ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (8-февралдан 14-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта жагымдуу окуя менен башталып, бактылуу көз ирмемдерге бай болот. Шаршембиде бир аз жалкоолугуӊуз кармайт. Ийгиликке жетем десеӊиз, бул күнкү жумуштарыӊызды кийинкиге калтырбай, жеӊ түрө иштеӊиз. Жыйынтыгы көп өтпөй сизди кубандырат. Дем алыш күндөрү убактыӊыздын көп бөлүгүн сүйүктүүӊүзгө арнап,
көӊүлдүү кеч өткөрүп, келечек тууралуу сүйлөшөсүздөр.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбүдө жеке жашооӊузда жагымдуу окуя орун алып, толкундануу менен күн өткөрөсүз. Апта ортосунда документ иштерин бүткөрүүгө туура келет. Бейшембиде жакын адамыӊыздын кадыр-баркын колдонуп чоӊ ишиӊизди бүткөрүүгө жетишесиз. Жума күнү жол жүрүүдө абайлаӊыз, кырсык тоорушу мүмкүн. Аптанын аягында жеке жашооӊузда жакшы жакка өзгөрүүлөр күтүлүүдө. 

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада жакындарыӊыз сиздин камкордугуӊузга муктаж болушат. Кол сунуп, жардам берүүдөн качпаӊыз. Шаршембиде өтө керектүү буюмуӊузду жоготуп алышыӊыз ыктымал, сак болуӊуз. Жума күнү бирөө жарым сизди бал тилге салып алдап кетиши мүмкүн, эч кимге ишенбеӊиз. Ишембиде жакыныӊыздын үйүндө конокто болуп кайтасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада эмоцияӊызды башкарыӊыз. Анткени шейшембиде жакындарыӊыз менен пикир келишпестик орун алат. Алардын кызыкчылыктарын эске алып, түшүнүүгө аракеттениӊиз. Бейшембиде бирөөгө карыз бербегениӊиз жакшы, кайтарып алуу кыйын болот. Жекшембиде сүйүктүүӊүз өзүнө көбүрөөк көӊүл буруусун талап кылат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө жеке жашооӊузда маселе жаралып, аны менен алпурушуп жүрүп күнүӊүз кантип өткөнүн билбей каласыз. Шаршембиде биринин артынан бири чыккан маселелер сизден активдүүлүктү талап кылат. Жума күнү сүйүктүүӊүз экөөӊүздөрдүн ортоӊуздарда түшүнбөстүк жаралып, бир аз маанайыӊыз түшөт. Ишембиде жактырган буюм сатып алуу менен маанайыӊызды көтөрөсүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада карьера жана бизнестеги көптөн бери чечилбей келген маселе чечилип, тараза ташы сиз тарапка оойт. Бул учурда керсейип бирөөгө катуу айтып алуудан абайлаӊыз. Шаршембиде сүйүктүүӊүз менен сырдашуу маанайыӊызды көтөрөт. Ишембиде сапарга чыгуу күтүлүүдө, чемоданыӊызды камдап даяр болуӊуз. Жекшембиде жаӊы таанышуулар орун алат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башында жаш балдарга көӊүл буруп, аларга кызыктуу баяндарды, жомокторду айтып берип кубантыӊыз. Шейшемби, шаршембиде эс алып, ден соолугуӊузга көӊүл бурасыз. Шектүү ишке аралашпаӊыз, жөн жерден күнөөлөнүп, жаманатты болуп калышыӊыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү жакын санаалаштарыӊыз менен эс алуучу жайга баш багып, чер жазасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада убактыӊыз менен энергияӊызды туура бөлүштүрсөӊүз, бир топ иш бүткөрүүгө жетишесиз. Шейшембиде эски таанышыӊызга жолугуп, жагымдуу кабар угасыз. Бейшембиде жаман маанайга орун жок деген принципти кармансаӊыз, маселенин баарын оӊой эле чечесиз. Дем алыш күндөрү жол жүрүүдө абайлаӊыз, тайгаланып жыгылуу коркунучу бар.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Келбетиӊизге көӊүл буруп, ден соолугуӊузду калыбына келтирүүгө ыӊгайлуу апта. Бейшембидеги жаӊы таанышуу кызыктуу маектешүүгө, жаӊы иш баштоого себепкер болот. Жума күнү достор менен мамиле алдыӊкы планга чыгып, алардын жардамынан пайдаланасыз. Ишембиде туура эмес сүйлөп жакыныӊызды таарынтып алуудан сактаныӊыз. Апта соӊунда дүкөн кыдырып, кыялыӊыздагы буюмду сатып алып сүйүнөсүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада сүйүүдөн жолуӊуз болот. Жан биргеӊиздин өзгөчө көӊүл буруусуна арзыйсыз. Шейшембиде сиз көтөргөн демилге колдоо таап, кесиптештер, туугандар арасында аброюӊуз көтөрүлөт. Аптанын экинчи бөлүгүндө акчаӊыз тартыш болуп, карыз суроого туура келет. Айрымдарынан "жок" сөзүн угуп маанайыӊыз түшөт. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөӊүздүн кашында өткөрөсүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ички туюмуӊузга таянып чечим кабыл алуу жаӊылыш болуп калышы да мүмкүн экенин эске алыӊыз. Шаршембиде дарегиӊизге айтылган сынды туура кабыл алып, чыр чыгарбоону жылдыздар эскертишет. Болбосо жакын адамыӊыз менен болгон мамилеге чоӊ жарака кетиши мүмкүн. Апта аягында кошумча киреше табуу максатында идеяларыӊыздын үстүнөн иштөөгө туура келет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө чачтан көп ишти бүткөрүүгө шайыӊыз келбей, өзүӊүздү оор сезесиз. Капаланбаӊыз, мунун акыбети жума күнү кайтып, жетекчилик тарабынан мактоого алынып, сыйлыкка татыйсыз. Жылдыздар манчыркап кетпөөнү эскертишет. Ишембиде эски досторго жолугуп, чер жазасыз. Жекшембиде үй жумуштарынын көптүгүнөн эс алууга чолоӊуз тийбейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 692, 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан