БАЛАНЫ БЕШИККЕ БӨЛӨӨ. ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Бешик кыргыздын канына, жанына сиӊип, жети атабыздан бери бешикте чоӊойгон десек куп жарашат. Эӊ алгачкы бешик биздин замандын биринчи жүз жылдыгына таандык.

Сокулук районундагы Шопоков шаарынын тургуну Жаннатай Султанованы айылдын жашоочулары Умай эне дешет.Анткени Жаннатай апа кыргыздын салт-санаасы менен баланы бешикке бөлөп, жаштарга үйрөтүп келет. Ал бешиктин пайдасы, ага бала кандай бөлөнөт, бешиктин жабдуулары, ырым-жырымдар тууралуу бизге да айтып берди.

  • Киндиги түшкөн күндөн 40 күндүк болгонго чейин бешикке салынат. Салт боюнча бешикти ымыркайдын таенеси алып келет.
  • Биринчи жолу бөлөөрдүн алдында ымыркай кыз болсо чоӊойгондо уз болсун деп бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо уста, баатыр болсун деп чүкө, камчы, балта салынат.
  • Арча түтөтүп «шайтандар, качкыла, ээси келди!» деп бөлөй башташат.
  • Баланы бөлөгөндөн кийин 7 чакан жууркан жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт.
  • Бешикке жаткан баланын сөөктөрү түз өсөт.
  • Бешикке бөлөнгөн баланын чычкан-сийгени күлтүккө түшкөндүктөн алды кургак, таза болот.
  • Ойгонгондон кийин колу-бутуна массаж жасап коюу керек.
  • Бешикти куру терметсе балалуу болбой калат дешет.
  • Бешикти бир убакта эки адам көтөрбөйт. Табытты көтөргөнгө окшошуп калат.
  • Күнгө жайганда караӊгыга калтырбайт. Караӊгыда сыртта калса, бешикке шайтан жатып алат деген ишеним бар.
  • Көп балалуу үй-бүлөнүн бешигин ырымдап көбүнчө баласы токтобогон аялга беришет.
  • Бешик сатып алууда соодалашпайт.

«БЕШИККЕ БӨЛӨӨ ТУУРА ЭМЕС»
Баланы бешикке бөлөө боюнча №9-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач-педиатры Бүайым Жолдубаева буларга токтолду:
– Бешикти кыргыз эли байыртадан колдонуп келишкенин танбайбыз, ошентсе да аны медициналык жаатта карай турган болсок, балага зыян жактары бар.

1. Көкүрөгүнөн таӊылгандыктан баланын көкүрөк сөөктөрү өспөй, сөөктүн формасы өзгөрөт.
2. Бала чоӊойгон сайын ички органдар өсөт. Таӊылып тургандыктан өпкө, жүрөгүнүн өсүүсүнө кыйынчылык туулат.
3. Тынч, жылуу уктасын деп үстүн калыӊдап жаап салышат. Бул учурда кычкылтек жетпей калышы мүмкүн.
4. Кыймылсыз жаткандыктан денеси талып, кан айлануусу жайлайт.
5. Кичинекей бала көп кусат. Айрым энелер баланы бешикке бөлөп, уктап калсын деп эмизишет. Бул туура эмес. Бөлөөрдүн алдынан жарым саат мурун эмизип, 2 саат гана
уктатыш керек.

Эмип жатканда же кусканда сүт же кусунду өпкөсүнө кирип кетсе, бала дем ала албай чарчап калышы мүмкүн. Өпкөгө тамак-аш калдыгы эмес, аба кирип турушу керек. Тилекке каршы, бешиктеги баланын жогорудагыдай себептерден улам чарчап калышы бир нече жолу катталган. Ошондуктан медицина кызматкерлери бешикке бөлөөнү туура эмес деп түшүндүрөбүз, эгер бөлөсөӊүз, бат-баттан карап туруӊуз дейбиз.

«Супердин» сурак бурчу
Небереӊизге бешик бердиӊиз беле?

Шайыр Касымалиева, актриса:
– Кызым балалуу болгондо бешик берген эмесмин. Анткени турмушка чыкканда эле неберемди бешикке бөлөбөйт экени белгилүү болгон. Ошондон улам мен деле «бешикке бөлө, бешик берем» деп таӊуулаган жокмун.

Саламат Садыкова, ырчы:
– Азыр бешиктин ролун заманбап манеждер ээлеп алды. Тун неберем Сайкал төрөлгөндө бешик алып барып, өзүм бөлөгөнүмө, ырым-жырымдарды колдонгонума сүйүнөм. Мен бешикти кыргыздын ыйык буюму катары баалайм.

Калича Сейдалиева, актриса:
– Бир кызым бар, анан кантип бешик бербейин?! Неберем азыр он алтыда. Бешик алып барып, кыргыздын каада-салты, ырымы менен неберемди өзүм бөлөгөм. Кызым «бешик таза, тынч болот турбайбы» деп аябай сүйүнгөн.

Гүлжан Кулмамбетова, телеалпаруучу:
– Кыздарым турмушка чыга элек. Бирок өздөрү бешикке жатышты. Балдарымдын улуусу төрөлгөндө таенеси бешик алып келип, кыргыздын жөрөлгөсү менен бөлөп берген. Кичүү балдарымды бөлөсөм көнбөй коюшту, андыктан кыйнаган жокмун.

Райхан Абдувалиева, ырчы:
– Уулум жок деп жүрчү элем, кызым эркек төрөп, уулдуу кылды. Бешик бердим, курбум Алина Жетигенованын энеси келип Илимди бешикке бөлөдү. Бөлөөрү менен уктап калса, «карабайсыӊбы, кыргыздын баласы» деп аябай сүйүнгөм.

Назира Жетигенова, куудул:
– Күйөө балам кыргыз эмес, алты улуттун каны бар. Ошого карабай кыргыздын салты менен үйдөн алып кетти. Жеӊе төшөгүн бердим, бирок бешик берген жокмун. Азыр неберелеримди өзүм багам, бешикке бөлөбөйм.

Cүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бешикке бөлөнгөн баланын сөөктөрү кеч өсөбү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
zzari-83
2016-02-08 15:48:09
Башы жалпаят,сөөгү өспөй калат дегенге такыр кошула албайм.Мен үч баламды тең эле бешике бөлөгөм.Бешик чооң жардамчы энелер үчүн....
+1
tabyshmak
2016-02-08 15:55:16
Эгерде, бешикке болоонун туура жолун билип, баланы бешикке болосо, анда анын таптакыр зыяны жок. Анан да жогорудагы суротто бешикке болонгон баланын башына коюлган жаздык ото эле бийик коюулуп калган. Анчалык бийик коюу чын эле зыян. Анткени, баланын далысы алдына карай ийилип, букур болуп калуусу мумкун. Ошондуктан жаздык бийик коюлбашы керек.
+2
nazira...
2016-02-08 16:45:54
tabyshmak, Мен сага толугу менен кршулам. Туура, жолу менен болош керек. Анан тан атканча чечпей чыккандар бар, ал туура эмес го. Энеге аябай жардам да, уйдо кайненем тербетип турчу бала уктаганча, анын ичинде мен канча иштерими бутуруп алчы элем. Уйумдо дагы эле турат кызымдын бешиги жап-жаны боюнча, кудай буюрса небереме ошол бойдон "апандын бешиги" деп алып барып берем. Каада-салтыбыз ушинтип улана берет да.
+2
nazira...
2016-02-08 16:48:48
Илгери кыргыздар кочуп, конуп жургон кезде бешиктин ролу эн чон болсо керек, себеби бала муздак жерде жаткандан коро бийик бешикте жатканы туура болгон да.
+2
Svoboda83
2016-02-08 17:19:25
Баарыбыз бешикте чонойгонбуз Эми эле оосар болуп допарас болуп Кыргыздын салтын унутуп болбойт дегенди токтоткула бул журушто жакында капырлага окшоп баланы эмгизбей жалгыз комнатага жаткызып койбогула,балдардын козунчо жарым жыланач журуп Уулгайган адамдар мындай десе болбойт уят Бешик жакшы нерсе
+5
Kroxa
2016-02-09 01:11:24
Жети жууркан жаап деген биз жакта жок...Ар жердин салаты Ар башка...
0
anykids
2016-02-09 07:04:40
Бешик жакшы нерсе,ата бабаларыбыз акылдуу болгон экен ошондо эле ,тан калам бешикти коруп ойлоп тапкандарын,а памперс тез тез алмаштырсан деле кочугу быштакка окшоп аба кирбей тердеп кетет,багын эки жагына улум улам кынтайтып койсо жалпак болбойт
+1
isa-80-80
2016-02-09 07:38:39
Бешике эзелтен жатып келгенбиз дагы да жата беребиз.Пайдалуу жактары абдан коп. Бирок, сактык чараларын угуп койсок ашыкча болбойт.
0
Inna_91
2016-02-09 15:12:59
Бизди да кудай небереге жеткизсе бешик которуп баоабызда инша аллах оомин
0
Aibekaiym
2016-02-09 23:31:44
Ушул бешиктен эле Балбандар,баатырлар оскон!Азыркы тапта кызымды бешике болойм таза тынч уктайт бешиксиз уктабайт конок барганда дайым бешикти жаныбызга алып журобуз!Бешик эн пайдалуу)))
+1
AIZAD
2016-02-10 02:19:31
Мен эки кызымды тен бешике бологом. Москвага чейин ала келгембиз. Буайым Ж. эжебиздин айткандарына кошулбайм! Кыздарымдын башы жалпак дагы болгон жок. Жалпак баш бешике жаткандан эмес. Бул менин жеке ойум жана таджрыйбам.
+1
timameka
2016-02-10 20:24:06
медиктер гелжирей беришпейби андай болсо кыргыздар кырылып калмакбыз
0
Gulnura-94
2016-02-12 12:55:35
Биздин кыркыбыз чыккандан кийин эле бешик алдык. Кафеден теардын кыздары сонун аткарышып чон апа тайенелери салышты. Элдер ушундай каада салттарды ушинтип корсотушубуз керек деп колдошту.
Мен электроннуй качелеге багып кыйналып эле журдум анан бешикке салып баламда озумда жыргап эле калдым.
0
zarlyk2211
2016-02-13 04:09:16
Медицинанын айтканы деле туура бешиктин зыян жактары бар. Бирок пайдасы кобуроок
0
neizvesnyi
2016-02-14 01:03:53
Жакшы кенеш экен. Кийинчерек уйлонуп балалуу болсом бешике болотпойм.
0
admin_superstan
2016-02-15 11:29:30
Gulya141091,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан