ИЛЬЯЗДЫН АРТТА КАЛГАН ИЗДЕРИ (фотороман)

Ар бир адамдын басып өткөн жолу – тарых. Аны баяндап китеп кылып жазып, тасмага түшүрсөӊ болот. Ильяз Абдыразаковдун ырчы болуп элге таанылганга чейинки көмүскөдө калган жылдарын сүрөт менен баяндайбыз.

– Бала кезимде эле ырчы болууну кыялданчумун. Максатыма жетүү үчүн түрдүү аракет жумшап, белгилүү адамдар менен жаш кезимден баштап иштештим. Көп адамдар алга сүрөп, акыл-кеӊешин айтып ийгиликке жетүүмө жардам беришти. Алардын сап башында апам турарын баса белгилеп айтпасам болбос. Чыгармачылык мени тандап элге аздыр-көптүр таанылдым. Ырымды уккан күйөрман күтүп, дос арттырдым. Үй-бүлө түптөп, ата болдум. Мындай бактылуу жашоонун пайдубалы түптөлгөнгө чейинки көшөгө артындагы чыйыр жол сүрөттөрдө сүйлөсүн.

– Апам «Кичинеӊде колуӊду көкүрөгүӊө коюп кыӊылдап ырдап, кыялданып жүрчүсүӊ. Башка балдардай болуп оюнчукка кызыккандын ордуна радио, магнитофондон музыка угууга куштар болчусуӊ» деп көп айтат.

– Улам эс тарткан сайын чыгармачылыкка болгон кызыгуум артып баштады. Кээде кошуна балдар менен чогулуп, чака-челектерди барабан кылып ойноп концерт койчубуз.

– Апам музыка мугалими болчу. Мектептеги «Ямаханы» үйгө алып келип шкафтын үстүнө койгонун көргөм. Чака-челектерди музыкалык аспап кылып ойногондон тажап, «Ямаханы» эрмектей баштадым.

– Шкафтын үстүнөн «Ямаханы» алып, балдарга мактанып ойноп жаттым. Кичине эле ойнойм деп берилип кетипмин. Апамдын келгенин да байкабай калыптырбыз.

– Апамды көрө калып «эми токмок жейм» деп коркуп кеттим.

– Апам мени урушабы десем, тескерисинче «жакшы ойнойт турбайсыӊбы» деп дем берди.

– Ошентип бара-бара «Ямаханы» өздөштүрүп кеттим. Айылда той болсо ырдап, «Ямаханы» айланчыктап музыкант байкелерден «бир жолу ойноп берейинчи» деп көп суранчу болдум.

– 6-класста окуп жүргөндө айылга Абдумалик Шерматов концерт коюп келди. Апам «менин балам ырдайт, музыкалык аспаптарда да ойнойт» деп ырчыга жетелеп барды. Ошентип ырчынын тобуна кошулуп гастролго кеттим. Ал жерден Мирлан Ниязов менен таанышып калдым. Бул таанышуу чыгармачылыгымдын бир тепкичтен экинчи тепкичке көтөрүлүшүнө себепчи болду.

– Гастролдо жүрсөм апам айылдаш байкеден «Ильяз Москвага кетип жатыптыр» деп угуп, мени айылдан-айыл аралап издегени эсимде.

Ильяз ырчылар менен Москвага кетип калабы? Ал мындан ары кандай окуяларды башынан кечирет?
Бул суроолордун жоопторун гезитибиздин кийинки санынан таба аласыз.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
karona
2016-02-09 02:29:02
Уландысын чыдамсыздык менен кутобуз!
+1
mister.ailasyz
2016-02-09 09:19:19
Ильяз Мыкты ырчы обончу!
+2
begai93
2016-02-09 15:39:03
Молодец! Ильяз суппер ырлары дагы... мага "Бир озуно" деген ыры ооллллоо жагат дааа )
+2
amanatym
2016-02-09 16:05:53
ильяз обончу кулку келтирбегилечи
-1
raisa1905
2016-02-09 17:49:17
Ильяз жакшы ырдайт. Азаматсын.
+2
Ainazka
2016-02-10 09:02:57
Чыгармачылык ийгилик каалайм!
0
KursKG
2016-02-10 16:49:24
Ырдаган ырларын жагат, ийгилик сагаИльяз!
0
nurshoola
2016-02-10 16:52:52
Апасы фотодогудай шарф оронуп журотле окшошуптур эсимде бизге музыкадан сабак берген
+2
elif
2016-02-11 13:19:31
shirin bala da ushu,onoru orkundoy bersin!
0
Asya10
2016-02-11 15:01:37
Аттин кандай сонун балалык кундор артта калды
0
erikasea
2016-02-12 13:18:21
азамат
0
kandai.janym
2016-02-12 19:19:27
ильяз красавчик
0
Flander
2016-02-13 14:45:06
Ильяздын артта калган издери дейт ко,из артта калат да алдында кетмек беле.Ильяз азамат негизи.
0
Asadulla
2016-02-14 08:22:26
Ильяздын ата-энеси менен менин бир таанышымдын ата-энеси уй алып ондоп сатышат эле , ошол бала айтчуу ильяз кичинекейин де стройка болуп жаткан уйлордо челек терди койуп алып танкылдатып ырдай берет экен деп
0
ashuular_plus
2016-10-05 19:27:50
Шкафтын устундогу ямаханы алып жатышкан суротундо терезеде уюлдук телефон зарядка алып турат го ))) Ильяздарлын уйундо андай телефон илгери эле болсо керек.
0
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан