КЫРГЫЗСТАНДЫК СТАРТАП – «ЕВРАЗИЯ МОБИЛДИК КУБОГУ» СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮСҮ!

Телекоммуникация рыногунун лидери кыргызстандык команданын «Евразия мобилдик кубогу» сынагында жеӊишке жетишкенин зор кубаныч менен кабарлайт! Beeline Artasian долбоорун иштеп чыккандарды бул жетишкендиги менен куттуктайт!

«Евразия мобилдик кубогу» сынагында аймактын жети өлкөсүнөн 550дөн ашык жаш ишкерлердин командасы катышты. 28-январда Москвада өткөн финалга ар бир өлкөдөн үчтөн команда тандалып алынды. 1-орунду кыргызстандыктар ээлешти! Artasian долбоору – бул Борбор Азия кол өнөрчүлөрүнүн эмгектерин дүйнөлүк рынокко чыгаруу үчүн платформа. Долбоордун максаты – англис тилдүү колдонуучуларды биздин аймактын маданияты, салты, баалуулуктарына тартуу. Artasian`да үй жасалгаларын, аксессуарларды, кийимдерди жана башка көп нерселерди сатып алууга болот.
«Beeline-Кыргызстандын атынан жеӊүүчүлөрдү, биздин өлкөнүн Artasian командасын чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргызстандын «Евразия мобилдик кубогу» сынагындагы лидерлиги республиканын жаштарынын олуттуу инновациялык потенциалын тастыктайт. Байгеге татыктуу болгон үч команда Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү. Биздин аймактын Digital-рыногу ыкчам жана ийгиликтүү өнүгүүдө. Бардык байге ээлерин куттуктайм жана Барселонада да ийгилик каалайм!»- дейт Beeline`дын башкы директору Ернар Накисбеков.
Байгеге ээ болгон үч команданын ичинде MDIRECT долбоору менен казакстандык команда (алардын тиркемеси автомобилдердин запастык бөлүктөрүн, өндүрүүчүлөрдүн түз сунуштоолорун тез табууга жардам берет) жана Stolik акысыз тиркемесин сунуштаган (ресторанды тандоо жана столду брондоо үчүн) өзбекстандык команда бар. Жеӊүүчү командалар эми «Дүйнөлүк мобилдик кубоктун» финалында Евразия аймагын көрсөтүшөт. Сынак 2016-жылдын 22-26-февралында Мобилдик байланыштын бүткүл дүйнөлүк конгрессинин алкагында Барселонада өтөт.
Эске сала кетсек, «Евразия мобилдик кубогу» сынагы VimpelCom компаниясынын (Кыргызстандагы Beeline) «Изиӊди калтыр» (Make Your Mark) социалдык программасынын алкагында өткөрүлүп, 2015-жылдын сентябрында старт алган. Мелдештер Huawei Technologies Co, Ltd компаниясы менен бирдикте өткөрүлүп жатат жана Евразияда активдүү санарип стартап-экосистемди өнүктүрүү, ошондой эле мобилдик чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн технологиялык инструменттерди, тажрыйба жана зарыл билимдерди берет.
Сынактын Москвадагы аймактык этабында VimpelCom «Санариптик ишкердик экосистема – кантип Орусияда дүйнөлүк класстагы санариптик экосистемди түзүүгө болот?» (http://www.vimpelcom.com/Responsibility/Make-your-mark/Understanding-the-context-for-digital-entrepreneurism/) темасында баяндама сунуштады. Доклад A.T.Kearney эл аралык алдыӊкы консалтингдик компаниясы менен бирдикте даярдалган. Анда Орусиядагы санариптик ишкердик экосистеманын түзүмү жөнүндө толук маалымат берилет, ийгилик факторлору жана тоскоолдуктар белгиленип, технологиялар жана санариптик инновациялар жаатында өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү аталган.
Сынак жөнүндө кошумча маалыматты www.eurasiamobilechallenge.com сайтынан табууга болот.

«Евразия мобилдик кубогу» сынагынын жеӊүүчүлөрү.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан