31-январда Мельбурн шаарында Австралиянын теннис боюнча ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Анда кыз-келиндер арасында финалда германиялык Анжелика Кербер дүйнөнүн №1-ракеткасы Серена Уильямсты жеӊип алды.
Ал эми мырзалар арасында финалда сербиялык Новак Жокович британдык Энди Маррейди 3 сетте (6:1, 7:5, 7:6) утуп, жеӊүүчү аталды.