Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райгүл Деркенбаева: “ЭСТЕБЕС МЕНИ ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ КЕЗИНДЕ СҮЙҮП КАЛГАН”

Атактуулар арзуусу

Төкмө акын, ырчы, сөзмөр Эстебес Турсуналиевди жакындан тааныгандар анын жубайына болгон сүйүүсүн узун жомок кылып айтып жүрүшөт. Ошондон улам Райгүл Деркенбаеваны Эстебес ага менен болгон сүйүү дастанын айтып берсе деп издедик. Ал төкмөнүн кан досу Талгарбек аганын байбичеси Сукен эжени карап ооруканада экен.

“ЖЕҢЕНИН РОЛУН ШЕКЕРБЕК БАЙКЕ АТКАРГАН”
– Мен өзүм Жумгалдан болом. Ыр-бийге шыктуу жаштардын арасында 1958-59-жылдары республикалык фестиваль болуп калды. Ырга шыктуу жаным ошол фестивалга катышып, лауреат болдум. Анан Маданият министри мени филармонияга чакыртып алды. Келсем Эстебес баштаган фольклордук топ Алматыга гастролдоп баратыптыр. “Ушул кызды да кошуп алалы” деп беш-алты ыр ырдатып көрүштү. Күбүр-шыбыр эле болуп жатышкан, акыры жактырышты окшойт, мени да алып жөнөштү. Кыздардан мен, анан Бүбүсара Бейшеналиеванын эжеси Сакен Бейшеналиева экөөбүз болчубуз.
Ал убакта артисттер гастролго төбөсү ачык жүк ташуучу машина менен барышчу. Машинанын бортунун эки капталына узун отургуч коёбуз да, кыркалекей тизилип отурабыз. Биринчи күнү эле жанымдан Шекербек Шеркулов чыкпай калды. Бул эмне жактырып калдыбы дейин десем, ал мага чыныгы агамдай мамиле жасайт. Бош убактыбызда “жүрү карындашым, сени киного алып барам, балмуздак сатып берем” деп ээрчитип алат. А Эстебес мени карап да койбойт. Көрсө, Шекербек байке жеңенин ролун аткарып жатыптыр. Эстебес мени бир көргөндө эле жактырып калыптыр. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы болгондуктан даап сөз айта албай, мени Шекербек байкеге кайтартып койгон экен.

“ЖИНИ КЕЛИП ТУРА КАЛАТ ДЕСЕҢ...”
– Бара-бара артисттердин жашоосуна көнүп кеттим. Жаныма бирөө отуруп же мени менен сүйлөшүп калса Эстебес жинденип, отурган жеринен тура калат десең. Ачыгын айтып сүйөм-күйөм деп койсо да, ии, кызганып жатыптыр деп каласың да.
Кочкорго концерт коюп бардык. Ошондо сүйүүсүн билдирди. Мындайды күтпөгөн мен коюңуз, сиздин үй-бүлөңүз бар эмеспи, бузбайм деп так секирдим. Кайсы жерге концерт менен барбайлы сыйлап, мага көңүл бөлө баштады. Анда деле моюн сунбай жаттым.
Бир жолу филармонияга концерт берип калдык. Анда азыркы “Туңгуч” театры турган имарат филармония болчу. Концертке Эстебестин энеси аялы менен келиптир. Эстебес жалгыз бала болчу да. Ошондо Эстебестин апасы “жалгыздын жары болчу жаркылдаган кыз экен” деп мени жактырып калат. Кийин билсем Эстебестин аялы аябай жоош, көп нерсе менен иши жок келин экен. Ошондон улам кайненем мени Эстебеске ылайыктап көрүптүр.

“БАЙКЕМ КАРШЫ ЧЫГА АЛГАН ЖОК”
– Эстебес өзү эле аракет кыла берсе, балким, турмуш жолубуз кайчылаш болуп калар беле, ким билет? Анын үстүнө билесиңер, Эстебестин мурду барбайган чоң эмес беле? Талантын билбеген кыз сөзсүз "кандай өңү серт неме?" деп качмак. Эстебес экөөбүздүн түтүн булатышыбызга кайненем чоң себепчи болду.
Мен анда байкемдикинде турчумун. Мага айтпай Эстебес апасы экөө барып байкем менен сүйлөшөт. Мен күйөөгө тийбейм, окуйм деп болбойм. Ал кезде Эстебестин “Кыз-жигит” деген ыры укмуш белгилүү болуп, аны жаш-кары дебей бүт таанып калган. Байкем ошондон улам болсо керек, Эстебестен баш тарта алган жок. Менин күйөөгө тийбейм, окуйм деп чоёктогонумдан улам "эмне болуп кетет?" дедиби, айылдан апамды алдырып кайтартып койду. Апам мени менен чогуу окууга барат, сыртка чыксам сыртка, үйгө кирсем үйгө кирет.
Анан Эстебес аялы менен ажыраша электе эле эки чемодан кийимин алып, үстүмө кирип алды. Ошентип, экөөбүз байкемдин времянкасында жашап калдык. Кайненемдикине барарда Эстебес узун тырмактарымды алдыртып, кыска юбкаларымды сандыкка салдыртып койду.

“АРДАК ТАКТАДАМЫН”
– Үйлөнгөнгө чейин мен ырдап эле койбостон, гастролдоп жүргөндө интермедияларга да катышчу элем. “Башкарма” деген интермедиябызда башкарманын көпкөн аялынын ролун аткарчумун. Кайын журтум, таластыктар менин ошол ролумду жакшы эстеп калышыптыр. Келин болгондо “Эстебес балпайган сонун келинин кетирип, кыска көйнөк кийген, тамеки тарткан баягы бузулган кызды алыптыр” деген сөз көпчүлүктүн арасына чагылгандай тарады. Эл мени интермедиядагы келин деп кабыл алышкан да.
Кайненем абдан кыйын аял эле. Туугандардын мени эмне деп кеп кыларын алдын ала эле сезген окшойт. “Таласка барганда көп деле оокат кылба. Сырттан кирген адамга эгер мен көзүмдү сүзсөм жүгүн, сүзбөсөм жүгүнбө. Сенин жумушуң мен сыртка чыгарда кепичимди, анан даарат алганга жылуу суу даярдап берүү” деди. Ошентип, кайненемдин айтуусу боюнча кээде жүгүнөм, кээде жүгүнбөйм. Бизди байкагандар аябай таңданышты. “Келини укмуш жакшы экен. Кайненесинин көзүн карап, сыртка чыгам десе көлөчүнөн бери камдап турат экен” деп мактап эле жатып калышты. Таластыктардын ардак тактасына келин болуп барганда эле ушинтип кайненемдин аркасы менен илингем. Ошондон азыркыга чейин түшө элекмин.

“ТААРЫНЫШСАК КАТ АРКЫЛУУ СҮЙЛӨШЧҮБҮЗ”
– Эстебес өмүрү катуу айтпаган, жини келсе да сөгүнбөгөн адам эле. Таарынышып кеткенде сүйлөшпөй калчубуз. Аябай керек болгондо бири-бирибизге кат менен кайрылчубуз. Көп убакыт таарынышып баратсак, мага айтпай туруп үйгө конок ээрчитип келчү. Конокторду көргөн мен уялганымдан айтып койбойт белең деп талпактап дүкөнгө чуркап, ошонун артынан сүйлөшүп кетчүбүз.
Бир жолу Алтай Республикасына барып калдык. Кафесине кирсек, эмнегедир тамагынын баары чочконун эти менен чөп-чардан жасалган экен. Же биз жалаң чочконун эти даярдалчу кафеге кирип алганбызбы, билбейм. Ал кафеден эч нерседен ооз тийген жокмун. Эртеси туулган күнүм болуп калды. Эстебес туулган күнүмдүн урматына атайын бир кой сатып алып, эки тоонун ортосуна боз үй тиктирди. Анан “кемпирим кечээ тамак жеген жок. Бүгүн туулган күнү...” деп койду өзү союп, өзү бышырып берген.

“ТАППАЙ КАЛГАНЫМА БЕШ ЖЫЛ БОЛДУ“
– 2005-жылдын 10-октябры. Филармонияда саат үчкө чейин иштедик. Мен иштер менен бир жакка тийип, анан үйгө бармай болдум. Иштеримди бүтүрүп коюп келсем, жаңы эле тамак ичкени жатышыптыр. Эстебес этти укмуш туурачу. Эт жеп болгондон кийин өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетип бирдеме жазып отурган. Мен тамашалап балык тазаласаң күнөөң азаят экен деп каткырып жаткам. Бир убакта эле боюн таштап, үстөлгө шылкыйып отуруп калды. Эмне болду десем, “демим кысылып жатат” деди. Баарыбыз чурулдап эле “Тез жардам” чакырып калдык. Дарыгерлер 10 мүнөттүн ичинде жетип келишти. Бирөөсү укол сайып жатып эле “жашоосу токтоп калыптыр” деди. Эмне болгонун түшүнүп-түшүнө элегимде таластыктар кирип калышты. Дарыгердин эмне укол сайганын көрөлү деп бөтөлкөсүн издеп таппай койдук. Кээде отуруп туура эмес дары сайып алышкан жокпу деп ойлонуп кетем. Ошентип, кыраанымдан айрылдым. Эстекемдин караанын таппай калганыма беш жылдын жүзү болду.

“БАЛДАРЫ ЫРГА ЖАКЫН”
– Эстебес экөөбүздүн бирге сүргөн өмүрүбүз ысык болду. Күнүмдүк майда-чүйдөнү эске албаганда катуу урушуп, бири-бирибиздин көңүлүбүздү ооруткан жокпуз. Менинби же балдарынынбы, кыскасы, кимдин туулган күнү болсо, унутпай сөзсүз роза алып келчү. Көрүшпөй калсак сагынып-кусаланып кетчүбүз. Мына ушундай ыйык мамиле бизге алты уул, эки кыз тартуулады. Азыр 14 небере, 3 чөбөрө бар.
Балдарынын ичинен төкмө акын чыкпаганы менен ырга шыктуулары көп. Мисалы, Насбек деген балабыз композитор. Медер деген неберебиз аранжировкачы. Неберем Төлөн “МКД” тобунун ырчысы. Кызымдын кызы Адилет юридикалык факультетте окуп, кечкисин ресторанда ырдайт.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан