутуп алгым келбейт. Анткени абдан жакшы көрөм. Ал кыз Москвада чоӊойгон, ошол жакта жашайт. Интернеттен сүрөтүн көрүп дароо жактырып калып, издеп тапкам. Экөөбүздүн дүйнөгө болгон көз карашыбыз, келбетибизден бери окшош, анын эркектик сапатымды баалаганы да жагат. Калган маалыматты убактысы келгенде айтайынчы. Сөйкө салчу учур келгенде сөзсүз кабарлайм (күлүп).
– Маегиӊе рахмат, тилегиӊ орундалсын!
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg