КАЙРАТ НУРТАС ДЕПУТАТ БОЛСО ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАШТАЙТ

Казактардын мега жылдызы Кайрат Нуртас Казакстандын «Нур Отан» бийликчил партиясынын атынан депутаттыкка талапкерлигин коюуда. Ырчынын бул кадамын айрымдар: «АКШнын мурунку президенти Рональд Рейган актёр болгон. Кайрат АКШга барып президенттикке талапкерлигин койсун, аларда ырчы президент жок»,- деп какшыктап чыгышты.
Ал эми Кайрат өзү бул тууралуу: «Саясатчынын негизги кызматы – эл менен тыгыз байланышта болуу. Мен бул кызматты ырчылык өнөрүм менен кошо 10 жылдан бери аркалап келем. Менимче, партияга ырчы, актёрлор жетишпейт. Анткени искусство адамдары аймактарда гастролдоп көп жүрүшөт, ал жактагы калктын жашоосун жакшы түшүнүшөт»,- дейт. Кошумчалай кетсек, Кайрат Нуртас партияда 82-катарда болсо, анын сахналаш кесиптеши, «Түрквизион» сынагынын жеӊүүчүсү Жанар Дугалова 30-катарда турат. Ырчы партиянын жыйынында эгер эл ишенимине ээ болуп депутат болуп калса, ырчылыкты таштай тургандыгын айткан.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
aikol87
2016-02-08 11:14:43
Кой а.....
0
zara-919
2016-02-08 12:19:34
жарым жыл отпой кайра келет "шашылыпмын же ал тармак мен учун эмес "-экен демиш болуп..
+5
secretik
2016-02-08 13:05:34
Janyp turgan jyldyzy da ochor ubagy keldi okshoit. Nan taap jesh kerek da myndan ary jashoosuna.Yrchy degen naam mn kalsa bolmok.
+1
tilek-x
2016-02-08 13:26:19
колундан келсе кетменинди учур её!!!
+5
aizada15
2016-02-08 15:10:26
жон эле ырдап журо бербейби деймин да, эмне жетпей жатат экен.
+1
like
2016-02-08 15:47:31
ырдап эле журсо болмок
+1
Medina..
2016-02-08 16:11:49
Ырдап эле журо берсе болмок.
+1
MuslimNur95
2016-02-08 17:20:12
Ozu bilet da silerge emne ushunday ele keneshier dayar da e. Kayrat go up
+1
Mediziner
2016-02-08 18:18:54
Ырчы менен саясатчыны бир тегиздикте карагым келбей турат. Экөөнүн жолу эки башка.
Депутат болуп алуусу да мүмкүн. Бирок муну "честный" болду деп эсептебейм. Себеби ал депутаттыкка, ырчылык аркылуу жетишкен атактуулугунун жардамы менен отурушу мүмкүн. Саясат өкүлү болуу үчүн да оңбогондой жолдорду басып өтүү керек, элге белгилүү эле эмес, закондорду мыкты өздөштүргөн адам болуу керек.
Сахнада бийлеп, ырдап жүргөн адамды, олуттуу жүз менен кабыл алуу элге да кыйынга турат..
+14
Musulmanka.
2016-02-08 22:54:59
Аллахым насип кылсын!
+3
suigonu.
2016-02-09 16:53:12
ийгилик тилеги орундалсын.. бизде деле Ибрагим Жунусов байкебиз иштеп кеттиго менин жеке оюмда башка депутаттар которбогон койгойлорду айтып журуп ишке ашырганын коргом..
+3
begai93
2016-02-10 20:06:53
Иийгилик!!!
0
Kunbeken
2016-02-11 17:06:47
Аззаматсын, бирок ырчылыкты да кошо алып кетсен жакшы болмок
0
Alinur
2016-02-13 03:35:49
Ырдап эле журсо болмок! Мумкун озуно ишенип жаткандыр.
0
karona
2016-02-13 19:49:32
Кайраттын билими жетишпейт орусча билбейт кантип депутат болот?Акчанын кучу менен заман кайда баратат???
0
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан