Мода журналынын редактору, «темир айым» Миранда Пристли жана анын жардамчысы Андреа тууралуу тасма эсиӊиздеби? Мода дүйнөсүн чагылдырган бул тасманын күйөрмандары үчүн жакшы жаӊылык бар. Быйыл «Прада кийген азезил» фильминин уландысы жарыкка чыкмакчы. Фильмдин режиссёру Дэвид Фрэнкель да аталган фильмдин уландысын тартуу убактысы келгенин айтат. Тасмада башкы ролдо мурунку эле актриса Мерил Стрип ойноору белгилүү болду. Ал эми журналист болгусу келген Андреанын ролун жараткан Энн Хэтэуэйдин тасмага тартылары белгисиз.
Маалыматка ылайык, актриса бул тасмага сунуш түшө электигин, эгер сунушташса сөзсүз катышарын айткан. Эске салсак, «Прада кийген азезил» тасмасы 2006-жылы тартылып, дароо эле дүйнө жүзүнө популярдуу болуп кеткен.