2013-жылы Ат-Башынын Ак-Моюн айылында кутурма чыкты деп угуп, макала даярдоо үчүн ал жакка жөнөдүм. Ошондо айыл элинин «баланча деген киши 4 жаштагы небереси менен суукта калып тоӊуп калыптыр. Бактыга жараша, наристе аман экен» деп уу-дуу болуп жатышканын эшиткем. Ошол аман калган балакай азыр 2-класстын окуучусу. Эки колун чыканактан ылдый, эки бутун тизеден ылдый үшүктүн айынан кесип салышкан.
«КАЙНАТАМ ТОӉУП КАЗА БОЛСО, БАЛАМ КОЛУ-БУТУНАН АЖЫРАДЫ»
Азыр Ырыскелди апасы Жазгүл Чокеева жана эжеси менен Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында батирде турушат. Туруктуу иштеген иши жок, баласы болсо минтип майып. Ырыскелди кандайча бул тагдырга туш болгон деп жатсаӊыз, жоопту апасы айтып берсин:
– 2013-жылы жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Ырыскелди атасына жакын болгондуктан эркек бала эмеспи деп жолдошума калтырып, өзүм кызым Сайкалды алып төркүнүмө кеткем. Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынан болом.
Бир күнү Ак-Моюндан кайындарым «Ырыскелди ооруп калды» деп телефон чалышты. Шашып барсам кайнатам каза болуп калыптыр. Балам эс-учун билбей кыймылсыз жатат. Нес болуп бир туугандарыма телефон чалсам, «Бишкекке алып кел» дешти. Баланы алып Бишкекке жөнөдүм.
Ошол маалда баламдын абалына сарсанаа болуп жатып эч нерсеге маани бербей, дендароо абалда жүрө бериптирмин. Кийин уксам, кайнатам Ырыскелдини алып коӊшу айылга барыптыр. УАЗ үлгүсүндөгү үстү таар менен жабылган унаасы бар болчу. Балам чоӊ атасын ээрчиген экен. Кайра келе жатканда унаа эмне себептен билбейм, орто жолдон токтоп жүрбөй калат. Баланы өзүнүн кийимдери менен ороп, өзү суукка тоӊуп каза болот. Ошондо мени чакыртышыптыр.
«МАНЖАЛАРЫ ӨЗҮНӨН-ӨЗҮ ТҮШӨ БАШТАДЫ»
– Бир күнү кайнагам «табып экен» деп бир кишини алып келди. Ал баламды кармалап көрүп «колу-бутуна жан кирбейт, үшүк алып кетиптир» деди.
Андан көп өтпөй үйдө отурсак, баламдын бармагы бөлүнүп түшүп калды. Ошол убакта үйдө табып бар болчу. Аӊгыча бутунун да кайсы бир бөлүктөрү, салаалары түшө баштады. Мен карап тура албай эшикке чыгып, бул тууралуу эжеме чалып айттым. Кирсем табып баланын колу-бутунун бөлүктөрүн чогултуп дагарага салып жатыптыр. Эжем «Тез жардам» чакырып коюптур. Баштыкка кол-буттун бөлүктөрүн салып алып дагы жалгыз ооруканага келдим. Доктурлар «баланын колу-бутун кеспесе болбойт. Антпесе гангрена болуп, дарт денеге чаап кетет» дешти. Ошентип Ырыскелдинин эки колу чыканактан, эки бутунун тизесинен ылдыйкы бөлүгү кесилди.
Атасы баладан баш тарткан. «Колдон келген жардамыбызды бердик» дешет экен. Мен баланы алты саны аман төрөгөм. Азыр менин колума кандай абалда салып беришти? Айтып отурса сөз көп, аларды жамандагандай болбоюн. Учурда баламдын ден соолугун тилейм. Дагы жакшы, акыл-эси жайында. «Апа, мен окуйм, мектепке баргым келет» деп жатып азыр 2-класста окуп жатат.
«ЖЫЛ САЙЫН ПРОТЕЗ АЛМАШТЫРЫП ТУРУШУБУЗ КЕРЕК»
– Жаӊы эле окууга бара баштады. Эки айдан бери ооруканага жатып, жаӊы протез жасатып чыктык. Былтыркысы тар болуп калды. Жаӊысына көнө элек, күнүгө кийип, маал-маалы менен басып көндүрүш керек. Көп кийгенге да болбойт. Протез менен бутунун бириккен жери ооруп шишип кетет. Дааратканага өзү бара албайт. Үйгө горшокко отургузам. Ырыскелдиге өкмөт айына 3000 сом жөлөкпул берет. Колум бошой калганда тигүү цехтеринде иштейм. Тапкан акчам батир акысына, көмүргө, коммуналдык төлөмдөргө, күнүмдүк тамак-ашка кетет. Башка киреше булагым жок. 2 баланын кийим-кечеси, мектепке деген жыйымдар жана башка керектөөлөр эптеп Кудайдын берген ырыскысы менен табылууда. Батир азабы баарынан кыйын болуп жатат.
Азыр Ырыскелдиге операция жасатууга болбойт. Доктурлар «Баланын сөөгү өсөт, ал тургай терини тешип чыгат. Бул жагдайда сөөктү кесип туруу керек. Дене мүчөсүнүн өсүүсү токтогондон кийин гана протездөө операциясына үмүт кылса болот» дешти. Ага чейин ушинтип жыл сайын бут кийимдей буттан ылдый протез алмаштырганыбыз алмаштырган.
«ОЙГОНСОМ ДОКТУРДА ЭКЕНМИН»
Китептерин барактап, эки колуна калем кыпчып отурган Ырыскелдиге суроолор менен учкай кайрылдык:
– Ырыскелди, чоӊ атаӊ экөөӊөр үйдөн чыккан күн эсиӊдеби?
– Ооба, мен атамды ээрчигем. Бир жакка бардык. Ал жактан кишилер менен атам арак ичти. Ошондо ачкычын жоготуп коюп машинаны зым менен от алдырды. Жолдон талаага жеткенде машинабыз жүрбөй калды. Анан атам кийимдерин чечип мага кийгизди. Мен уктап калгам.
– Ойгонсоӊ кайда экенсиӊ анан?
– Ойгонсом доктурда экенмин. Мамам келиптир.
– Келечекте ким болгуӊ келет?
– Милиция болгум келет. Кылмышкерлерди кармайм.
– Азамат, тилегиӊе жет!
Азыр Жазгүл Чокеевага жана Ырыскелдиге жардамдын кандай түрү болсо да зарыл. «Балам үчүн бардык ишти кылууга даярмын» дейт апасы. «Азырынча кичине болуп жатат. Чоӊойсо коомго кошулуу маселеси эмне болот билбейм. Бутуна туруп басып жүргөнүнө сүйүнөм. Бир жолу коомдук унаага уулумду көтөрүп салып жатсам, ичиндегилер «Килейген эле баланы эмне көтөрүп киргизесиӊ?» деп жатышпайбы. Баламдын буту протез экенин алар кайдан билишсин? Ушундай учурлар менен кагылышканда баламдын келечегин ойлоодон коркуп кетем» дейт эне. 3-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ырыскелди Зарлыковго өкмөттүн резервдик фондунан 100 миӊ сом бөлүнөрү маалым болду.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg