БИШКЕК МОСКВАГА НОТА ЖИБЕРДИ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын ТИМине 2 баланын органдарын сатуу аракети боюнча такталбаган маалымат үчүн нааразычылык нота жөнөттү. Орусиянын мамлекеттик телеканалында 4-январь күнү Кыргызстанда жашаган 6 жаштагы Тимофей Романенко жана 14 жаштагы Анна Черницынаны алардын апасы менен чогуу жашаган адам цыгандарга сатып жибергендиги айтылган. Телеканалдын маалыматы боюнча, цыгандар балдарды чет жакка алып чыгып, алардын органдарын сатышмак. Муну Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин вице-консулу Анастасия Антонова айтып берген. Бирок бул маалымат такталган жок. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, балдардын апасы ичкиликке жакын айым болгон. Ал өзүн-өзү асып өлтүргөн. Андан соӊ балдар апасынын таанышынын үйүнө кетип калышкан жана аларды Германиядагы туугандары алып кетүү аракеттерин көрүп жатышкан. Айрым маалыматтарга караганда, учурда Тимофей менен Анна Новосибирск облусунда жашап жатышат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Aksy-13
2016-02-08 11:18:08
урматту админ! Ташиев менен Бабанов деген башкы бетте суротто турган теманы таба албай жатам кайдан таап окусам болот жардам сурайм. Рахмат
+4
admin_superstan
2016-02-08 11:37:27
Aksy-13,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз
http://www.super.kg/kabar/news/137489/
0
miwka94
2016-02-08 14:06:22
Саламатсыздарбы Супер Инфо жамааты? Мен юристтерден кенеш алайын дегем, кантсем болот?
0
admin_superstan
2016-02-08 14:15:20
miwka94,
Саламатсызбы! "Адистин кеңеши" рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
-1
asad345
2016-02-08 15:53:37
Нота жиберди деп жатат темага байланыштуу коммент суроо жазсанар
+1
azureya19
2016-02-09 11:39:25
Орусиянын биздеги элчилиги такыр жакпайт. Өздөрүн укмуш пуп земли сезишет. Нота жиберип туура кылган, такталбаган маалымат үчүн жооп беришсин. Өз улутундагы наристелер кордолуп атат деп трагедия кылгысы келген го
+6
admin_superstan
2016-02-09 12:30:35
edu.kg.,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз
http://www.super.kg/kabar/news/137489/
0
Patrik
2016-02-09 18:02:40
Нота жонотпой эле бир пианино салып жибербей беленер
+5
Decmond
2016-02-10 00:50:23
Patrik,))))))эх Патрик, Патрик))) пианино кымбат да
+3
sveet
2016-02-10 20:24:32
orustardyn tv...lary olgudoi kalpychy, karapaim eldin bashin ailantyshat.
+2
MAN-CITY
2016-02-12 02:03:19
Орустар оздорун ото высокомерный сезишет алар тенме тен мамиле кылуу керек.
+2
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан