Модель Ирина Шейк менен актёр Бредли Купер бир жылга жетпей мамилесине чекит коюшту. Түгөйлөр Бредли Купердин апасынын үйүнө конокко барганда түшүнбөстүктөр болуп, Ирина актёрдун апасы менен уруша кетет. Экөөнү жараштыргандын ордуна Бредлинин апасына болушканы Иринага жакпай, кийимдерин чогултуп кетип калган. Андан көп өтпөй эле Ирина башка модель мырза менен жүргөнүн курбусу айтып чыкты.