Төрт жылда бир өтүүчү өспүрүмдөр арасындагы Кышкы Олимпиада Норвегияда 12-февралда старт алмакчы. Анда 15 жаштан 18 жашка чейинки спортчулар катышып, 15 спорт түрү боюнча күч сынашат. Бул мелдешке Кыргызстандын атынан жалгыз 17 жаштагы биатлончу Кундуз Абдыкадырова катышмакчы.
КУНДУЗ АБДЫКАДЫРОВА
Жашы – 17
Туулган жери – Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы
Биатлончу. II Кышкы Олимпиадага катышат.
Машыктыруучусу – Александр Левданский
ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ОЛИМПИАДА
Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада – бул 15 жаштан 18 жашка чейинки жаш спортчулардын ортосунда төрт жылда бир өтүүчү Олимпиада оюндары. Оюндар 2010-жылдан баштап өткөрүлүп келет. Башкы максаты – жаш спортчуларды спортко үндөө, аларды чоӊдор арасындагы Олимпиадага даярдоо болуп саналат.
Өспүрүмдөр арасындагы Кышкы Олимпиада оюндары быйыл 2-ирет өтүп жатат. Алгачкы жолу 2012-жылы Австриянын Инсбрук шаарында өткөн. Бул оюндарга Кыргызстандан биатлончу Зафар Шахмуратов катышып, байгелүү орунга илинген эмес.
II КЫШКЫ ОЛИМПИАДА
Өткөрүлүүчү жер – Лиллехаммер шаары, Норвегия
Катыша турган спортчулардын саны – 1100
Ойнотулуучу медалдар – 70 комплект медаль
15 спорт түрү боюнча мелдештер орун алат.
Биатлон – лыжа менен белгилүү аралыкка жарышып, атайын буталарды мылтык менен атуу спорт түрү.
Биздин спортчу 6 чакырымдык спринт жарышына, жеке жарышка (7,5 чакырым) жана аралаш эстафетага чыгууга камданууда.
– Салам, Кундуз! Алгач Олимпиадага кантип жолдомо алганыӊ тууралуу айтып берсеӊ.
– Салам! Олимпиадага Швецияда өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта лыжа жарыш жана биатлон боюнча жолдомо алгам. Ал эми Улуттук Олимпиадалык комитет Норвегияда өтчү оюнга биатлонго гана катышуу тууралуу чечим чыгарышты.
– Бул мелдешке кандай максаттарды коюудасыӊ?
– Чындыгында мындай мелдештерге катышууга жолдомо алуу эле чоӊ жетишкендик. Биздин өлкөнүн деӊгээлин башкалар менен салыштырып болбойт. Ачыгын айтуу керек, утам деп убада бере албайм, бирок болгон күчүмдү жумшайм. Эӊ башкысы тажрыйба топтоо керек. Өнүккөн өлкөнүн спортчулары менен баарлашуу, алардын даярдыгын, машыгууларын байкап дегендей. Бул оюнда 3 дисциплинада: спринт, жеке жарыш жана аралаш эстафетада күчүмдү сынайм.
– Мелдешке чыгуу алдында ар бир спортчу олуттуу машыгууларды өткөрөт. Бул Олимпиадага кандай даярдык көрүүдөсүӊ?
– Декабрь айынын соӊунда Италияда өткөн машыгуу сборуна катышып келгем. Азыр машыгууларды Кыргызстанда эле өткөрүп жатам.
– Биатлон кышкы спорттун эӊ кызыктуу спорт түрүнүн бири. Бул спорт менен качантан бери алектенесиӊ?
– Лыжа үстүнө турганыма быйыл 7 жыл болот. Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында Сатымкул Жуманазаров атындагы спорт мектептин лыжа базасы бар. Мектепте окуп жүргөндө лыжа секциясына катышуу боюнча жарыя илинип туруптур. Көпчүлүк окуучулар катышабыз деп макулдаштык. Ошентип машыктыруучум Левданский Александр Владимировичке жолугуп, азыркы деӊгээлге жетип отурам. Учурда аталган мектептин 11-классынын окуучусумун.
– Ата-энеӊ спорт менен машыкканыӊа кандай карайт?
– Үй-бүлөдө олуттуу спорт менен машыккандардан мен эле. Ата-энем мени дайыма ар тараптан колдоп келишет. Байкем жана эжем бар. Биз Таш-Дөбө айылында турабыз.
– Кышкы спорт өлкөбүздө алдыга жыла албай жатканы байкалып турат. Спортчу катары сенден сурасам, бул жаатта абал кандай?
– Ооба, кышкы спорттун абалы канааттандырарлык эмес. Шарттар болсо да эмнегедир өнүкпөй жатканы капа кылат. Мисалга алсак, машыгуу сборлорун Алматыга жакын Талгарда өткөрүүгө мажбурбуз. Анткени бизде бир дагы атайын лыжа трассабыз жок. Ошондой эле жаш спортчуларды колдоого алууну унутушпаса... Мени менен машыккан дагы бир канча жаш спортчулар бар, алардын келечеги кеӊ деп ишенем.
– Кайсы спортчу сен үчүн мыкты? Кимди карап түздөнөсүӊ?
– Учурда биатлон жана лыжа жарышы боюнча Дүйнөлүк кубоктор кызыктуу өтүп жаткан маалы. Аларды калтырбай көрүүгө аракет кылам. Ал жактагы чыныгы
профессионал спортчуларды көрүп үйрөнөбүз, түздөнөбүз. Биатлончулардын арасынан чехиялык Габриэла Соукалованы жактырам.
– Маегиӊе рахмат! Олимпиадада ийгилик коштосун!
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg