УРМАТТУУ ОКУРМАН, 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамына карата «Супер-Инфо» гезити жана SUPER.KG порталы кыргыздын «супер келиндерине» сынак жарыялайт. Эгер сиз сиӊдиӊиз, апаӊыз, кызыӊыз, эжеӊиз, балким, кошунаӊыздыр, айтор, келиндик кызматты мыкты өтөгөн жакыныӊызды гезит аркылуу куттуктайм десеӊиз, анда сизге сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ал үчүн «супер келиндин» сүрөтү менен кыскача кызыктуу баянды жазып, бизге жөнөтүӊүз. Сүрөттөр 5-февралдан 25-февралга чейин кабыл алынып, SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлат. Добуш берүү 7-мартта токтотулат. Көп добуш топтогон сүрөт-баяндардын ичинен редакциялык кеӊеш тарабынан жеӊүүчүлөр аныкталат. Жеӊүүчү аталган алдыӊкы бешилтикти өзгөчө белектер күтөт. Андыктан чамдаӊыз!
Сүрөт-баянды 0557 75 63 61 номерине WhatsApp же Viber аркылуу, ошондой эле LIRA@SUPER.KG электрондук дарегине жөнөтсөӊүз же гезиттин кеӊсесине алып келсеӊиз болот.
Эскертүү: Сүрөттөр сапаттуу жана өтө кызыктуу болушу шарт!
Байланыш телефону: 0557 75 63 54