НАЗМИ МЮЗИКЛДЕ РОЛЬ АТКАРАТ

Ырчы Назми көптөн берки кыялын ишке ашырганы турат. Дегенибиз, ырчы жакында режиссёр Ырыс Окенова коё турган «Гүл-гүл эжей» деген мюзиклде роль аткарарын кабарлады. Мюзиклде алгачкы жолу роль аткарып жаткан Назми: «Мюзиклде ырчы ырдап, бийлеп, роль аткарып өзүн бүт тараптан сынап көрсө болот. Мен да учурда сценарий жаттап жатам. Албетте, мурун мюзиклде ойноп көрбөгөнгө кандай болуп калат деп кабатыр болот экенсиӊ. Бирок бул тапшырманы татыктуу аткарам деп ойлойм. Мюзиклге 22дей артист катышат, алардын 12си ырчылар. Аткарылган бардык музыкалык чыгармаларды композитор Азат Дөөткулов иштеп чыкты. Мени менен бирге Гүлнара Кахарова, Гүлжигит Калыков, Курал Чокоев, Кенже Көбөкова, Сайра Момунбаева, Минюра Рахимжанова жана башкалар да роль аткарышат»,- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aikol87
2016-02-08 10:45:17
Назми эжебиз жагатта жакшынакай болуп кетти.Жеткиликтуу аткарасыз деген умуттомун,ийгилик.
+1
Mediziner
2016-02-08 18:39:39
Колуңуздан келүүсүнө ишенсеңиз эле, ар тараптан өзүңүздү сынап көрө бериңиз. Ийгилик!
+1
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан