БАӉГИЗАТ ҮЧҮН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ЖЕ МАЛАЙЗИЯДА XXI КЫЛЫМДЫН ЧУМАСЫ МЕНЕН КАНДАЙЧА КҮРӨШӨТ?

– 2016-жылы «Ажал сепкен апийим» аттуу китебимди араб тилинде кайра чыгарайын деген ниеттемин. Китеп 15 жыл мурун чыгып, анда дүйнөнүн 5 континентиндеги 45 мамлекеттен чогултулган баӊгиликке каршы иш-аракеттердин оӊ натыйжалары баяндалган. Мааракелик чыгарылышты болсо Малайзия, Сауд Арабиясы, Катар, Марокко жана Алжир сыяктуу мусулман өлкөлөрү жөнүндөгү бөлүмдөр менен толуктасам деп турам.
Биринчи кезекте эле Малайзияда изилдөө иш жүргүзүү үчүн түштүк-чыгыш Азияга бардым. Малайзия – конституциялык монархияга негизделген федеративдик мамлекет. Өлкө башында падыша турат. 30 миллион калкынын 55 – мусулман, болжол менен 30 – буддисттер, 10 – христиандар, ал эми 6 – индуисттер түзөт.
Изилдөө иш максатына ылайык, Малайзиянын ар кыл адамдары менен маек курдум. Алардын арасында падышалыктын ички иштер министринин орун басары Нур Жазлан Мохамед, падышалык полициянын баӊгизат кылмыштары бөлүмүнүн директорунун ассистенти мадам Хафиса Бинти Адам, баӊгизаттардын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү агенттигинин (NADA) башкы директору Сухами Бин Абдулла, реабилитациялык ири клиниканын негиздөөчүсү Мод Юнус Пати сыяктуу чоӊ мансаптагы чиновниктер да, баӊгилик менен ооругандар жана Куала-Лумпурдун катардагы тургундары да болду.
Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын элчиси Кылычбек Султановдун айрым жолугушууларды уюштуруудагы бизге көрсөткөн жардамын айрыкча белгилегим келет. К.Султанов изилдөө ишиме өтө кызыккандыгын көрсөтүп, элчиликке чакырды. Даамдуу боорсоктор менен чай ичип, конок китебине ыраазычылык-каалоолорумду калтырып, ошондой эле Кыргызстанда окуучулар арасында өткөн «Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм» темасындагы дилбаяндар сынагынын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземине да катыштым.
Баӊгизаттар Малайзияга «алтын үч бурчтук» катары белгилүү Таиланд, Мьянма жана Лаос өлкөлөрүнөн барат. Бирок негизги баӊгизат ташуучулары – Нигерия менен Иран. Көпчүлүк бөлүгү жашыруун түрдө, транзиттик жүктөр аркылуу алынып өтөт, себеби Малайзиянын бажы кызматы мындай жүктөрдү ачып караганга укугу жок. Албетте, баӊгизаттар мамлекетте калып, калган жүктөр барар жерине жөнөтүлөт.
Бул этапта бажы, миграциялык кызмат, полиция департаменти менен баӊгизат көзөмөлү боюнча улуттук агенттиктен турган төрт ведомство ишке киришет. Тыюу салынган заттардын таралышына каршы аракет көрсөтүү тармагында 16 миӊ киши иштейт. STING (аббревиатура англис тилинде «найза» дегенди билдирет) тандалма кичи департаменти эӊ таасирдүү бөлүк болуп эсептелет. Баӊгизат департаменти ай сайын 40 баӊги ишкери менен аны колдонгон 500гө жакын кишини кармайт. Өз кезегинде STING дагы жүздөгөн килограмм баӊгизатты колго түшүрөт.
Малайзиянын күч ведомстволорунун айлыгын билдим. Мисалга, падышалык полициянын катардагы кызматкери айына – 500 доллар, лейтенанты – 1000, майору – 2000, ал эми жогорку звеносу – 4000 доллар алат. Буга үч ай сайын бериле турган сыйакыны кошуӊуз. Мамлекет полициянын кызматкерлерин акысыз турак жай, кызмат унаасы, кээ бир учурда үй кызматчылары менен да камсыз кылат. Жылына мамлекет тарабынан баӊгизатка каршы күрөшкө 50 миллион долларга чейин каражат сарпталат.
Баӊгитрафикке каршы аракеттен башка дагы олуттуу маселеге жашыруун даярдалган синтетикалык баӊгизаттар – кристаллдар, метамфетаминдер, экстази жана чегүүчү аралашмалар кирет. Баӊгизат жасап чыгарган лабораториялар жайгашкан жерин тез-тез алмаштырып турушат. Күч структуралары акыркы үч жылда мындай кустардык өндүрүштүн 30ун аныктап чыгарды. Ошентсе да жыл сайын синтетикалык баӊгизат өндүрүшү 10 пайызга өсө турганы катталган.
Өлкөдөгү баӊгилердин санынын эӊ көбү 25тен 29 жашка чейинкилерге туура келет. Баӊгизаттар салыштырмалуу арзан турат: мисалы, 1 грамм кокаинди 1300, героинди 350 ринггитке сатып алса болот. Бирок метамфетамин, героин, марихуана менен экстазиге айрыкча суроо-талап чоӊ. Мен таӊкы саат төрттө так Куала-Лумпурдун борборунда (эгиз мунаранын жанында) кара куурай түтөткөн балдар менен тааныштым, алардын бул маселеге карата көз карашын сурап-билдим. Мен үчүн расмий көз караш гана эмес, жөнөкөй жарандардын пикирин билүү да өтө маанилүү эле.
Алардын сөзү боюнча, баӊгизат – жергиликтүү бай жаштардын эӊ жакшы көргөн эрмеги. Аларды клубдарда колдонушат. Малайзияда баӊгизат соодасынын өркүндөшүнө коррупциянын өзгөчө салымы чоӊ. «Анын үстүнө 10-15 жыл мурун баӊги бизнес менен иштегендер бүгүнкү күндө – кадырлуу ишкер же чиновник болушкан. Бул себептен полиция менен бийликте мыйзамсыз бизнести жашырган адамдар бар»,- дешти Куала-Лумпурдун көчөсүндө биз менен маек курган жаштар.
Малайзияда баӊги соодасы менен кармалгандардын жогорку жазасы болуп дарга асуу эсептелет. Муну 1 килограмм марихуана же 100 грамм оор баӊгизат менен кармалгандарга карата колдонушат. Катардагы баӊгизат колдонуучу мынчалык көп өлчөмдү алып жүрбөйт, андыктан аларга өлүм жазасы да колдонулбайт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нур Жазлан: «Өзү аз сандагы эл болсок, баӊгизаттын айынан элибиздин санын азайтып алгыбыз келбейт»,- деп жооп берди.
«Мусулман өлкө болгонубуз өтө маанилүү, муну менен катуу чара колдонгонубуз акталат. Баӊгикурьерлерди жазалоо маселелери, анын ичинен өлүм жазасын белгилөө же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу – сот тарабынан аныкталып, чечилет»,- деп белгиледи.
«Мен бул тутумда дээрлик 33 жыл эмгектендим. Биздин өлкө баӊги соодасы менен өлүм жазасына тартылууну кадыресе кабыл алышат. Бул натыйжалуу жаза өлчөмү болуп эсептелет»,- деди баӊгизат кылмыштары бөлүмүнүн директорунун ассистенти мадам Хафиса Бинти Адам.
Ал эми «Пенгаси» реабилитациялык клиникасынын негиздөөчүсү Мод Юнус Патинин көз карашы башкалардан айырмаланат. «Мен үчүн бул өтө катаал жаза... (өзүнүн терс көз карашта экенин баш чайкап көрсөтүп) Аракет жумшоо менен адамды тарбиялоого болот. Себеби адам ката кетирүүгө укуктуу. Биз адамды өзгөртүүгө болоруна ишенебиз!» Мод Юнус Патинин айтымында, клиниканын башкы милдети – оорулууга анын канчалык жакшы инсан боло ала турганын жана башкаларга жардам бере ала турганын жеткирүү болуп саналат.
Жалпысынан алганда, Малайзиянын расмий өкүлдөрүнүн баӊгизат маселесин ачык сүйлөшүп талкуулаганга даярдыгы менен ачыктыгы мени таӊ калтырды. Ошондой эле ар кыл деӊгээлдеги бийлик өкүлдөрүнүн жагымдуу кабыл алганы көӊүл жылытты. Малайзиянын баӊгизатка каршы күрөшүү агенттиги (NADA) ишмердигимди жогору баалап, ал эми падышалык полиция «Малайзиянын падышалык полициясынан эӊ мыкты тилектер менен» деген мекеменин символикасы чегерилген медаль тартуулашты.
Малайзиядагы баӊгизат жана баӊгилик жөнүндө кеӊирирээк 2016-жылдын аяк ченинде чыга турган китебимдин өзүнчө бир бөлүмүндө кеп кылам.
Сапарыбызды колдогон «Мол Булак» финансы компаниясынын башчысы Бабур Төлбаев менен КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов мырзага «Ажал сепкен апийим» аттуу китебимдин кайра чыгарылышына байланыштуу изилдөө иштерин жүргүзгөнгө жардам бергендери үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.

«Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов мырзага «Ажал сепкен апийим» аттуу китебимдин кайра чыгарылышына байланыштуу изилдөө иштерин жүргүзгөнгө жардам бергени үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем».

«Малайзиянын ички иштер министринин орун басары Нур Жазлан менен».

«Малайзиянын баӊгизатка каршы күрөшүү агенттиги мекеменин символикасы чегерилген медаль тартуулашты».

Профессор Ж.Б.Назаралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ZANIA-92
2016-02-09 02:17:42
Ийгилик сизге Назарбаев!
0
danik0101
2016-02-09 20:52:50
Жанагы мен президент болсом ар бир уй булого 100 мин сомдон берем деген докторбу?
0
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан