Учурда АКШда жашап жаткан кыргызстандык мыкты пианист, музыкант Азамат Сыдыковдун Нью-Йорк шаарынын көчөлөрүндө «Маш ботой» күүсүн фортепианодо ойноп тарткан клибин дүйнө жүзү боюнча 100 миӊден ашуун адам көрүп, кыргыз классикасы үчүн чоӊ жетишкендик болду. 15 жылдан бери дүйнөнү түрө кыдырып өз өнөрүн тартуулаган, Карнеги-холл сахнасына чыккан алгачкы мекендешибиз менен бул маекти мен жарым жылдан ашык күттүм. Журналисттер атактуу адамдардын «каприздерине» көнүп деле калышат. Азамат мырзанын да «жылдыздарга» тиешелүү көнүмүш кылыктарына даяр болчумун. Бирок кубандырганы Азамат Сыдыков кичи пейил жана жоопкерчиликтүү болуп чыкты.
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 3-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – 1993-2000-жылдары М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте, 2000-2004-жылдары Москвадагы борбордук музыкалык мектепте, 2004-2009-жылдары Москвадагы П.И.Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияда (бакалавр), 2009-2012-жылдары ошол эле консерваторияда (аспирантура), 2011-2013-жылдары АКШнын Нью-Йорк шаарындагы атактуу «Mannes School of Music» консерваториясында тажрыйба топтоп, 2013-2015-жылдары ошол окуу жайда (аспирантура) билим алган.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Эл аралык чыгармачылык академиясынын мүчөсү. АКШнын Нью-Йорк шаарында фортепиано студиясы бар жана жеткинчектерге устат болуу менен алек. «Музыка менин жумушум эмес – дем алган абам»,- дейт көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты Азамат.
– Азамат, алгач сиздин үй-бүлөӊүз тууралуу кеп кылбайлыбы?
– Үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Апам Алымкан Сыдыкова 30 жыл Б.Бейшеналиева атындагы институтта мугалимдик кызматты аркалаган. Анын 15 жылында институттагы музыкалык факультеттердин биринде декан болгон. Ушундай музыканы сүйгөн үй-бүлөдө өскөм. Апам мени жалгыз өстүрдү, атам менен ушул кезге чейин сүйлөшкөн эмесмин. Бирок атам деле кыргыз элине көрүнүктүү музыканттардын бири.
– Жалгыз уул болсоӊуз, эркелик жагыӊыз да бардыр?
– Менин балалыгым, өспүрүм курагым институттун жатаканасында өттү. Бирок башкалардан айырмаланып мен күнүнө 4 сааттан ашык музыка менен алектенчүмүн. Бир аз шоктугум бар эле. Эсимде, апам фортепиано мугалимим Светлана Александровнага алып барганда эжейдин эси ооп кала жаздаган. Мен дароо роялдын үстүнө чыга калып ызы-чуу салдым эле «бул баланы окута албайм» деп чыккан. Апам аябай суранып жатып араӊ көндүргөн болчу.
– Демек, жүрөгүӊүзгө музыкага болгон сүйүүнү уюткан ушул эки аял тура?
– Кызыгы мени музыкалык мектепте окутуу апамдын оюна да келбептир, катардагы эле мектепке математика сабагына ыктап окуткан класска бармакмын. Бирок биз турган жатаканада жалаӊ чыгармачыл инсандар жашашчу. Адатымча бир күнү коридордо ырдап жатканымды кошуна жашаган кыл кыякчы эже көрүп калып, апама «Азаматты музыкалык мектепке бер» деген экен.
– Эмнеге ушунча музыкалык аспаптардан апаӊыз сизди фортепианого алып келген экен?
– Бул дагы өзүнчө бир окуя. Кыл кыякчы кошунабыздын кеӊеши менен апам алгач мени кыл кыяк боюнча класска алып барган. Ал жердеги агай менин жөндөмдүүлүгүмдү текшерүү үчүн колума өзүнүн аспабын берип, апам менен сабактар тууралуу сүйлөшкүчө кыл кыякты чукулап бузуп койгонго жетишкем. Аны көргөн агай мени классына алмак беле (күлүп). Ошентип фортепиано менен табышып калгам.
– Азыркы жетишкендиктердин учу кайда жатат? Баары эмнеден башталганын эскериӊизчи...
– Чынында, бардык ийгиликтериме апам менен алгачкы музыка мугалимим себепкер. Эжейимди бекеринен экинчи апам дебесем керек. 4-5-класска чейин апам экөө артымдан кууп жүрүп окутушту. Аларсыз азыркы ийгиликтеримдин бири да болмок эмес. Сынактарга катышып жүрүп чыдамкайлыкка, максатым үчүн күрөшүүгө көндүм. Анын үстүнө 14 жашымда Москвага окууга баргандан тарта жалгыз жашап, бир топ такшалдым.
– «Чыгармачыл адамдар көбүнчө түнт болот» дешет. Сиз, тескерисинче, аябай ачык-айрым экенсиз. Деги эле Азаматтын мүнөзү, кызыкчылыктары,
күн тартиби тууралуу уккум келип турат...
– Балалыгымдан бир ордумда тура албаган мүнөзүм бар. Түн бир оокумга чейин футбол же баскетбол ойноп жүрө берчүмүн. Москвада окуп жүргөндө музыкалык сабактарды калтырсаӊ унчугушчу эмес, ал эми дене тарбия сабагын калтырсаӊ окуудан айдап салышчу. Ошондуктан спортко жакын болуп калгам.
Учурда АКШнын Нью-Йорк шаарында жашайм. Эртеӊ менен саат 8де көзүм ачылары менен досторум белекке берген роялга отурам. Анан окуучуларыма сабак бергени жөнөйм. Кошумча «Маннэс», «Бруклин консерваториясы» аттуу АКШнын ири опера студияларында ырчыларга рояль ойноп берем. Жумуштан кийин досторум менен жолугушам, театрларга барабыз, маданият жаатындагы жаӊылыктарды талкуулайбыз. Кыскасы ушундай.
– Сизди көпчүлүк «мекенибиздин сыймыгы» деп макташат. Ошол учурда ичиӊизде кандай сезимдер болот?
– Мени мактаган учурларда уялып кетем. Көп адамдар мени «өзүӊдү баалабайсыӊ» деп урушуп калышат. Бирок мактоолорго башым айланып калбай, алдыга карай умтула берем. Мен катардагы кыргыз уулу, эӊ жөнөкөй үй-бүлөдө өстүм, бирок жашоомдо чоӊ жылыш жасай алдым. Мени адамдар мактап гана тим болбой, жөнөкөй үй-бүлөнүн балдары да дүйнөнү багындыра алат деп максаттарга жетүүдө мисал катары коюшса дейм.
– Кыргызстандагы мугалимиӊиз тууралуу айттыӊыз, ал эми Москвада сизге ким көмөк көрсөттү?
– СССРдин Эл артисти, пианист Николай Петров. Бул адамдын колунан сабак алышымды тагдырымдын эӊ чоӊ белеги катары билем. Мага ал атамдай мамиле жасачу. Жадакалса жатаканага чейин «курсагыӊды тойгуз» деп тамак-аш алып келип берген күндөрү болгон. Мен катышкан сынактардын чыгымын өзү төлөп берчү, ишенесизби? Бир жолу консерваториянын чоӊ залында берген жеке концертинен түшкөн каражатты «Испанияга барып билим алып кел» деп колума карматып койгон. Мына ушундай алтын адам болчу. Тилекке каршы, мен Америкага кеткенден кийин 2 айдан соӊ устатым дүйнө салды, аны менен коштошо албай калганыма аябай капамын.
– Сиздин «Маш ботой» күүсүн фортепианодо ойноп, Нью-Йорктун көчөлөрүндө тарткан клибиӊиз кыргыз элине ушунчалык жагымдуу болду. Бул идея кимге таандык?
– Билсеӊиздер керек, жеке концерттеримде сөзсүз кыргыздын классикалык чыгармаларын фортепианодо ойнойм. Көптөн бери ушундай клип тарткым келип жүргөнүн
тааныш режиссёрлорго, сүрөтчүлөргө айттым эле, алар дароо клипти өз колуна алышты. Бул башталышы гана, буюрса, кыргыз элимди мындан да сонун видеоклиптер менен кубантам.
– Сиздин атагыӊызды алыстан гана уккан мекендештериӊиз үчүн Кыргызстанга келип концерт берүү оюӊузда барбы?
– Албетте бар. Мекениме дүйнөнүн атактуу музыканттарын алып барып, кыргыз музыкасын дүйнөгө таанытам, буюрса.
– Маегиӊизге ыраазычылык. Тилектериӊизге жетиӊиз.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg