ИЗДЕЙМ СЕНИ

«КУРБУМ, КАЙДАСЫӉ?»
– 1991-жылы 23-мартта туулган курбу кызым Гүлсара Мамасалы кызын издейм. Ал экөөбүз 2 жыл жатаканада чогуу жашаганбыз. Гүлсара, эгер окуп калсаӊ байланыш, сени аябай сагындым. Курбуӊ Нургүл Калыкова.

Тел.: +8613262270952 (whatsapp)

«ЖАЛАЛ-АБАДДЫК ЖЕӉИШ, СЕНИН 4 ЖАШТАГЫ КЫЗЫӉ БАР»
– Саламатсыздарбы, гезиттин жалпы жамааты? Мен бирөөгө жардам берип коёюн деп ушул катты жазып жатам. Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кинотеатрдын артында жайгашкан 3-көчө, 3-үйдүн тургуну, Зейнеп эженин баласы Жеӊишти издейм. Үйүнө да кабар бергенбиз, балким, кабар жетпеген чыгар. Жеӊиштин азыр 4 жаштагы кызы бар. Кызы төрөлгөндөн бери аны издеп келишет. Ал Москвада болушу мүмкүн, окуп калса ушул номерге чалсын:

Тел.: +79258209115, mamaevagulsara@mail.ru

«ТАЙПАЛАШЫМ БҮҮЗАПАРДЫ ИЗДЕЙМ»
– 2004-2007-жылдары Ош шаарындагы ОГПИде бирге окуган тайпалашым Бүүзапар (Бүүзейнеп деп да койчубуз) Курбанованы издейм. Эгер окуп калсаӊ байланыш.

Алтынбек Рахманалиев,
тел.: +77055342503,
altun-minfin@mail.ru

«КЛАССТАШ КУРБУМ, КАЙДАСЫӉ?»
– 1976-1978-жылдары Нарын шаарындагы Ленин атындагы (азыркы Эсенгул Ибраев) орто мектебин бирге аяктаган классташым жана курбу кызым Нуржан Сарыгулованы издейм. Ал 1960-жылы туулган. Мектепти бүткөндөн бери бир да жолу көрө элекмин. Азыр кайда экенин билсем катташып, достугубузду уласак деген оюм бар. Нуржан, окуп калсаӊ байланыш.

Турдукан Асаналиева,
тел.: 0700030760, 0(3522)58142

«ИНИМДИ ИЗДЕЙМ»
– Иним Бөрүбай Ботобековду издейм. Апам Тургун Ураимова 1979-жылдын январь айында Ош облусунун Катта-Талдык совхозундагы Кара-Сөгөт айылында Бөрүбайды төрөп, өзү төрөттөн каза тапкан. Баланы болсо туугандарыбыз Өзбекстандын Андижан облусунда жашаган досторуна берип салышыптыр. Ал жактагы өзбектер Бөрүбайдын атын Жахонгир коюшуптур деп уктук. Атам Абдыкалык Бутабеков азыр 83 жашта. Учурда Оштун Манас айылында иним Заирбек Бутабековдун колунда. «Көзүм өткөнчө уулум Бөрүбайды көрүп калсам» дейт. Урматтуу окурмандар, ушул жарыя боюнча жардам берүүӊүздөрдү өтүнөм, билгендер болсо кабарлап койсоӊуздар.

Айзада Ботобекова,
aiz.aizada73@gmail.com

«КУРБУМ ЧЫНАРКҮЛ, КАЙДАСЫӉ?»
– 1993-жылы Бишкек шаарындагы Политехникалык институттун курулуш инженери факультетинин ПСК-88 тайпасында бирге окуган курбум Жаркынбаева Чынаркүл Маматкалиловнаны издейм. Анын ошол кездеги дареги: Ош облусу, Ноокат району, Айбек участкасы, Ленин көчөсү, үй номери 93 болчу. Биз 5 жыл бою чогуу окуп, чогуу жашаганбыз. Азыр кайда экенин билгим келет.

Ысык-Көлдөн Анара Рысалиева, тел.: 0709983034

«МАЙРАМБЕКТИ ИЗДЕЙБИЗ»
– Биз эски таанышыбыз Майрамбек Талгарбековду издейбиз. Ал 1965-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында туулган. Угушубузга караганда, ошол эле айылда жашайт, бирок бул так эмес маалымат болушу да мүмкүн. Майрамбек, эгер окуп калсаӊ төмөнкү телефонго байланыш. Эски досуӊ,

тел.: 0550706904

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан