Гезитибизге «Бөтөн жердин буудайы» аттуу чыгарма жарыялангандан тарта аны сандан санга кууп окуган окурмандардын саны артты. Анын автору Субанкул Жуманалиев аттуу мекендешибиз учурда Москва шаарында иштеп жүрөт. Жазуучулук таланты бар Субанкул мырза менен байланышып, чыгарма тууралуу, өзү тууралуу маек курдук.
Каарман тууралуу...
Субанкул Жуманалиев 1978-жылы Аксы районунун Кербен шаарында туулган.
1996-2000-жылдары Ишенбай Абдраимов атындагы авиациялык колледжде билим алган.
2002-2005-жылдары Ош эл аралык аэропортунда авиатехник болуп иштеген.
2005-2013-жылдары Кербен аэропортунун жетекчиси болуп эмгектенген.
Учурда Москва шаарында электрик. Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.
– Субанкул мырза, көпчүлүк окурмандардын тил учунда турган суроону берейин, «Бөтөн жердин буудайы» чыгармасы болгон окуянын негизинде жазылганбы?
– Чындыгында, көбү болгон окуянын негизинде жазылган экен деп ойлоп калышыптыр. Бирок автор катары айтып коёюн, окуя баштан-аяк ойдон чыгарылган. Элдин бул чыгармама болгон кызыгуусу мени абдан кубандырды. Силер телефон чалып маек курабыз дегенде, чынын айтайын, таӊ калдым, бир чети жагымдуу болду.
– Чыгарманы жазууга эмне түрткү болду?
– 2015-жылдын жай айларында Москвада 1 жумадай бош жүрүп калдым. Үй-бүлөм да башка жакка кетип, жалгыз жүрдүм. Өзүм мурунтан эле детектив жанрындагы чыгарма жазсам деп ойлонуп койчумун. Ошондой курч сюжеттүү чыгармаларды көп окуйм. Анан жалгыз калганда дептерге калем менен жаза баштадым. Башкача эргүү келген экен, чыгарманы бир жумада жазып бүтүрдүм. Өзүм бир сыйра окуп койгом. Аз өтпөй түш көрүп жатпаймынбы, түшүмдө Алыкул Осмонов менен Түгөлбай Сыдыкбеков колума бир нерсе беришти. Эмне экенин билбейм, эстей албай койдум. Ошондон кийин кээ бир интернет сайттарга жарыялап койдум. Окурмандар жакшы кабыл алышты. Акыры силердин гезитке да жетти.
SUPER.KG порталына жума сайын жарыяланганын көрүп, окурмандардын комментарийлерин окуп жаттым.
– Негизи, жазуучунун ар бир чыгармасында автордун биографиясынын үзүндүлөрү камтылат деп коюшат го...
– Балким, «Бөтөн жердин буудайынын» айрым бир жерлеринде менин башымдан өткөргөн окуялар бардыр. Бирок окуянын негизги өзөгүндө мага байланыштуу эч нерсе жок. Каарманым Эрмекти өтө эле акылдуу кылып койгом. Мен анчалык акылдуу эмесмин (күлүп). Эрмек экөөбүздүн негизги окшоштугубуз – Кыргызстанды сагынганыбыз.
– Кесибиӊиз эмне?
– Мен авиатехникмин. Кесибим менен көп жыл иштедим. Кезинде Кербенде учактар учпай калганда ар кайсы жакка чуркап жүрүп авиакаттам да ачтыргам. Ушул жерден дагы кошумчалай кетейинчи, чыгармадагы учакка баӊгизат катып койгонго ыӊгайлуу жер бар деп айтылат го. Чынында андай жер жок. Менин ойдон чыгарган кошумчам болгон. Негизи, учактын саатына 1200 чакырымга жеткен ылдамдыгында анын бир жерине бир нерсе катып, кайра белгилүү жерден түшүрүп калуу таптакыр мүмкүн эмес.
– Бирок Эрмектин учуучу аппарат, жөнөкөй уюлдук телефондон тыӊшоочу аппарат жасагандыгы абдан ишенимдүү жазылган...
– Калп айтпай эле коёюн, өзүм кол телефондон жанагындай тыӊшоочу аппарат жасап көргөм. Аны эмне максатта пайдаланганым сыр бойдон эле калсын. Ошентип жасаса болот.
– Учурда Москвада эмне иш менен алексиз?
– Эл катары Москванын акчасына кызыгып келгем. Азыр электрик болуп иштейм. Үй-бүлөм, бала-чакам менен бул жактабыз.
– Мындан башка дагы чыгармаларды жазып жатасызбы?
– Бирин-экин чыгармалар бар, дептерге жазып койгом. Компьютерге көчүрүш керек. Бирок жумуштан таптакыр бошой албай жатам. Учурда памирлик кыргыздар тууралуу фантастикалуу чыгарманы башымда бышырып жүрөм. Бирок «Бөтөн жердин буудайы» сериалын жазгандагыдай эргүү келбей жатат.
Ойлоп көрсөм, үй-бүлөбүздө, жакындарыбызда жазуучулукка ыктаган эч ким жок экен. Болгону чоӊ аталарыбыздын арасында жөө жомокчулар болгонун айтып калышат. А мен эмнегедир эле бир нерсе жазгым келе берет.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат. Чыгармачылыгыӊыз өркүндөй берсин!
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg